«Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

Өз MegaCom номуруңузду тандаңыз же жаккан бош номурду брондооңуз

Көңүлүңүзгө жаккан абоненттик номурду тандоо 

0.0дөн 1.0 сомго чейин ар бир сурам үчүн .

Колдонуудагы номурду Сизге жаккан номурга которуу

25.0 сом.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

MegaCom компаниясынын каалаган бош номурун тандап же брондоп коюңуз

«Сенин номуруң» кызматы абонентке, компаниянын Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлоруна (СТБ) кайрылбастан, телефонунан USSD-буйрууну терүү менен 055Х (Х бул жерде 0-9) коддорундагы каалаган бош номурду тандап алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Кызматтан алдын ала төлөнүүчү жеке тарифтик пландардын абоненттери пайдалана алышат.

Төмөнкү буйрууну терүү менен номурду тандоого болот:

*250*055Ххххххх#чакыруу

Номурду тандап алып, алмаштыруу аракетин аткаруу үчүн:

*250*1*055Ххххххх#чакыруу

Номурду алмаштыргандан кийин, абонентке өзүнүн мурдагы номурун кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү тартууланат. Ал үчүн төмөнкү буйрууну терүү зарыл: *250*0#чакыруу

Номурду алмаштыруудан кийин 30 күн ичинде мурдагы номурду кайтарып алууга болот. Номурларды алмаштыруунун ортосундагы аралык 24 саат, башкача айтканда, номур ийгиликтүү алмаштырылгандан кийин абонент 24 сааттын ичинде кызматтан пайдалана албайт.

Абонент өзүнүн номурунан бул кызматтан пайдаланууну өчүрүп коюу үчүн төмөнкү буйрууну терүүсү зарыл: *250*00#чакыруу. Абонент MegaCom компаниясынын Кардарларды тейлөө борборуна же Кардарларды колдоо кызматына (*500) кайрылып гана өчүрүлгөн кызматтан кайрадан пайдалана алат.

Номурду тандоо наркы төртүнчү аракеттен тарта, сурам ийгиликтүү же ийгиликтүү эмес болгондугуна карабастан 1 сомду түзөт. Суткадагы алгач 3 номурду тандоо сурамы акысыз болот.

Биринчи ийгиликтүү аракеттен тарта номурду алмаштыруу наркы салыктардын бардык түрлөрүн эсепке алуу менен 25 сомду түзөт.

«Номурду брондоо» кызматы, абонентке 055Х (Х бул жерде 0-9) коддорундагы бош бир номурду 10 күнгө брондоо жана компаниянын тейлөө борборлоруна кайрылбастан телефонунан USSD-буйрууну терүү аркылуу номурун алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн берет.

Кызматтан алдын ала төлөнүүчү жеке тарифтик пландардын абоненттери пайдалана алышат.

 Номурду брондоого сарпталган каражат кайтарылбайт.

«Стандарт», «Күмүш»,  «Алтын» жана «Платина» категориясындагы номурларды брондоо мүмкүн. Пайдаланып жүргөн номурду брондолгон номурга алмаштыруу үчүн абоненттин балансында «Стандарт» номуру үчүн 25 сомдон кем эмес, «Күмүш» номуру үчүн 325 сомдон кем эмес, «Алтын» номуру үчүн 3025 сомдон кем эмес жана Платина» номуру үчүн 7525 сомдон кем эмес акча каражаты болушу зарыл;

Брондолгон номур, брондоону жасаган абонентке гана жеткиликтүү.

«559» тарифтик планга кошулган абонент 0559 кодундагы номурларын гана брондой алат.

 

  • Сенин номуруң

    Номурду тандоо (алгач 3 сурам)

    0.0
    сом.

    Номурду тандоо (төртүнчү сурамдан тарта)

    1.0
    сом.

    Номурду алмаштыруу

    25.0
    сом.

    Мурдагы номурду 24 саат ичинде кайтарып алуу

    0.0
    сом.

    Мурдагы номурду 24 сааттан кийин 72 саат ичинде кайтарып алуу

    25.0
    сом.

    Мурдагы номурду 72 сааттан кийин 30 календардык күндүн (1 ай) ичинде кайтарып алуу

    25.0
    сом+ номурдун категориясынын наркы.

    Кызмат жөнүндө кыска маалымат

    0.0
    сом.
  • Номурду брондоо

    Номурду брондоо

    40.0
    сом.

    Пайдаланып жүргөн номурду брондолгон номурга алмаштыруу

    25.0
    сом.

    Брондоонун статусун текшерүү

    0.0
    сом.

    Кызмат жөнүндө кыска маалымат

    0.0
    сом.

    Брондоону алып салуу

    0.0
    сом.

  • Сенин номуруң

    Номурду тандоо 

    *250*055Ххххххх#

    Номурду алмаштыруу

    *250*1*055Ххххххх#

    Мурдагы номурду 24 саат ичинде кайтарып алуу

    *250*0#

    Мурдагы номурду 24 сааттан кийин 72 саат ичинде кайтарып алуу

    *250*0#

    Мурдагы номурду 72 сааттан кийин 30 календардык күндүн (1 ай) ичинде кайтарып алуу

    *250*0#

    Кызмат жөнүндө кыска маалымат

    *250*2#
  • Номурду брондоо

    Номурду брондоо

    *250*2*055Ххххххх#

    Пайдаланып жүргөн номурду брондолгон номурга алмаштыруу

    *250*3*055Ххххххх#

    Брондоонун статусун текшерүү

    *250*3#

    Кызмат жөнүндө кыска маалымат

    *250*2#

    Брондоону алып салуу

    *250*4#

VIP-категориясындагы номурлар үчүн кошумча төлөм алынат: «күмүш» категориясы - 300 сом, «алтын» категориясы - 3000 сом, «платина» категориясы -7500дөн 45 000 сомго чейин.

Номурду VIP-категориясындагы номурга алмаштыруу үчүн номурдун категориясын жана алмаштыруу наркын төлөөгө жетиштүү каражат абоненттин балансында болушу зарыл.

«559» тарифтик планындагы абонент номурун «0559» кодундагы номурга гана алмаштыра алат.

0559 кодундагы, «559» тарифтик пландан айырмаланган тарифтик пландын абоненти номурун башка каалаган кодундагы номурга, анын ичинде 0559 кодуна да алмаштыра алат.

Эгерде номурун алмаштырган абонент өзүнүн тарифтик планын «559» тарифтик планга алмаштырса, мурунку номурду кайтарып алуу мүмкүн эмес.

«Платина» категориясындагы номурларды USSD-буйруулар аркылуу кайтарып алуу мүмкүн эмес. Абонент аталган категориядагы номурларды СТБга кайрылуу аркылуу гана кайтара алат.

Кайрадан (кезектеги) номурду алмаштыруудан кийин 24 саат ичинде дагы башка номурга алмаштыруу мүмкүнчүлүгү жеткиликтүү эмес болот, бирок абонент «Сенин номуруң» кызматынын башка буйруулары менен пайдалана алат.

Кызмат «Төлөмгө чейин» абалындагы абоненттер үчүн жеткиликтүү эмес б.а. абоненттер SIM-картасын активдештиргенге чейин «Сенин номуруң» кызматынан пайдалана алышпайт. SIM-картаны акы төлөнүүчү чыккан чалуу аткаруу же балансты толуктоо аркылуу активдештирүүгө болот.


Сунушталган кызматтар

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы