Перейти на новый сайт


«Унутулган телефон»

Эгерде телефонду үйдө унутуп калсаңыз, кирүү чалууларыңызды башка номурга даректөөңүз

Сиздин номуруңузга кирген бардык чалууларды башка номурга шартсыз даректөө кошуу 

25.0 сом.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Эрежелер жана чектөөлөр

MegaCom компаниясынын «Унутулган телефон» кызматынын кошуу мүмкүнчүлүгү менен унутулган телефонуңуз башка кыйынчылыкты түзбөйт

«Унутулган телефон» кызматы телефонду үйдө унутуп калсаңыз, MegaCom компаниясынын Байланыш борборуна кайрылып, өзүнүн номуру үчүн сөзсүз даректи алмаштыруу кызматын активдештирүүгө жардам берет.

Бул кызмат телефонун кандайдыр бир себептер менен унутуп калган абоненттерге бир да телефондук чалууну өткөрүп жибербөөгө ыңгайтуу. Чалуулардын бардыгы колдо бар каалаган телефонго дарегин алмаштырып койсо болот, болгону ошол номурда телефония иштеши шарт.

Кызматтан MegaCom абоненттеринин бардыгы пайдалана алат.

«Унутулган телефон» кызматын коштуруу үчүн абонент 0555 50 00 00 номуруна телефон чалып, унутуп калган телефонунун номурун атап, ошондой эле PIN-код же жашыруун сөзүн айтыш керек, же болбосо паспорттук маалыматтарын да айтса болот.

Кызматты белгилүү бир мөөнөткө коштурса болот. Кызматтын эң узак иштөө мөөнөтү 3 күн, булл мөөнөт өткөндөн кийин кызмат автоматтык түрдө өчүрүлөт.

Орнотулган даректи алмаштырууну өчүрүү үчүн абонент ##002# буйругун терип же өзүнүн телефонунан даректи алмаштырууну өчүрүп коё алат. Кызматты ошондой эле MegaCom компаниясынын Байланыш борборуна кайрылып да өчүрсө болот.

Бир жолку кайрылуунун наркы

25.0
сом.

Дареги алмаштырылганда түшкөн чалуулар абонент тандаган тарифтик планга ылайык тарифтелинет, б.а. абоненттин телефонунан чыккан чалу катары, түз нумерация үчүн киргин чалууларга кошумча акы алынат.

.

Алдын ала төлөө формасындагы абоненттер кызматтан пайдалангысы келсе, балансында 50 сомдон кем эмес каражат болушу керек.

Баалар КНСти жана ССти эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.

 


Сунушталган кызматтар

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы

  • NITRO

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • Роумингдеги абоненттер үчүн маалымат

    кызматы