Перейти на новый сайт

«Экинчи дем»

Көңүл бургула, бул архивдеги кызмат

MegaCom тармагында Сиздин тейлөө мөөнөтүңүзгө жараша байланыш кызматына көрсөтүлгөн 5 сом катталган комиссиясы менен насыя алуу мүмкүнчүлүгү каралган

0дөн 30 сомго чейин.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Көңүл бургула, бул архивдеги кызмат

Эсебиңизде каражат түгөнүп калган учурда, ишенимдүү жардамчыңыз- MegaCom компаниясынын «Экинчи дем» кызматы  Сизге жардамга келет

«Экинчи дем» кызматы менен эсебиңиздеги каражаттын түгөнүп калуусунан кам санабай эле койсоңуз болот. Себеби, «Экинчи дем» кызматы абонентке каалаган байланыш кызматынан пайдалануу үчүн келечек төлөм эсебинен, өз эсебине насыя алууга мүмкүндүк берет.

Насыя 3 күнгө берилет жана аталган мөөнөт аяктаганда берилген сумма абоненттин эсебинен автоматтык түрдө алынат.

Кызмат көрсөтүү шарттары абоненттин тейленүү формасына ылайык каралган:

Абоненттин тейленүү формасы Түйүндө тейленген мөөнөтү Насыя суммасы Алуу шарттары
Келишимдик 12 айдан кем 40 сом - Балансынын абалы -30 сомдон 10 сомго чейин
- 30 сом өлчөмүндөгү кепилдик төлөм киргизүү
Келишимдик 12 айдан ашык 100 сом - Балансынын абалы -90 сомдон 10 сомго чейин
Жашыруун 24 айдан кем 40 сом

- Балансынын абалы -30 сомдон 10 сомго чейин
- 30 сом өлчөмүндөгү алгач кошулуу төлөмү 

Жашыруун 24 айдан ашык 40 сом - Балансынын абалы 30 сомдон 10 сомго чейин
  • Түйүндө 12 айдан ашык тейленген жеке келишимдик абоненттер

    Кошуу наркы

    0.0
    сом.

    Алынган насыя үчүн комиссия

    5.0
    сом.
  • Түйүндө 24 айдан ашык тейленген жеке жашыруун абоненттер

    Кошуу наркы

    0.0
    сом.

    Алынган насыя үчүн комиссия

    5.0
    сом.
  • Түйүндө 12 айдан кем тейленген жеке келишимдик абоненттер

    Кошуу наркы

    30.0
    сом.

     Алынган насыя үчүн комиссия

    5.0
    сом.
  • Түйүндө 24 айдан кем тейленген жеке жашыруун абоненттер

    Кошуу наркы

    30.0
    сом.

    Алынган насыя үчүн комиссия

    5.0
    сом.

Кошуу

Жабык

Бир жолку берилүүчү насыяга кошулуу жана алуу

Жабык

Автоматтык түрдө берилүүчү насыяны алуу 

Жабык

Насыяны мөөнөтүнөн мурда кайтаруу 

Жабык

Автоматтык түрдө берилүүчү насыяны өчүрүү 

*400*10*5*0#

SMS жөнөтмөлөргө кошулуу 

Жабык

SMS жөнөтмөлөрдөн баш тартуу

*400*10*00#

Көңүл бургула, бул архивдеги кызмат

30 сом өлчөмүндөгү алгач кошулуу төлөмү кызматка алгач кошулуу маалында бир жолу гана алынат жана кайра кайтарылбайт. Эгерде абонент мурда аманатка каражат салган болсо, насыяны кайрадан алуу маалында аталган сумма абоненттин эсебинен «Экинчи дем» кызматына кошулуу төлөмү катары алынат. Эгерде абонент, автоматтык түрдө насыя алууну токтотуу үчүн кыска буйрууну терип кызматты өчүрүп же тейлөө борборлорунун бирине кайрылып «Экинчи дем» кызматынан баш тартып, бирок кийин кызматка кайра кошулууну кааласа, кошулуу үчүн абоненттен каражат алынбайт.

  • Өздүк эсепте статусу «Активдүү» же «Жарым активдүү» бир гана абонент болушу керек;
  • Абонент алынган насыянын өлчөмүнөн бир же андан көп сомго ашык сумманы балансына салып, насыяны өз алдынча жаба алат;
  • Абонент берилген насыянын иштөө мөөнөтү өткөндөн кийин б.а. насыяны автоматтык түрдө же өз алдынча сурам жөнөтүп жапкан учурда гана, кызматтан кайра пайдалана алат;
  • Абонент «Экинчи дем» кызматын үзгүлтүксүз пайдалануу негизинде кошо алат. Абоненттин балансы 5 сом чегине жеткен учурда, абонентке автоматтык түрдө насыя берилет. Бир эле убакытта, бир гана насыяны алууга болот. Эгерде абонент бир жолку же автоматтык түрдөгү сурам аркылуу дагы насыя алуу аракетин аткарган маалда, насыя мурда алынган насыяны кайтарганга чейин берилбейт.
  • Абонент автоматтык түрдө берилет турган насыяны кошо алат. Эгерде буйрууну терүү маалында абонентте мурда алынган насыя активдүү болсо, автоматтык түрдө берилүүчү насыя, абонент активдүү болгон насыяны кайтаргандан кийин гана берилет.
     

Абонент алынган насыяны кайтарууда алынган насыя үчүн абоненттен кошуп чегерилет (насыя алынган күндөн тарта 3 күн мөөнөтү аяктап, автоматтык түрдө эсебинен алууда же мөөнөтүнөн мурда кайтарууда). Мисалы: 99655Ахххххх абоненти 40 сом насыя алды, насыяны кайтарууда анын эсебинен 45,0 сом алынат; 40 сом – алынган насыянын суммасы жана 5,00 сом – «Экинчи дем» кызматы боюнча алынган насыянын комиссиясы.


Сунушталган кызматтар

  • MEGOGO

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • NITRO

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы