«Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору

Мамытов Нурлан Токтобекович

Туулган жылы, күнү: 12.05.1977-ж.

Улуту: кыргыз.

Билими жана квалификациясы:

  • Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, экономика факультети, адистиги: Менеджмент;
  • Кыргызстан Эл аралык университетинин ИОӨК магистратурасы, адистиги: Дүйнөлүк экономика. Экономика магистри.

Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын квалификациялык күбөлүгү №12: УБ боюнча брокердик/дилерлик адистик боюнча жогорку звенонун жетекчиси, УБнын ишеним башкармалыгы.

Иш тажрыйбасы:

  • 1997-1999-ж.ж. – «КФБ, «Береке-Холдинг» брокердик компаниясы» ЖАКта брокер;
  • 1999-2003-ж.ж. – «Эл Сан» ЖЧКсында башкы директор - Франчайзи 1С:Москва;
  • 2003-2004-ж.ж. – «Авторемонт Заводу» (АРЗ) ААКтын Директорлор кеңешинин мүчөсү;
  • 2004-2006-ж.ж. – «Зебра Дистрибушн» Вендинг компаниясы ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2006-2007-ж.ж. – «Ориент Кэпитал» инвестициялык компаниясы» ЖЧКсында директордун орун басары;
  • 2007-2012-ж.ж. – «Ориент Кэпитал» инвестициялык компаниясы» ЖЧКсында башкы директор;
  • 2009-2013-ж.ж. – «Кыргыз Фонддук Биржасы» ЖЧКсында директорлор кеңешинин төрагасы;
  • 2013-2018-ж.ж. – «Айыл Банк» ААКнын стратегиялык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы, директорлор кеңешинин мүчөсү;
  • 2019-2020-ж.ж. – «Дастан» ТУК» ААКнын коммерциялык директору;
  • 2020-2021-ж.ж. – Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасы;
  • 2021-2022-ж.ж. – Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду, башкармалыктын мүчөсү;
  • 2022-ж. ушул убакка чейин «Ориент Кэпитал» инвестициялык компаниясы» ЖЧКда директор.

Квалификацияны жогорулатуу:

  • Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорлору: издөө, демилгелөө, ишке ашыруу, мониторинг темасындагы эл аралык практикалык конференциясына катышкандыгы үчүн КРдин Каржы министрлигинин ОБнун сертификаты;
  • Директорлор кеңеши үчүн корпоративдик башкармалык курсунан өткөндүгү жөнүндө Корпоративдик башкармалык мектебинин сертификаты.

Коомдук ишмердүүлүк:

  • КРнын өкмөтүнүн Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын алдындагы УБ рыногу боюнча эксперттик кеңешинин мүчөсү, КРнын өкмөтүнүн алдындагы ММБФ ККК төрагасы, төраганын орун басары;
  • «Корпоративдик башкаруу мектеби» КФнун Көзөмөл кеңешинин мүчөсү.

Грамота жана башка сыйлыктары:

  • Каржы рыногун пропагандалоого активдүү катышкандыгы жана кызматташтыгы үчүн КРнын Өкмөтүнүн алдындагы каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын грамотасы;
  • КРдин каржы рыногун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КРдин Өкмөтүнүн алдындагы каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын грамотасы;
  • Кызматташтыгы үчүн КРУБнын медалы;
  • КРдин инвестициялык климатын жакшыртууга жана фонд рыногун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Кыргыз фонд биржасы» ЖАКтын ардак грамотасы.