MEGA мобилдик байланыш кызматтарына каалаган түрү менен төлөңүз
MEGA түйүнүнүн кызматтарын төлөө жана өздүк эсебиңизди же туугандарыңыздын өздүк эсебин толуктоо үчүн же жөн эле жакын адамыңызга белек тартуулагыңыз келсе төмөнкү ыкмалардын бирин колдонуңуз:
Optima Bank'тын POS-терминалдары аркылуу накталай эмес эсептешүү жолу менен байланыш кызматтары үчүн төлөм жүргүзүү.
Абоненттерден транзакция үчүн комиссия алынбайт.
Бүгүнкү күндө POS-терминалдар төмөнкү Сатуу жана тейлөө борборлорунда орнотулган:
которуу (берилген эсепке ылайык, өзүңүздүн эсебиңизден MEGA компаниясынын эсебине, белгиленген төлөмдү өзүңүздүн банктын каалаган бөлүмдөрүнөн которсоңуз болот)
Балансты текшерүү:
телефондун менюсуна кирбестен *500# терип «чакуруу» баскычын басыңыз. Ошондой эле сиз балансты 555 кыска номуруна картанын PIN-коду жазылган акысыз SMS-билдирүү жөнөтүү аркылуу толуктай аласыз. Башка бирөөнүн балансын толуктоо үчүн SMSтин текстинде картанын PIN-кодунан кийин бош орун калтырып, сиз балансын толуктап жаткан абоненттин телефон номерин жазыңыз (телефон +99655Xхххххх форматында жазылышы керек; 99655Xхххххх - сиз балансын толуктап жаткан абоненттин номуру).