«Интернет» тарифтик планынын 7 күндүк топтомдору үчүн шарттар.
Тарифтик пландын алкагында топтомдор аракет мөөнөтү (7 сутка) аяктагандан кийин жаңыланат. Топтом саат канчада кошулган болсо, жаңылоо сутканын ошол убактысында ишке ашат.
Интернет топтомдордон тышкары берилбейт. Топтомдордун аракет мөөнөтү аяктагандан кийин абоненттик төлөм төлөнбөгөн учурда, же болбосо топтом боюнча мүнөттөр жана SMSтер сарпталса, үн жана SMS кызматтары үчүн тарифтик пландын негизги тарифтөөсү күчүнө кирет, интернетке бөгөт коюлат.
Маанилүү! Абоненттик төлөм төлөнбөгөн учурда, ошондой эле топтомдун алкагындагы түйүндөн тышкары мүнөттөр сарпталганда, «Интернет 7 Эконом», «Интернет 7 Аймктык», Интернет 7 Мах», «Интернет 7 Чектөөсүз” топтомдору боюнча Кыргыз Республикасынын башка уюлдук операторлоруна чыккан чалуулар үчүн 2,95 сом өлчөмүндө түз тарифтөө колдонулат. Түз тарифтөөнүн баалары кошумча нарк салыгын эсепке алуу менен, сатуу салыгын эсепке албастан көрсөтүлөт.
Абоненттик төлөм төлөнгөн учурда, «Интернет 7 Чектөөсүз” топтому боюнча Кыргыз Республикасынын башка уюлдук байланыш операторлоруна чыккан чалууларды 1,00 сом өлчөмүндө түз тарифтөө (кошумча нарк салыгын жана сатуудан алынуучу салыкты эсепке албаганда) колдонулат.
Интернетти үзгүлтүксүз колдонууну камсыз кылуу максатында, «Интернет 7 Аймактык», «Интернет 7 Эконом» жана «Интернет 7 Чектөөсүз” топтомдорунун алкагында
интернет-трафиктин көлөмү сарпталган учурда, 20 сомго «Кошумча 1ГБ Интернет” топтому автоматтык түрдө кошулат. 1 ГБ кошумча интернеттин көлөмү аяктаганда,
топтом жаңыланат. Кызматты өчүрүү: *898*0#.
Топтом USSD-буйруусу аркылуу абонент тарабынан мөөнөтүнөн мурда кошулган учурда, же болбосо топтомдордун аракет мөөнөтү аяктаганда, Абонентте сарпталбай калган интернет-трафиктин калдыгы бар болсо, баланста топтомду жаңылоо үчүн жетиштүү сумма болгондо, топтом боюнча интернет-трафиктин калдыгы которулат жана жаңы топтом менен суммаланат, интернет-трафиктин которулган көлөмү жаңы топтомдун көлөмүнөн ашпоосу керек.
Эгерде топтомдордун колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин (7 сутка) баланста топтомду жаңылоого каражат жетишсиз болсо, анда интернет-трафиктин калдыктары жокко чыгарылат.
Түйүн ичинде мүнөттөр жана SMS -билдирүүлөр эч бир шартта суммаланбайт.
Топтомду алмаштырганда, интернет-трафиктин калдыктары которулбайт.
Интернет-трафиктин ылдамдыгы трафикти адилеттүү колдонуу саясатына ылайык аныкталат (FUP).
Абоненттерге ыңгайлуу болуш үчүн, «Интернет» тарифинин алкагында негизги топтомду кошуу же жаңылоо үчүн каражат жетишсиз болгон учурда, негизги тарифтөөнү болтурбоо үчүн наркы 20 сом болгон суткалык топтом кошулат: бөлүүсүз жана чектөөсүз 2ГБ, тариф ичинде чектөөсүз чалуулар, түйүн ичинде 200 мүнөт жана 20 SMS, КРдин башка уюлдук операторлорунун номерлерине чалуу үчүн 1 мүнөт (баланста 20,01 сомдон кем эмес каражат болгондо). Суткалык топтомду Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылуу же *500 номерине чалуу аркылуу өчүрүүгө болот, бул учурда негизги абоненттик төлөмдү төлөө үчүн баланста каражат жетишсиз болгондо суткалык топтом кошулбайт. Негизги топтомду жаңылоо үчүн балансты абоненттик төлөмдү эсептен чыгаруу үчүн жетиштүү суммага толуктоо зарыл. Бул учурда суткалык топтомдун калдыктары күйүп кетет.
Көңүл буруңуз! Сиз тандаган топтомду кошуу үчүн SIM-картаны активдештирүүдө, толуктоо суммасына ылайык башка топтомду кошуп албоо үчүн, балансты топтомдун абоненттик төлөмүнүн өлчөмүнөн 1 сомдон 5 сомго чейин жогору болгон суммага толуктоо зарыл, Кошкондон кийин, топтом стандарттык шарттарда иштейт.
«ИНТЕРНЕТ» тарифтик планынын 4 жумалык топтомдору үчүн шарттар
Тарифтик пландын алкагындагы топтомдор колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин (4 жума) жаңыланат. Топтом саат канчада кошулган болсо, жаңылоо сутканын ошол убактысында ишке ашат.
Топтомдон тышкары интернет берилбейт. Топтомдордун аракет мөөнөтү аяктагандан кийин абоненттик төлөм төлөнбөй калса, же топтом боюнча мүнөттөр жана СМСтер, ошондой эле КРдин башка уюлдук операторлоруна мүнөттөр сарпталган учурда, тарифтик пландын үн жана SMS кызматтары үчүн базалык шарттары күчүнө кирет, Интернетке бөгөттөө коюлат.
Маанилүү! "Интернет Регион", "Интернет Эконом", "Интернет Стандарт", "Интернет Чектөөсүз" жана * "Бардыгы Чектөөсүз" топтомдору боюнча абоненттик төлөм төлөнбөгөн учурда, ошондой эле топтом алкагында түйүндөн тышкары мүнөттөр түгөнгөндө, Кыргыз Республикасынын башка мобилдик байланыш операторлоруна чыккан чалууларды 2,95 сом өлчөмүндө түз тарифтөө колдонулат. Түз тарифтөө наркы КНСти эске алуу менен, ССти эсепке албастан көрсөтүлөт.
*"Бардыгы Чектөөсүз" топтому боюнча төлөнгөн абоненттик төлөмдүн чегинде, Кыргыз Республикасынын башка мобилдик байланыш операторлоруна чыккан чалууларды КНСти жана ССти эсепке албаганда 1,00 сом өлчөмүндө түз тарифтөө колдонулат.
*Интернетти үзгүлтүксүз колдонууну камсыз кылуу максатында, «Интернет Регион», «ИНТЕРНЕТ ЭКОНОМ» жана «ИНТЕРНЕТ СТАНДАРТ» топтомдорунун алкагында интернет-трафиктин көлөмү сарпталган учурда, 20 сомго «Кошумча 1ГБ Интернет” топтому автоматтык түрдө кошулат. 1 ГБ кошумча интернеттин көлөмү аяктаганда, топтом жаңыланат. Кызматты өчүрүү: *898*0#.
Топтомду мөөнөтүнөн мурда кошуу: эгерде тарифтик пландын алкагында топтом толугу менен сарптала электе же мүнөттөр, SMS, Интернет топтомдордун көлөмдөрүнүн бири гана сарпталса, абонент топтомду мөөнөтүнөн мурда жаңылоону кааласа, анда абоненттик төлөмдү эсептен чыгаруу үчүн баланста жетиштүү сумма болгон учурда, абонент топтомду жаңылоо үчүн топтомго өтүү буйруусун өз алдынча терүүсү керек.
Интернет-трафиктин, түйүн ичиндеги мүнөттөрдүн жана SMSтердин калдыктары которулбайт жана эч бир учурда суммаланбайт.
Интернет-трафиктин ылдамдыгы трафикти адилеттүү колдонуу саясатына ылайык аныкталат (FUP).
Абоненттерге ыңгайлуу болуш үчүн, «Интернет» тарифинин алкагында негизги топтомду кошуу же жаңылоо үчүн каражат жетишсиз болгон учурда, негизги тарифтөөнү болтурбоо үчүн наркы 20 сом болгон суткалык топтом кошулат: бөлүүсүз жана чектөөсүз 2ГБ, тариф ичинде чектөөсүз чалуулар, түйүн ичинде 200 мүнөт жана 20 SMS, КРдин башка уюлдук операторлорунун номерлерине чалуу үчүн 1 мүнөт (баланста 20,01 сомдон кем эмес каражат болгондо). Суткалык топтомду Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылуу же *500 номерине чалуу аркылуу өчүрүүгө болот, бул учурда суткалык топтом негизги абоненттик төлөмдү төлөө үчүн баланста каражат жетишсиз болгондо суткалык топтом кошулбайт. Негизги топтомду жаңылоо үчүн балансты абоненттик төлөмдү эсептен чыгаруу үчүн жетиштүү суммага толуктоо зарыл. Бул учурда суткалык топтомдун калдыктары күйүп кетет.
Көңүл буруңуз! Сиз тандаган топтомду кошуу үчүн SIM-картаны активдештирүүдө, толуктоо суммасына ылайык башка топтомду кошуп албоо үчүн, балансты топтомдун абоненттик төлөмүнүн өлчөмүнөн 1 сомдон 5 сомго чейин жогору болгон суммага толуктоо зарыл, Кошкондон кийин, топтом стандарттык шарттарда иштейт.
«ЧАЛУУЛАР» тарифтик планынын 4 жумалык топтомдору үчүн шарттар
Тарифтик пландын алкагында топтомдор аракет мөөнөтү (4 жума ) аяктагандан кийин жаңыланат. Топтом саат канчада жаңыланса, сутканын ошол эле убактысында жаңылоо ишке ашырылат.
Интернет топтомдордон тышкары берилбейт. Топтомдордун аракет мөөнөтү аяктагандан кийин абоненттик төлөм төлөнбөгөн учурда, же болбосо топтом боюнча мүнөттөр жана SMSтер сарпталса, үн жана SMS кызматтары үчүн тарифтик пландын негизги тарифтөөсү күчүнө кирет, интернетке бөгөт коюлат.
Маанилүү! "Чалуулар Эконом", "Чалуулар Стандарт", *«Чалуулар Max» жана "Билим" ТП топтомдору боюнча абоненттик төлөм төлөнбөгөн учурда, ошондой эле топтом алкагында түйүндөн тышкары мүнөттөр сарпталганда, Кыргыз Республикасынын башка мобилдик байланыш операторлоруна чыккан чалууларды 1,95 сом өлчөмүндө түз тарифтөө колдонулат. Түз тарифтөө наркы КНСти эске алуу менен, ССти эсепке албастан көрсөтүлөт.
*"Чалуулар Max" топтому боюнча төлөнгөн абоненттик төлөмдүн алкагында, Кыргыз Республикасынын башка уюлдук байланыш операторлоруна чыккан чалууларды түз тарифтөө, КНСти жана ССти эсепке албастан, 1,00 сом өлчөмүндө колдонулат.
Топтомду мөөнөтүнөн мурда кошуу: эгерде тарифтик пландын алкагында топтом толугу менен сарптала электе же мүнөттөр, SMS, Интернет топтомдордун көлөмдөрүнүн бири гана сарпталса, абонент топтомду мөөнөтүнөн мурда жаңылоону кааласа, анда абоненттик төлөмдү эсептен чыгаруу үчүн баланста жетиштүү сумма болгон учурда, абонент топтомду жаңылоо үчүн топтомго өтүү буйруусун өз алдынча терүүсү керек.
Интернет-трафиктин, түйүн ичиндеги мүнөттөрдүн жана SMSтердин калдыктары которулбайт жана бир да учурда суммаланбайт.
Интернет-трафиктин ылдамдыгы трафикти адилеттүү колдонуу саясатына ылайык аныкталат (FUP).
Абоненттерге ыңгайлуу болуш үчүн, «Чалуулар» тарифинин алкагында негизги топтомду кошуу же жаңылоо үчүн баланста каражат жетишсиз болгон учурда, негизги тарифтөөнү болтурбоо үчүн, наркы 10 сом болгон суткалык топтом кошулат: түйүн ичинде 50 мүн. жана 10 SMS, КРдин башка мобилдик операторлорунун номерлерине чалуу үчүн 3 мүнөт жана максималдуу ылдамдыктагы 100МБ интернет трафик (баланста 10,01 сомдон кем эмес каражат болуусу керек). Суткалык топтомду Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылуу же *500 номерине чалуу аркылуу өчүрүүгө болот, бул учурда негизги абоненттик төлөмдү төлөө үчүн баланста каражат жетишсиз болгондо суткалык топтом кошулбайт. Суткалык топтомду өчүрүүдө топтомдун калдыктары күйүп кетет.
Көңүл буруңуз! Сиз тандаган топтомду кошуу үчүн SIM-картаны активдештирүүдө, толуктоо суммасына ылайык башка топтомду кошуп албоо үчүн, балансты топтомдун абоненттик төлөмүнүн өлчөмүнөн 1 сомдон 5 сомго чейин жогору болгон суммага толуктоо зарыл, Кошкондон кийин, топтом стандарттык шарттарда иштейт.
Суткалык топтомдун шарттары
Эгерде тарифтин алкагында негизги топтомду кошуу же жаңылоо үчүн каражат жетишсиз болсо, негизи тарифтөөнү болтурбоо үчүн, негизги топтомго жараша наркы 10 сом же 20 сом болгон суткалык топтом кошулат жана топтом кошулгандыгы тууралуу смс келет.
Топтомду мөөнөтүнөн мурда кошуу: эгерде тарифтик пландын алкагында топтом толугу менен сарптала электе же мүнөттөр, SMS, Интернет топтомдордун көлөмдөрүнүн бири гана сарпталса, абонент топтомду мөөнөтүнөн мурда жаңылоону кааласа, анда абоненттик төлөмдү эсептен чыгаруу үчүн баланста жетиштүү сумма болгон учурда, абонент топтомду жаңылоо үчүн топтомго өтүү буйруусун өз алдынча терүүсү керек.
Эгерде абонент буга чейин 20 сомдук суткалык топтомду өчүргөн болсо, *778*11# буйруусун терүү менен аны кайрадан кошуп алса болот.
Эгерде абонент буга чейин 10 сомдук суткалык топтомду өчүргөн болсо, *778*15# буйруусун терүү менен аны кайрадан кошуп алса болот.