Перейти на новый сайт

Менталдык жардам

Кандай гана жагдай болбосун, биз жардам беребиз
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

“Менталдык жардам” кызматы –  MEGA абонентине психология чөйрөсүндөгү контентти көрүүгө, психологиялык курстарды жана практикаларды өтүүгө, медитациялык көнүгүүлөрдү аткарууга мүмкүнчүлүк берген маалыматтык-көңүл ачуучу портал. Кызмат колдонуучунун жан дүйнө тынчтыгын табуусуна, сабырдуу болуусуна, өзүн түшүнө билүүсүнө  көмөктөшөт.

Сервистин  http://mentalhelp.megacom.kg  порталындагы контентке жетки алуу үчүн абонент жазылуусу керек. Кызматты алгачкы  жолу кошууда 72 саатка  сыноо мөөнөтү берилет, андан кийин абоненттик төлөм күнүнө 8 сомду түзөт (кошумча нарк салыгын эсепке алуу менен, сатуу салыгысыз).

Кошуу

0.0
сом.

Суткасына алынуучу абоненттик төлөм

8.0
сом.

Ресурска трафик (1МБ)

0.0
сом.

Кошуу

*789*1#

Өчүрүү

*789*0#

Статусту текшерүү

*789#

1. Кызмат төмөндөгүлөргө жеткиликтүү:

  • Алдын ала жана кийин төлөнүүчү тарифтерди колдонгон абоненттерге;
  • Биллинг топторуна: жеке жана корпоративдик;
  • «Salam» брендинин тарифтик пландарынан тышкары, башка бардык коммерциялык тарифтик пландарда: «START_prepaid_corp», «Start_credit», «Start_0_pref», «Start_pref», жана да «СуперЧектөөсүз 4G» түркүмүнүн тарифтик пландарында,   «МегаБит» ТП, «Wi-Fi роутер» ТП, «Ыкчам интернет», «Акылдуу түзмөк», «М2М», «SIP», «MegaPay Виртуалдуу» тарифтик пландарында.

2. Эгерде абонент сыноо мөөнөтү аяктаганга чейин кызматты өчүрсө, анда сыноо мөөнөтү автоматтык түрдө аяктайт жана кызматты кийинки жолу кошууда төлөм алынат.

3. Порталга кирүү үчүн авторизациялоодон өтүүдө логин катары абоненттин телефон номери, ал эми бир жолку жашырын сөз катары абонентке SMS аркылуу жөнөтүлгөн 4 орундуу код колдонулат.

4.  Абоненттин балансы кошуу чегинен кем болгон учурда (акы төлөнүүчү жазылууну активдештирүүдө),  «Менталдык жардам» кызматы  төлөмдү күтүү абалында кошулат (абоненттик төлөмдү албастан), веб-порталга кирүү мүмкүнчүлүгү чектелет. Баланс толукталып, абоненттик төлөм алынгандан кийин, кызматты чектөөсүз колдонууга болот.

5. Абонент-жазылуучу роумингде болгон учурда абоненттик төлөм күнүмдүк абоненттик төлөмдү эсептөө эрежелерине ылайык алынат, абонент кызматтар боюнча  USSD/SMS сурамдарын жөнөтө албайт, техникалык өнөктөштүн ресурстары тарабынан контентке жетки  чектелген болот. Кызматтардын  ресурсуна интернет-трафик роуминг-өнөктөштүн тарифтерине ылайык төлөнөт.

6. Эгерде сизде активдүү жазылуу болсо, анда кызматтын ресурсуна трафик алынбайт.

7. Кызмат «Дата Технолоджи» ЖЧКнын колдоосу менен көрсөтүлөт.

8. Баалар КНСти эсепке алуу менен, ССТИ эсепке албастан көрсөтүлгөн.


Сунушталган кызматтар

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • «Тыным»

    кызматы

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы