Перейти на новый сайт

Компания жөнүндө

MEGA («Альфа Телеком» ЖАК) – Кыргыз Республикасынын телекоммуникация тармагында GSM (2G) стандарттарында 900/1800 МГц жыштыктар диапазондорунда, WCDMA/UMTS (3G) стандартында 2100/900 МГц жыштыктар диапазондорунда жана LTE (4G) стандартында 800/1800/2100 МГц жыштыктар диапазондорунда уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүүчү ири мобилдик компания.

MEGA уюлдук байланыш түйүнү 2006-жылдын 28-апрелинде коммерциялык түрдө ишке киргизилген. 

Бүгүнкү күндө 2G/3G/4G түйүнү менен камтуу боюнча алдыңкы орунда келе жаткан компания өлкөбүздүн калк жайгашкан аймагын мобилдик байланыш менен 99 пайызга чейин камсыздайт. 2016-жылы жогорку ылдамдыктагы 4G технологиясы толук масштабда ишке киргизилгендигин баса белгилей кетүүгө болот.

Өлкөнүн алдыңкы компаниялары, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү, мамлекеттик түзүмдөр, дипломатиялык миссиялар MEGAдын корпоративдик кардарлары болуп эсептелет. Компания − Кыргыз Республикасынын ири салык төлөөчүлөрүнүн жана калкты жумуш менен камсыз кылуучу ишканаларынын тизмесинин алдыңкы сабында.

• MEGA ISO 9001:2015 версиясынын сапаттык менеджмент тутумунун эл аралык тастыктоосунан өткөн бирден-бир уюлдук байланыш оператору;

• Сапат жаатындагы  жетишкендиктери үчүн КМШ өлкөлөрүнүн Эл аралык сыйлыгынын дипломунун ээси (2014-2016);
• БУУнун Эл аралык электр байланыш союзунун мүчөсү.

MEGA тейлөөнүн жогорку деңгээлин, кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин, туруктуу байланышты, ачык - айкын  жана ыңгайлуу тарифтөөнү сунуштайт. MEGA бизнести башкаруунун заманбап стандарттарына шайкеш ишмердик жүргүзөт.
Компания тармакты кеңейтүү, техникалык жактан өнүктүрүү жана оптимизациялоо боюнча тынымсыз иш алып барууда. Уюлдук оператордун дистрибьютердик түйүнү өз ичине 7000ден ашуун сатуу пункттарын камтыйт.
Акцияларынын 100 пайызы мамлекетке таандык болгон MEGA компаниясына түшкөн ар бир сомдун эсебинен казынаны толуктоого каражат жумшала тургандыгын MEGA сыймыктануу менен билдирет. Мекендештерибиз MEGAдф өз мобилдик оператору катары тандоо менен, сапаттуу жана заманбап байланышты гана тандабастан, өлкөсүнүн келечегине өз салымын кошуп жаткандыгын да белгилей кетүүбүз абзел.

Уюлдук оператор түрдүү спорттук турнирлердин жана Олимпиада-2016да Кыргызстандын курама командасынын башкы өнөктөшү катары Кыргызстандагы спорттун өнүгүшүнө активдүү салымын кошуп келет. 
Компаниянын кайрымдуулук жана социалдык ишмердүүлүгү  системалык мүнөздө жана  компаниянын корпоративдик стратегиясынын бир бөлүгү болуп эсептелип, анын баалуулуктарын чагылдырат.
Республика аймагын байланыш түйүнү аркылуу бириктирип турган MEGA өз абоненттеринин ийгиликтерге жетүүсүнө  көмөк көрсөтүп, жаңы ачылыштарына өбөлгө түзүп, эң башкысы, аларга жакындары менен баарлашуу кубанычын тартуулайт.

 

Миссиясы

Жашоонун бардык аспектилерин камтыган пайдалуу кызматтарды көрсөтүү менен, ар бир кардарга / абонентке күн сайын жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулаган чыныгы өнөктөш болуу.

 

Уюштуруучулук баалуулуктар:

Убакыт 

Адамдарды байланыштырып турган окуялардын жана убакыттын баа жеткис экендигин сезүү.

Тандоо эркиндиги
Тандоо укугу болгон учурда бардыгынын бирден-бир жана мыкты тандоосу болууга жетишүү.

Жоопкерчилик

Толук көлөмдө, өз убагында жана ак ниеттүүлүк менен кызмат көрсөтүү.

Кесипкөйлүк
Өз ишине берилгендик, кесипкөйлүктү арттыруу жана Компаниянын өнүгүүсүнө салым кошуу.

Өнүгүү жана мыктылардын мыктысы болууга умтулуу

Ийгиликтин пайдубалын түптөө менен, жаркын келечекке чыйыр салуу.

 

Лицензиялар

Учурда MEGA компаниясы курулушту долбоорлоо жана электр байланыш тармактарына байланыштуу төмөндөгүдөй лицензияларга ээ:

Лицензиянын аталышы Дата
№14-1133-КР лицензиясы – Электрбайланыш тармагында ишмердүүлүк жүргүзүүгө  КРӨ МБА тарабынан берилген
19.12.2014
№18-0326-КР лицензиясы –  Электрбайланыш тармагында ишмердүүлүк жүргүзүүгө  Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан берилген
25.06.2018
№18-0303-КР лицензиясы –  радиожыштыктарды колдонуу менен радиожыштыктар спектрин колдонуу боюнча ишмердүүлүк жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан берилген
30.05.2018
№15-1446-КР КРӨ МБА лицензиясы –  01.10.2015-ж. №98-1/1 Токтомунда көрсөтүлгөн жыштыктардын номиналдарын колдонуу менен маалымат кабыл алуу/ жиберүү жана электр байланыш кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин колдонуу боюнча ишмердүүлүгүнө
01.10.2015
№16-0090-КР КРӨ МБА лицензиясы –   27.12.2016-ж. №448 буйругунда көрсөтүлгөн жыштыктардын номиналдарын колдонуу менен маалымат кабыл алуу/ жиберүү жана электр байланыш кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин колдонуу боюнча ишмердүүлүгүнө
27.12.2016
№18-0261-КР лицензиясы –04.01.2018-ж. №2-б. көрсөтүлгөн радиожыштыктардын тилкелерин колдонуу менен радиожыштык спектрин колдонуу боюнча ишмердүүлүгүнө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан берилген
04.01.2018
Электр байланышы жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча ишмердүүлүккө №21-0455-КР лицензиясы
17.03.2021
Электр байланышы жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча ишмердүүлүккө №21-0456-КР лицензиясы
17.03.2021
Электр байланышы жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча ишмердүүлүккө №21-0488-КР лицензиясы
30.09.2021
Электр байланышы жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча ишмердүүлүккө №21-0493-КРлицензиясы
02.11.2021
№04816 лицензиясы – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Курулуш жана аймактык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген:Шаар курулуш жана долбоорлоо-изилдөө жумуштары.
Курулушту долбоорлоо жана конструкциялоо (өндүрүштүк багыттагы объектилер, анын ичинде мачталар). Башкы долбоорлоочунун функцияларын ишке ашыруу

13.02.2013

Компаниянын логотиби

Биздин логотиптеги жашыл түс гүлдөп өсүүнү,  динамикалуу өнүгүүнү  жана алдыга карай кадам таштоону билдирет.

Кызгылт көк түс туруктуулукту, олуттуулукту жана мыктылыкка умтулууну чагылдырат.

Боз түс атаандаштарга карата агрессиянын жоктугунан кабар берет.

PDF-формат

 

Логотиптин туурасынан жайгашкан варианты

PDF-формат