Перейти на новый сайт

«Автотөлөм»

Эми жакындарыңыздын балансын автоматтык түрдө толуктоого мүмкүн

Сиздин жакын адамдарыңыздын балансы белгиленген ирегесине жеткенде аныкталган суммага  Өз эсебиңизден толуктоо

0.0 сом.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Сиздин Жакындарыңызды кам көрүү мурункудан да ыңгайлуу  

«Автотөлөм» кызматы Сиздин жакын адамдарыңыздын балансын автоматтык түрдө толуктоого мүмкүнчүлүк түзөт. Жакын адамдын балансы 10 сом же андан кем болгон учурда баланс автоматтык түрдө Сиздин эсебиңизден толукталып турат. Автоматтык толуктоо аткарылган учурда Сизге жана Сиздин жакын адамыңызга каражатты ийгиликтүү которуу/толуктоо тууралуу билдирүү жөнөтүлөт. Автоматтык түрдө балансты толуктоо суткада бир гана жолу жеткиликтүү. Эгерде сутканын ичинде мындан да көп жолу балансты толуктоо зарыл болсо, Сиз каражатты кол түрүндө которуу атайын буйруусу менен пайдалана аласыз. Кошумча маалыматты  *5500 номурунан алууга болот.

 

Кызматты көрсөтүү шарты

0.0
сом.

  • Демөөрчү-абонент үчүн

    Алуучу-абоненттердин тизмесин текшерүү

    *550*2#

    «Автотөлөмдү» алуучунун пайдасына орнотуу

    *550*2*0XXXхххххх*ZZ#

    Алуучунун пайдасына «Автотөлөмдү» орнотууну ырастоо (алуучу-абоненттин сурамына макулдук)

    *550*44*0XXXхххххх#

    Алуучунун балансын күнүнө 1ден көп жолу толуктоо

    *550*1*0XXXхххххх*ZZ#

    «Автотөлөмдүн» суммасын өзгөртүү

    *550*2*0XXXхххххх*ZZ#

    «Автотөлөмдү» өчүрүү

    *550*3*0XXXхххххх#
  • Алуучу-абонент үчүн

    Демөөрчү-абоненттердин тизмесин текшерүү

    *550*4#

    «Автотөлөмдү» өзүнүн пайдасына орнотууну ырастоо (демөөрчү-абоненттин сурамына макулдук)

    *550*4*0XXXуууууу#

    «Автотөлөмдү» өзүнүн пайдасына орнотуу

    *550*22*0XXXуууууу*ZZ#

    «Автотөлөмдү» өчүрүү

    *550*5*0XXXуууууу#

«Автотөлөм» кызматы «Мобилдик которуу» кызматы кошулган шартта гана аракетте болот.

«Мобилдик которуу» кызматын өчүргөн учурда «Автотөлөм» кызматынын аракети да токтотулат. Кызматты кайрадан жандыруу *500 номуру боюнча кардарларды колдоо кызматына чалуу же MegaCom Сатуу жана тейлөө борборлору аркылуу ишке ашырылат.

«Автотөлөм» кызматына «Мобилдик которуу» кызматынын бардык шарттары тиешелүү.

Автоматтык түрдөгү төлөмдөр чыныгы убакыт режиминде чегерилет.

Автоматтык түрдө аткарылган төлөмдү токтотуу мүмкүн эмес.

«Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо» автоматтык түрдө жөнөтүлүп турган абонентке автоматтык түрдөгү төлөм берилбейт.

«Автотөлөмдү» аткарууну эң көп 5 номурга орнотууга болот.

«Автотөлөм» кызматы алкагында Сиз демөөрчү-абонент катары кызматты өзүңүздүн пайдаңызга кошо албайсыз.

«Автотөлөмдү» өз пайдасына бир гана демөөрчү-абоненттен кошууга болот.

«Мобилдик которуу» кызматын өчүрүү «Автотөлөм» кызматынын аракетин токтотот, кайрадан кошууда номурларды Сиздин профилге кайрадан киргизүү талап кылынат.


Сунушталган кызматтар

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы

  • SmartBook

    кызматы

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы

  • 4G LTE

    кызматы