Megapay
мобилдик капчыгы

250дөн ашык сервистер жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү

Бир басуу
менен төлөм жүргүзүү

Биз коштук

Пайдалуу функциялар

Суроо-жооп
Суроо-жооп
  • Megapay деген эмне?

    MegaPay – MegaCom абонентинин жеке эсебиндеги жана MegaPay электрондук капчыгындагы каражаттар менен түрдүү сервистер жана кызматтар үчүн акы төлөө үчүн мобилдик капчык.

  • MegaCom абонентинин жеке эсебин кантип толуктоого болот?

    Абоненттин жеке эсебин тлуктоо (телефондун номери):

    • MegaCom компаниясынын бардык терминалдарында балансты комиссиясыз толуктоо (300дөн ашык терминал);
    • MegaCom абонентинин жеке эсебин Кыргыз Республикасынын бардык терминалдарында толуктоо;
    • Кыргызстан боюнча дилердик түйүндүн саны 30 000ден ашат;
    • MegaCom абонентинин жеке эсебин Кыргыз Республикасынын банктарынын мобилдик тиркемелери аркылуу толуктоого болот;
  • MegaPay электрондук капчыгынын балансын кантип толуктоого болот?

    MegaPay электрондук капчыгынын балансын толуктоо:

    • MegaPay мобилдик капчыгынын балансын 300дөн ашык MegaCom терминалдарында (комиссиясыз) жана QuickPay, UMAI, Дос-Кредо Банк, Азия банкынын терминалдарында;
    • электрондук капчыкты Optima24 капчыгы аркылуу толуктоо.
  • Кантип колдоно баштоо керек?

    MegaPay тиркемесин жүктөп алуу жана орнотуу жетиштүү.

    Тиркеме GooglePlay, AppStore, жана да megapay.kg дареги боюнча жеткиликтүү.

  • Төлөмдөр боюнча суроолор пайда болсо, кимге кайрылсам болот?

    Биздин компания электрондук акчаларды жайылтуу боюнча Дос-Кредобанк» ААКтын агенти болуп саналат. Төлөмдөр MegaPay тиркемесинин жардамы менен банк тарабынан жүргүзүлөт. Суроолор боюнча «Дос-Кредобанк» ААКка кайрылууну суранабыз. Тел.: 8686 (чалуу акысыз).

  • MegaPay тиркемесинин артыкчылыктары?
    • Сиздин MegaCom жеке эсебиңиз MegaPay электрондук капчыгына байланыштырылган, ошондуктан аны толуктоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүгүңүз бар (№2 суроо).
    • Жолдо жүрүүнүн эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөөдөн, «Элкарт» картасын жеке эсептен же MegaPay электрондук капчыгынан толуктоодон тышкары, 150дөн ашык кызмат үчүн комиссиясыз төлөм ( 0 сом ).
  • Элкарт карталарына акча каражаттарын чыгарууда комиссия канча сомду түзөт?

    Комиссия которулган сумманын 1%ын түзөт.

  • Накталай суммага айландыруунун минималдуу жана максималдуу суммасы (бир жолку)?

    Идентификациялоодон өтпөгөн колдонуучулар үчүн бардык төлөмдөрдун мүмкүн болгон максималдуу суммасы айына 30 000 сомду түзөт.

    Идентификациялоодон өткөн колдонуучулар үчүн бардык төлөмдөрдүн мүмкүн болгон максималдуу суммасы айына 200 000 сомду түзөт.

  • Төлөмдөр боюнча чектөөлөр барбы?

    Бир төлөмдүн максималдуу өлчөмү 15 000 сомду, минималдуу өлчөмү 5 сомду түзөт. Идентификациялоодон өтпөгөн колдонуучулар үчүн бардык төлөмдөрдүн мүмкүн болгон максималдуу суммасы айына 30 000 сомду түзөт.

    Идентификациялоодон өткөн колдонуучулар үчүн бардык төлөмдөрдүн мүмкүн болгон максималдуу суммасы айына 200 000 сомду түзөт.

  • Идентификациялоодон кантип өтсөм болот?

    Идентификациялоодон өтүү үчүн MegaCom компаниясынын Сатуу жана тейлөө борборлорунун бирине кайрылууңуз зарыл. Жаныңызда паспортуңуздун болуусу шарт.

  • Төлөмдү жаңылыш аткарып алсамчы?

    Төлөмдү жаңылыш аткарып алган учурда, «Дос-Кредобанкка» кайрылуу керек. Жаңылыш жүргүзүлгөн төлөмдөн баш тартууда аткарылуучу иш-аракеттер тууралуу маалыматты 8686 (чалуу акысыз) номери аркылуу билүүгө болот.

  • MegaPay корпоративдик кардарлар үчүн жеткиликтүүбү?

    Электрондук капчыктын балансы гана жеткиликтүү.

    *500 номери аркылуу MegaCom компаниясынын Сall-борборуна кайрылып, абоненттердин кайсы категориясына (жеке же корпоративдик) кире тургандыгыңызды билип алсаңыз болот.

  • Тиркемени колдонууда трафик акысыз болобу?

    MegaCom абоненттери үчүн трафик акысыз (төлөм тиркеменин өзүн жүктөп алууда гана каралган).

  • Акча каражаттарын жеке эсептен акчаны накталай акчага айландырууга болобу?

    Бул үчүн акча каражаттарын Элкарт картасына которуп, андан кийин Кыргыз Республикасынын каалаган коммерциялык банкынын банкоматы аркылуу чыгарып алсаңыз болот.