Түйүн ичиндеги мүнөттөр топтомдору

MegaCom түйүнүнүн ичинде акысыз мүнөттөр топтомдору
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Түйүн ичиндеги мүнөттөр топтомдору  MegaCom Абонентине  түйүн ичинде  акысыз үн жана видео чалууларды аткарууга мүмкүнчүлүк түзөт, белгиленген абоненттик төлөм  алынат.  

Абоненттик төлөмдүн өлчөмү жана топтомдун аракет мөөнөтү түйүн ичиндеги акысыз мүнөттөрдүн кошулуп жаткан көлөмүнө  жараша болот.

 

7 күнгө түйүн ичинде 200 мүнөт

30.0
Сом.

24 саатка түйүн ичинде чектөөсүз

5.0
Сом.

Түйүн ичинде  Чектөөсүз топтомун кошуу

*228*2*1#

Түйүн ичинде  200 мүнөт топтомун кошуу

*228*2*2#

Түйүн ичиндеги топтомдор боюнча маалыматтык сурам

*228*2#

Түйүн ичиндеги топтомду өчүрүү

*228*0*2#

Статус жана калдыктарды текшерүү

*228#
  1. Түйүн ичиндеги мүнөттөрдүн көлөмү MegaCom түйүнүнүн ичинде чыккан үн жана видео чалуулар үчүн каралган.
  2.  200 мүнөттөн турган топтом топтомду активдештиргенден кийин 7 календардык күндүн ичинде аракетте болот, 7 календардык күн өткөндөн кийин баланста  абоненттик төлөмдү (АТ эсептен чыгаруу чегине ылайык) төлөө үчүн жетиштүү сумма болгон шартта топтомдун аракет мөөнөтү автоматтык түрдө узартылат.
  3. «Чектөөсүз» топтому топтомду активдештиргенден кийин 1 календардык күн аракетте болот, мөөнөт өткөндөн кийин баланста  абоненттик төлөмдү (АТ эсептен чыгаруу чегине ылайык) төлөө үчүн жетиштүү сумма болгон шартта топтомдун аракет мөөнөтү узартылат.
  4. Топтомдордун аракет мөөнөтү (1/7  календардык күн) аяктаганга чейин түйүн ичиндеги  мүнөттөрдүн көлөмү сарпталган учурда, кийинки бардык үн жана  видео чалуулар  абоненттин тарифтик планына ылайык тарифтелет.  1/7 календардык күндүн ичинде сарпталбай калган мүнөттөрдүн көлөмү  жокко чыгарылат.
  5.   Бирдей көлөмдөгү топтомдорду бир эле убакытта кошууга тыюу салынат, бирок ар кандай көлөмдөгү бир нече топтомду кошууга мүмкүнүчүлүк бар. Бир багыттагы бир нече топтомду кошууда көлөмдөр суммаланбайт. Автоматтык түрдө узартуу акыркы кошулган топтом үчүн аракетте болот.
  6.  Топтомдор абонент роумингде болгон учурда аракетте болбойт.
  7. Тегеректөө кадамы – 10 секунда.
  8. Кайра даректөөдө топтомдор боюнча мүнөттөр аракетте болбойт, тарифтөө абоненттин тарифтик планына ылайык жүргүзүлөт.
  9. Конференцбайланышта топтомдор боюнча мүнөттөр активдүү топтомдордун тарифтөөсүнө ылайык түйүн ичиндеги  чалуулар багытында сарпталат.
  10. Топтомдор баланста 0.01 сомдон кем эмес оң сумма болгон шартта аракетте болот.
  11. Түйүн ичиндеги мүнөттөр топтомдору  БРАВО, «СуперЧектөөсүз 4G», «Чектөөсүз 4G Modem», «Чектөөсүз 4G WiFi router», «Чектөөсүз 4G WiFi wingle» тарифтик пландарынан  тышкары бардык жеке тарифтик пландарда жеткиликтүү.

Сунушталган кызматтар

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы

  • «My Info»

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы