Перейти на новый сайт

«Сен кайдасың?»

Жакындарыңыз кайсы жерде жүргөндүгү тууралуу дайым кабардар болуңуз

Жакындарыңыздын жана үй-бүлөңүздүн мүчөлөрүнүн, туугандарыңыздын жүргөн жерин текшерүү (алгачкы 10 сурам бонус)

0.0 сом.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

«Сен кайдасың?» кызматы аркылуу Сиз жакындарыңыз кайсы жерде жүргөнүн ар дайым билип, Кыргызстандын электрондук картасынан көрө аласыз

Досуңуздун же жакын адамыңыздын жүргөн жерин билүү үчүн, изделип жаткан абоненттен бир жолу уруксат алуу гана жетиштүү. Изделип жаткан абоненттин координаттары Сиздин телефонго кыскача жооп жана SMS-билдирүү катары келет. SMS-билдирүү абоненттин кайсы жерде жүргөнү тууралуу маалыматты жана графикалык картага шилтемени камтыйт. Картада абоненттин жүргөн жери көрсөтүлөт.

Абоненттин жүргөн жерин графикалык карта боюнча аныктоо жардам берүү мүнөзүндөгү болжолдуу маалымат.

Сиз «Сен кайдасың?» кызматын USSD-сурамдар жана SMS-буйруулар аркылуу башкара аласыз.

Соңку сурамдарды жөнөтүү - акысыз:

  • абонент-жөнөтүүчүнүн сурамы боюнча өзүнүн турган жерин билүүгө уруксат берүү;
  • абонент-жөнөтүүчүнүн сурамы боюнча өзүнүн турган жерин билүүгө тыюу салуу;
  • кызматтын абалын текшерүү;
  • кызмат тууралуу кыска маалымат алуу.

Графикалык картадан абонент-алуучунун кайсы жерде жүргөнүн көрүүдө, интернет-трафиктин наркы абонент-жөнөтүүчүнүн тарифтик планына ылайык тарифтелет.

Баалар КНСти жана ССти эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.

Кошуу

50.0
сом.

Кошуу ирегеси

110.0
сом.

Айлык абоненттик төлөм

50.0
сом.

Абоненттик төлөм алынгандан кийин айдагы биринчи 10 USSD жана SMS-сурам 

0.0
сом.

Абоненттин кайсы жерде жүргөнүн билүүгө бир USSD же SMS-сурамды жөнөтүү наркы

5.0
сом.

  • USSD-буйруу

    Кошуу

    *989*1#

    Өчүрүү

    *989*0#

    Кайсы жерде жүргөнүн билүүгө уруксат алуу

    *989*1*уруксат берүүчү абоненттин номуру#

    Абоненттин жүргөн жерин билүү

    *989*изделип_жаткан_абоненттин_номуру#

    Башка абоненттерге Сиздин жүргөн жериңизди билүүгө уруксат берүү

    *989*2*уруксат_бериле_турган_номур#

    Башка абоненттерге Сиздин жүргөн жериңизди билүүгө тыюу салуу

    *989*0*тыюу_салуунучу_абоненттин_номуру#

    Сиздин жүргөн жериңизди билүүгө уруксат берилген абоненттердин тизмесин көрүү

    *989*8#

    Кайсы жерде жүргөнүн билүүгө Сизге уруксат берген абоненттердин тизмесин көрүү

    *989*9#

    Өзүңүздүн жүргөн жериңизди билүү

    *989*3#

    Кызмат тууралуу маалымат

    *989*00#

    Кызматты башкаруу жөнүндө маалымат

    *989*7#

    Кызматтын абалын текшерүү

    *989#

    Сурамдардын калдыктарын текшерүү

    *989*4#
  • SMS-буйруу

    Кошуу

    SMS «OOBA» 989 номуруна

    Өчүрүү

    SMS «JOK» 989 номуруна

    Абоненттин жүргөн жерин билүүгө уруксат алуу

    SMS «START боштук уруксат берүүчү абоненттин номурун» 989 номуруна

    Абоненттин жүргөн жерин билүү

    SMS «LOC боштук изделип жаткан абоненттин номурун» 989 номуруна

    Башка абоненттерге Сиздин жүргөн жериңизди билүүгө уруксат берүү

    SMS «OOBA боштук уруксат берилип жаткан абоненттин номурун» 989 номуруна

    Башка абоненттерге Сиздин жүргөн жериңизди билүүгө тыюу салуу

    SMS «JOK боштук тыюу салынуучу абоненттин номурун» 989 номуруна

    Сиздин жүргөн жериңизди билүүгө уруксат берилген абоненттердин тизмесин көрүү

    SMS «BERDIM» 989 номуруна

    Жүргөн жери жөнүндө Сизге билүүгө уруксат берген абоненттердин тизмесин көрүү

    SMS «ALDYM» 989 номуруна

    Өзүңүздүн жүргөн жериңизди билүү

    SMS «MEN» 989 номуруна

    Кызмат тууралуу маалымат

    SMS «KYZMAT» 989 номуруна

    Кызматты башкаруу жөнүндө маалымат

    SMS «BUIRUULAR» 989 номуруна

    Кызмат абалын текшерүү

    SMS «STAT» 989 номуруна

Кызмат MegaCom каптоо аймагында жана «Элдик» жана  «Элдик Интернет» тарифтик пландарынан тышкары, бардык тарифтик пландарда жеткиликтүү.

«Сен кайдасың?» кызматын ийгиликтүү кошуу үчүн абонент-пайдалануучунун балансында эң аз дегенде 110 сом болушу зарыл.

Абоненттик төлөм абонент тарабынан «Сен кайдасың?» кызматын колдонуунун интенсивдүүлүгүнөн көз карандысыз жүргүзүлөт. Абоненттик төлөм алынгандан кийин ай сайын бонус – акысыз 10 USSD/SMS-сурамды жөнөтүүгө болот. USSD-сурамдар менен SMS-билдирүүлөрдү кезектештирип жөнөтүүгө болот, абоненттик төлөм алынгандан кийинки алгачкы 10 сурам (USSD же SMS) айына берилүүчү акысыз бонус катары эсептелет. Акысыз сурамдарды нөлдө күнү, кызматтын кошулган күнүнөн эмес, учурдагы айдагы алгач акысыз сурамды жөнөтүү күнүнө жараша орнотулат.

Абонент-жөнөтүүчү каалаган сандагы абонент-алуучулардын жүргөн жерин аныктай алат. Ар бир сурам, «Сен кайдасың?» кызматынын тарифтөө шарттарына ылайык тарифтелет. Абоненттин жүргөн жерин аныктоо үчүн изделип жаткан абоненттин уруксатын алуу зарыл.

Абонент-жөнөтүүчү тарабынан 989 номуруна жаңылыш SMS-буйруу жөнөтүлгөн учурда, абонент буйруунун ката жөнөтүлгөндүгү тууралуу билдирүү алат. Бул учурда 989 акысыз смс номуру болгондуктан, жаңылыш жөнөтүлгөн билдирүү үчүн төлөм алынбайт. Төлөм кызматты кошууда жана кайсы жерде жүргөнүн билүүдө гана алынат.

Жүргөн жерин билүү жөнүндөгү сурамга абонент-алуучу уруксат бербесе, абонент-жөнөтүүчү кайрадан жөнөткөн сурамдар ага келбей. Эгерде абонент-алуучу сурамга мурда уруксат берип, кийин тыюу салып койгон учурда, жөнөтүүчүнүн кайрадан жөнөткөн сурамы ага келет.

Изделүүчү абоненттин жүргөн жерин картада чагылдырган шилтемени ачууда интернет-трафик активдүү интернет опциялардын жана топтомдордун шарттарына ылайык тарифтелет.

Абонент-алуучунун телефону каптоо аймагынан тышкары болуп же өчүрүлгөн абалда болгондо, «Сен кайдасың?» кызматы абонент-алуучунун ошол учурда жүргөн жерин аныктай албайт. Абонент-жөнөтүүчү абонент-алуучунун координаттары тууралуу эң акыркы маалыматтарды алат (анын телефон аппараты акыркы жолу качан жандырылганы жана MegaCom тармагында катталган акыркы жүргөн аймагы).

Изделүүчү абоненттин жүргөн жерин аныктоонун тактыгы шаарларда 200дөн 700 метрге чейин, айылдарда 250 метрден 3 километрге чейин, трассаларда — 1 километрден 25 километрге чейин (калктуу конуштар жок жерлерде).

SMS-билдирүүлөрдө изделүүчү абоненттин жүргөн жерин визуалдуу чагылдырган OpenStreetMap картасына шилтеме жөнөтүлөт. Абоненттердин жүргөн жерин графикалык түрдө чагылдыруунун өлчөмү 480х800 пикселди түзөт.

Жүргөн жерин билүү сурамына жооп катары келген шилтемени, башка провайдердин тармагы аркылуу Интернет кошулуу активдүү болгон учурда ачууга мүмкүн эмес (мисалы, зымсыз Wi-Fi түйүнү аркылуу кошулуу маалында). Шилтеме MegaCom Интернетин пайдаланган учурда гана аракетте болот.

«Сен кайдасың?» кызматы абонент-жөнөтүүчү чыккан акы төлөнүүчү кызматтарды өчүрүү чегине жеткен убакта көрсөтүлбөйт (телефония, SMS ж.б.). Мындай учурда абонент-жөнөтүүчү балансын толтуруусу керек. Баланс толукталгандан кийин абонент кызматтан пайдалана алат.

«Сен кайдасың?» кызматын кошкондор абоненттерди маалымдандыруу абоненттин тейлөө тилине ылайык жүргүзүлөт.

«Сен кайдасың?» кызматы роумингде көрсөтүлбөйт.

Абонент-алуучу роумингде болгон учурда, абонент-жөнөтүүчү абонент-алуучу жүргөн өлкө тууралуу маалымдама алат. Бул учурда картанын шилтемесин абонент-жөнөтүүчү албайт.


Сунушталган кызматтар

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы

  • «Номер алмашуу»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы