Перейти на новый сайт

«Чексиз түн»

Чексиз чалуулар, SMS жана Интернет ар түн - баарлашуңузга чек койбоңуз!
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

MEGA түйүн ичинде чалуу жана SMS жиберүү мүмкүнчүлүгү жана ошондой эле мобилдик чексиз Интернет менен ыңгайлуу  баада колдонуңуз

«Чексиз түн» тарифтик опциясы саат 00:00дөн 08:00ге чейин, чектелбеген көлөмдөгү интернеттен жеткиликтүү болгон эң жогорку ылдамдыкта пайдалануу, MEGA түйүнү ичинде 480 SMS-билдирүү жөнөтүү жана 480 мүнөт чалууларды аткаруу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

«Чексиз түн» тарифтик опцияны көрсөтүү шарттары 

Аталышы Акысыз интернет трафик MEGA түйүнүндө чалуу MEGA түйүнүндө SMS жөнөтүү
Чексиз түн Чексиз 480 480

 

Кошуу чеги / Абоненттик төлөмдү эсептен чыгаруу чеги

5.5
сом.

Кошуунун наркы

0.0
сом.

Күнүмдүк абоненттик төлөм

5.0
сом.

Опцияны түнгө кошуу

*091*1#

Абалын текшерүү

*091#

Өчүрүү

*091*0#

«Чексиз түн» тарифтик опциясы саат 00:00ден 08:00гө чейинки түнкү убакытта гана аракетте болот.

Акысыз мүнөттөр конференц-байланыш үчүн каралган эмес.

«Чексиз түн» тарифтик опцияны кошууда, тарифтик опциядан кошулуу убактысынан тарта кирип келген алгачкы же учурдагы түнү (00:00-08:00) пайдаланууга мүмкүн.

Бир нече тарифтик опцияларды бир эле убакытта кошууда, «Чексиз түн» тарифтик опциясы артычылыкка ээ болуп, каралган убакыт ичиндеги трафик «Чексиз түн» тарифтик опциясынын шарттары боюнча берилет.

P2P файл алмашуу түйүндөрүнөн (торрент) жүктөө максималдуу ылдамдыгы секундасына 512 Kbit менен чектелет жана дагы Компания ылдамдыкты секундасына 192 Kbit-ге чейин төмөндөтүү өз укугун сактайт.

MEGA түйүнү ичиндеги чыккан чалуулар боюнча трафик 00:00дөн 08:00гө чейинки убакыт аралыгында 480 мүнөт 0 сомдон тарифтелет, андан соң тарифтөө аракеттеги тарифтик пландын шарттарына ылайык жүргүзүлөт.

MEGA түйүнү ичиндеги чыккан SMS боюнча трафик чектелген - 00:00дөн 08:00гө чейинки убакыт аралыгында жөнөтүлгөн 480 SMS 0 сомдон тарифтелет, андан соң тарифтөө аракеттеги тарифтик пландын шарттарына ылайык жүргүзүлөт.

Автоматтык жаңылануу эсептеги каражаттардын жетиштүүлүгүн эсепке алуу менен аткарылат. Эгерде каражаттар жетишсиз болсо, топтомдун аракети балансты толуктоого чейин токтотулат.

Түйүндүн ыңгайлуу иштөөсүн камсыздоо максатында MEGA тармагында «трафикти адилеттүү колдонуу эрежеси» тажрыйбаланып келет. Эгерде эсептик мөөнөт аралыгында (акыркы абоненттик төлөм алынган күндөн тарта) абонент тынымсыз чоң көлөмдөгү интернет трафикти жүктөсө жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздык жаратса, тармак учурдагы сутка аяктаганга чейин Интернетке жеткинин ылдамдыгын төмөндөтөт.

Абонент роумингде жүргөн учурда тарифтик опциядан пайдалана албайт.

«Чексиз түн» тарифтик опциясы «Чектөөсүз интернет 1 ГБ» тарифтик опциясынан тышкары, башка бардык аракеттеги ТО/топтомдор менен бир учурда колдонулат.

Тарифтөөнүн аталган шарттарын ишке киргизүү үчүн тарифтик опцияны кошкондон кийин, аракеттеги интернет-сессияны токтотуп жаңысын баштоо максатында телефондук аппаратыңызды өчүрүп-жандыруу зарыл. Антпесе, аракеттеги сессия үчүн мурдагы тарифтөө сакталып калат. Тиешелүү тарифтөөнү камсыздоо үчүн опцияны кошуудан 60 секунда (1 мүн.) өткөндөн кийин тарифтик опциядан пайдалана баштоону сунуштайбыз.

Баалар КНСти жана ССти эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.

Опция иштеши үчүн, негизги тариф топтому активдүү болуп, баланс оң болушу керек.


Сунушталган кызматтар

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы