Перейти на новый сайт

"Телефон кайда?"

  • Сүрөттөлүшү
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Кайсы бир жерге  унутуп, калтырып койгон  телефонуңузду кантип табуу керектигин ойлонуп жатасызбы?

MegaComдун "Телефон кайда?" уникалдуу сервиси Сизге жардамга келет!

Сервистен колдонуу үчүн компаниянын  Сатуу жана тейлөө борборуна кайрылуу жетиштүү. Биздин адистердин жардамы менен Сиз тез аранын ичинде арызыңызды толтуруп жана мобилдик түзмөгүңүздүн кайсы жерде экендиги тууралуу маалымат алсаңыз болот.

Жаныңызда инсандыкты ырастоочу документиңиздин болушу шарт.

Бир ийгиликтүү аткарылган сурамдын наркы КНСти жана ССти эсепке алуу менен  50 сомду түзөт.

Мобилдик түзмөктүн координаттары тууралуу маалымат  мобилдик түзмөк активдүү режимде болгон учурда  жана  өчүрүлгөн убактысы  24 сааттан ашпаса  гана берилет.    

Мобилдик түзмөк өчүрүлгөн маалдан  тарта 24 сааттан ашык убакыт өткөн болсо, сурам ийгиликтүү аткарылган жок деп эсептелинет, телефондун кайсы жерде экендиги тууралуу маалыматты  берүүгө мүмкүн болбойт жана төлөм алынбайт.

Эгерде абоненттин номурунда тыным кызматы кошулган болсо, анда түзмөктүн кайсы жерде экендигин аныктоого мүмкүн эмес.

Мобилдик түзмөктүн кайсы жерде экендигин  аныктоонун тактыгы төмөндөгүдөй:

  1. шаарларда: 200дөн 700 метрге чейин,
  2. айылдарда: 250 метден 3 километрге чейин,
  3. трассаларда: 1 километрден  25 километрге чейин (калктуу конуштар жок жерде).

Чыккан акы төлөнүүчү кызматтар (телефония, SMS жана Интернет) өчүрүү чегине жеткен болсо, «Телефон кайда» сервисинен колдонууга болбойт.Мындай учурда балансыңызды толуктап коюу жетиштүү.

Эгерде сиз корпоративдик абонент болсоңуз, сиз тейленген Корпоративдик топтун жетекчисине кайрылууңуз зарыл, ал арызды алдын ала толтуруп, сизге маалымат алууга жардам берет.

Кызмат MegaCom түйүнүндө гана көрсөтүлөт жана бардык тарифтик пландарда жеткиликтүү.


Сунушталган кызматтар

  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • Киоск

    кызматы

  • «Балдар кайда?»

    кызматы