Перейти на новый сайт

Көңүл бургула, бул архивдеги акция

«Улуу Жеңиш!» SMS-марафону

Акция «Улуу Жеңиш Күнүн» эсинен чыгарбастан каардуу согушту башынан кечирген аталарыбыздын каармандыгына таазим этүүнү каалагандар үчүн, эң башкысы жылдан-жылга катарлары суюлуп бара жаткан ардагерлерибизди колдоо максатында уюштурулуп келет.

Абоненттер тарабынан топтолгон каражаттар Даңк, Кызыл Жылдыз ордендеринин кавалерлери, Эрдик жана Күжүрмөндүк, Берлин жана Кенигсбергди алганда көрсөткөн каармандагы үчүн медалдарынын ээлери болгон ардагерлерибизге Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигинин Мобилизациялык башкармалыгынын учурдагы тизмеси боюнча бөлүнүп берилет.

«Социалдык жактан жоопкерчиликтүү MegaCom мобилдик оператору, өз абоненттерине «Ырахмат!» айтып, ыраазычылыгын билдирет жана кайрымдуулук акциясынын алкагында топтолгон каражат толук көлөмдө УАС ардагерлерине тапшырыла тургандыгына кепилдик берет. MegaCom түйүнүнө бир жолу кошулган абонент «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган»  ынтымактуу команданын чыныгы мүчөсү болуп калат. MegaCom үчүн ар бир абонентинин тандоосу жана көрсөткөн ишеними өзгөчө баага тете», - деп белгилей кетти, MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн топтолгон каражаттар ардагерлердин өз колдоруна  тапшырылат. Иш-чаранын жыйынтыгы тууралуу фотобаян менен коштолгон толук маалымат расмий сайттын «Акциялар жана лоялдуулук программалары» бөлүмүндө жайгаштырылган. Мындан тышкары, ММК аркылуу да таанышууга болот.

Бул акция Кыргызстандын аймагында MegaCom компаниясы тарабынан алгачкы эле жолу өткөрүлүп жаткан жок. Акция жаңыдан эле демилгелене баштаган 2012-жылы 722 миң 263 сом, ал эми 2013-жылы 509 538 сом чогулган. 2014-жылы MegaCom абоненттери тарабынан бир айдан бир аз ашыгыраак убакыттын ичинде, бардык салыктар кармалгандан кийин  474 342 сом топтолгон. 2015-жылы MegaCom абоненттери беш миңден ашуун SMS жөнөтүшкөн, бул көрсөткүч салыктардан тышкары 924 068 сом чогулган деген менен барабар.

  • 2017-жылдагы  SMS-марафондун жыйынтыктары бул жерде.
  • 2016-жылдагы  SMS-марафондун жыйынтыктары бул жерде.
  • 2015-жылдагы  SMS-марафондун жыйынтыктары бул жерде.
  • 2014–жылдагы SMS-марафондун жыйынтыктары бул жерде.
  • 2013-жылдагы  SMS-марафондун жыйынтыктары бул жерде.
  • 2012–жылдагы SMS-марафондун жыйынтыктары бул жерде.

Мындан тышкары, республика боюнча компания тарабынан колдоого алынган Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жана оорукта эмгектенген миң ардагерге ар жыл сайын Жеңиш Күнүнө жана Карылар күнүнө карата эки миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүлүп турат. Бул максатта компаниянын жеке каржылык резервдеринин эсебинен 4 миллион сом бөлүнөт. Кошумчалай кетсек, ата мекендик мобилдик оператор дал ушул майрам күндөрү атайын иш-чараларды жана «Жакындарга чалуу» акысыз линиясын уюштуруп берүүнү да эсинен чыгарбайт.

Эч ким, эч нерсе унутулбайт!