Перейти на новый сайт

MegaCom абоненттери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин колдоо  максатында  22 миңден ашуун СМС билдирүү жиберишкен.

MegaCom абоненттери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин колдоо  максатында  22 миңден ашуун СМС билдирүү жиберишкен.

 

MegaCom компаниясы жыл сайын өтүүчү “Улуу Жеңиш!” СМС-марафонунун жыйынтыгын чыгарууда. Аталган марафон 2016-жылдын 6-апрелинен 15-майына  чейин өттү. Акциянын жүрүшүндө MegaCom абоненттери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин колдоо үчүн 1945 кыска санына 22 миңден ашуун СМС билдирүүлөрдү жиберип, бардык салыктарды эсепке  алганда 380 307 сом топтой алышты.

Бул каражат Кыргыз Республикасынын Коргоо иши боюнча мамлекеттик комитеттин тизмесине ылайык, бардык ардагерлерге бирдей бөлүнүп берилет. Акциянын жыйынтыгы боюнча отчет компаниянын расмий сайтына,FacebookInstagramTwitter жана Одноклассники социалдык тармактарындагы расмий баракчаларга, аны менен катар ММКларга жарыяланмакчы.

MegaCom “Улуу Жеңиш!” СМС-марафонуна катышкан абоненттеринин баарына ардагерлерибиздин жашоосуна кайдыгер карабагандыгы жана компанияга ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Белгилей кетчү жагдай, уюлдук оператор өз бюджетинин эсебинен өлкө боюнча 1000 ардагердин ар бирине 2000 сомдон тапшырып, жалпысынан алганда  2 миллион сом кошумча каражат бөлдү. Мындан тышкары, майрамдык концерт көрсөтүлүп, акысыз байланыш линиясы уюштурулду. Анын жардамы менен ардагерлер дүйнөнүн каалаган өлкөсүндө жашаган жакын адамдарына, досторуна жана чогуу кызмат өтөгөндөрүнө бекер байланышууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Ардагерлер мындай көңүл бурууга, камкордукка ыраазычылыктарын билдирип, баталарын беришти. “Акча каражаттарын сактоочулардын кызыкчылыктарын коргоо коому” коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн атынан MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркуловдун дарегине ыраазычылык кат келип түштү.

“Биздин коомдун мүчөлөрүнө – Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине көрсөткөн жардамыңыздар үчүн сизге жана кызматкерлериңизге ыраазычылык билдиребиз. Бул жардам  ардагерлердин жашоосуна  түстүү  боек сүртүп, араң күн көрүп жүргөн айрым ардагерлер дарыланып да алышты. Сиздердин боорукердигиңиздерге чын жүрөгүбүздөн ыраазычылык билдиребиз. Бекем ден соолук жана иштериңиздерге ийгилик каалайбыз” деп жазылат ыраазычылык катта.

Сунушталган кызматтар

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы

  • «4 тил»

    кызматы

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы