Перейти на новый сайт

MegaCom “Улуу Жеңиш!” акциясынын жыйынтыгын жарыялайт

MegaCom “Улуу Жеңиш!” акциясынын жыйынтыгын жарыялайт

MegaCom компаниясы, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине колдоо көрсөткөн, б.а. SMS жөнөтүү менен 1945 кыска номуруна 30 сом которуп “Улуу Жеңиш!” кайрымдуулук SMS-акциясына катышкан бардык абоненттерине ыраазычылык билдирет

2013-жылдын 20-мартынан 13-майына чейин созулган кайрымдуулук акциясынын жүрүшүндө салыктардан тышкары 509 538 сом чогулган. Топтолгон каражат Даңк, “Кызыл жылдыз” Ордендеринин кавалерлери, Эрдик жана Күжүрмөндүк үчүн медалдарынын ээлери болгон ардагерлерибизге КРдин Коргоо Министрлигинин Мобилизациялык башкармалыгынын тизмеси боюнча бөлүнүп берилет.

Быйыл экинчи ирет өткөрүлүп жаткан демилгелүү акция компания үчүн да, абоненттер үчүн да Мекен коргоочуларына карата болгон өз урмат-сыйын билдирүүнүн өбөлгөсү болду десек жаңылбайбыз.

Улуу Жеңиш күнүн утурлай, атайын майрамдык иш-чара уюштуруу уюлдук компания үчүн салтка айлангандай. Салтанаттуу аземге чакырылган 1000 ардагерге 2000 сом өлчөмүндөгү бир жолку акчалай жардам көрсөтүү үчүн Компания тарабынан жалпысынан 2 миллион сом бөлүнгөн.

MegaCom чоң аталарыбыздын, аталарыбыздын эрдигине таазим кылат жана унутпайт.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Спорт порталы»

    кызматы

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon
  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы