Перейти на новый сайт
MegaCom Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине акция алкагында топтолгон акча каражаттарын тапшырды

MegaCom Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине акция алкагында топтолгон акча каражаттарын тапшырды

Материалдык жардам Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер башкармалыгынын жергиликтүү органдар Башкы башкармалыгы тарабынан берилген тизмеге ылайык ар бир ардагер 5 миң сомдон алышты.

2015-жылдын 25-мартынан 15-майына чейин MegaCom абоненттери 1945 кыска номуруна SMS жөнөтүп турушкан. «Улуу Жеңиш!» кайрымдуулук акциясынын алкагында топтолгон акча каражаттары Даңк, Кызыл Жылдыз ордендеринин кавалерлери, Эрдик жана Күжүрмөндүк, Берлин жана Кенигсбергди алганда көрсөткөн каармандагы үчүн медалдарынын ээлери болгон ардагерлерибизге бөлүнүп берилди.

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы белгиленген ушул жылы MegaCom абоненттери тарабынан 50 миңден ашык SMS жөнөтүлгөн, бул 924 068 сом (салыктардан тышкары) топтолду дегенди билдирет. Мекенчилдик сезимди жогору койгон кыргызстандыктар улуу муундун басып өткөн жолуна дагы бир таазим кылышты десек жаңылышпайбыз.

Сунушталган кызматтар

  • Конференц-байланыш

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • Ким чалды?

    кызматы