Перейти на новый сайт
MegaCom “Улуу Жеңишке – 67 жыл!” SMS-акциясынын жыйынтыгын чыгарууда

MegaCom “Улуу Жеңишке – 67 жыл!” SMS-акциясынын жыйынтыгын чыгарууда

Өлкөнүн алдыңкы уюлдук оператору MegaCom, Жеңиш Күнүнүн 67 жылдыгын майрамдоого байланышкан кайрымдуулук SMS – марафонунун жыйынтыктарын расмий түрдө чыгарууда. Акция 2012-жылдын 6-апрелинен 10-майына чейин өткөрүлгөн. Бир айдын аралыгында, MegaCom абоненттери, өзүнүн мобилдик телефондорунан 1945 кыска номерине SMS-билдирүү жөнөтүү менен Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин колдоо эсебине 20 сомдон которушкан. Акция алкагындагы мындай которуулардын салыктар кармалгандан кийинки жалпы суммасы 722 миң 263 сомду түздү.

Абоненттерден чогулган каражаттар Даңк, “Кызыл жылдыз” Ордендеринин кавалерлери, Эрдик жана Күжүрмөндүк үчүн медалдарынын ээси болгон ардагерлерибизге бөлүнүп берилип, 267 ардагер болжол менен 2705 сомдон алышат. Тизмелери КРдин Коргоо Министрлигинин Мобилизациялык башкармалыгынын жардамы менен түзүлгөн.
“Улуу Жеңишке – 67 жыл!” кайрымдуулук SMS-акциясы, өз келечек муунуна бейкут жашоону тартуулаган Мекенибиздин даңктуу коргоочуларына карата болгон кыргызстандыктардын урматтоосун далилдейт! MegaCom компаниясы, өз абоненттерине, боорукердиги жана көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирет.
Мындан тышкары, Улуу Жеңиш күнүнүн босогосунда, уюлдук компания тарабынан дагы иш-чара уюштурулуп, ага республика боюнча 1000 ардагер чакырылган. Салтанаттуу аземге келген Улуу Ата-мекендик согуштун ардагерлери, тылдын эмгекчилери, Ленинград блокадасынын катышуучулары, концлагерлердин туткундары үчүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында майрамдык концерт уюштурулган. Чоң апаларыбыздын жана чоң аталарыбыздын майрамдык маанайын көтөрүү үчүн, Кыргыз Республикасынын эл артисттеринин аткаруусундагы музыкалык чыгармалар тартууланып, жана да чакырылган ар бир ардагерге гүлдестелер жана 2000 сом өлчөмүндөгү бир жолку жөлөкпул берилген.

Улуу Жеңиш майрамын утурлай, компаниянын Башкы директорунун милдетин аткаруучусу Азамат Урбаев Бишкек шаарындагы төрт ардагер-карыянын үйлөрүнө барып, аларга куттуктоо сөзүн жолдоп, Мекени үчүн жалындуу жаштык жылдарын арнаган ардагерлерибизге сый-урмат көрсөтүүнүн белгиси катары бир жолку жөлөкпул салынган конверттерди, таттуу белек – фирмалык торт, гүлдестелерди, уюлдук аппараттарды тартуулап, “Тунук” тарифтик планындагы SIM-карталарды жана 1300 акысыз мүнөткө сертификат тапшырган эле.

MegaCom чоң аталарыбыздын, аталарыбыздын эрдигине таазим кылат жана унутпайт.

 

Сунушталган кызматтар

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1
  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы