Перейти на новый сайт


4 жума үчүн «Чалуулар»

Каалашыңча баарлаш!
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр
  • Түйүндөн тышкары 100 мүнөткө  чейин!
  • 4 жума үчүн дароо төлө!
Топтом Чалуулар Эконом Чалуулар Стандарт

4 жума үчүн  абоненттик төлөм, сом 

225 300
Түйүн ичинде, анын ичинде Salam брендинин номерлерине чыккан чалуулар ЧЕКТӨӨСҮЗ ЧЕКТӨӨСҮЗ
КРдин башка мобилдик операторлорунун номерлерине чыккан чалуулар* 10 мүнөт 100 мүнөт
**Интернет-трафиктин көлөмү Күн сайын 500 МБ:
250 МБ ( 24 саат аракетте болот) + 250 МБ  (саат 00:00 дөн  08:00гө чейин)
Күн сайын 250 МБ  − бөлүүсүз жана мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкта
Түйүн ичинде чыккан SMSтер 100 SMS 200 SMS
Суткалык топтом 10 сомдук суткалык топтом 10 сомдук суткалык топтом

*«Нур Телеком» (О! бренди), «Скай Мобайл» ЖЧК ( Beeline бренди).

  • Топтомдордун наркы

    Чалуулар Эконом

    225.0
    сом.

    Чалуулар Стандарт

    300.0
    сом.
  • Абоненттик төлөмдү эсептен чыгаруу чеги

    Чалуулар Эконом

    225.0
    Сом.

    Чалуулар Стандарт

    300.0
    сом.
  • Чыккан чалуулар

    «Альфа Телеком» ЖАКтын жана «Салам» соода маркасынын номерлерине чыккан үн жана видео чалуулар,1 мүнөтү үчүн

    0.95
    сом.

    «Альфа Телеком» ЖАКтын жана Кыргызстандын байланыш операторлорунун номерлерине чыккан SMSтер

    0.95
    сом.

    Кыргызстандын мобилдик операторлорунун номерлерине чыккан үн жана видео чалуулар ( «Sky Mobile» ЖЧК,  «НУР Телеком» ЖЧК), 1 мүнөтү үчүн

    1.95
    сом.

    Катталган байланыш операторлорунун номерлерине чыккан чалуулар, 1 мүнөтү үчүн

    5.95
    сом.

    Эл аралык операторлордун номерлерине чыккан чалуулар

    «Эл аралык байланыш» кызматынын тарифтөөсүнө ылайык.
  • Кирген чалуулар

    КРдин операторлорунун катталган номерлеринен кирген чалуунун наркы (түз номерлөөсү менен номерлер үчүн), 1 мүнөтү үчүн

    5.0
    сом.

    Аныкталбаган оператордун номерлеринен кирген чалуунун наркы (түз номерлөөсү менен номерлер үчүн), 1 мүнөтү үчүн

    3.0
    сом.

    Түз эмес номерлөөсү менен номерлер үчүн бардык кирген чалуулар, эл аралык жана КРдин  мобилдик операторлорунун номерлеринен (түз номерлөөсү менен номерлер үчүн) кирген чалуулар, 1 мүнөтү үчүн

    0.0
    сом.
  • Жана башкалар

    Абоненттик төлөмдүн наркы бардык салыктарды эсепке алуу менен көрсөтүлгөн (КНС жана СС).

    Интернеттин, чыккан чалуулардын жана SMSтердин базалык тарифтөөсүнүн наркы тарифтин алкагында КНСти эсепке алуу менен, ССти эсепке албастан көрсөтүлгөн.

    Сүйлөшүүнүн узактыгы 3 секундага чейин болсо, белгиленген тарифтелбей турган интервалга ылайык чыккан чалуулардын алгачкы 3 секундасы тарифтелбейт, 4-секундадан тарта чалуу толук көлөмдө тарифтелет (1-сек.баштап).

    Кыргызстан боюнча чалуулардын тарифтөөсү 1 секунда.

    Тарифтик пландын топтомдорунун алкагында КР боюнча чалууларды тарифтөөнүн негизги кадамы – 10 секунда.

    Топтомдор боюнча интернет-трафикти тегеректөө кадамы – 100 КБ.

    Кайра даректөөдө топтом боюнча мүнөттөрдүн көлөмү аракетте болбойт, чалуулар базалык тарифтөөгө ылайык тарифтелет.

    Топтомдор роумингде жеткиликтүү эмес.

    Тарифти кошууда, тарифке өтүүдө же аталган тарифтик план менен SIM-картаны активдештирүүдө Абонентке 14 сутка акысыз аракет мөөнөтү менен  «Ассистент» кызматы көрсөтүлөт. Акысыз мөөнөт аяктагандан кийин  (15-суткадан тарта ), «Ассистент» кызматы абонент өзү өчүргөнгө чейин стандарттык шарттарда (суткасына 1,99 сом, сатуу салыгысыз) көрсөтүлө баштайт.

    Бул тарифтик планга өтүүдө «Ассистент» кызматы номерде кошулган болсо, акысыз аракет мөөнөтү менен кызматты кайрадан кошууга мүмкүн болбойт.

    .

  • Төмөндөгү буйруулар аркылуу өз алдынча өтүүгө болот

    Чалуулар Эконом

    *778*27#

    Чалуулар Стандарт

    *778*28#
  • Тарифти автоматтык түрдө алмаштырууну пландоо – учурдагы тарифтин аракет мөөнөтү аяктагандан кийин тариф автоматтык түрдө алмаштырылат

    Учурдагы тарифтин аракет мөөнөтү аяктаганда «Эконом Чалуулар» топтомуна өтүү

    *778*27*1#

    Учурдагы тарифтин аракет мөөнөтү аяктаганда «Чалуулар Стандарт» топтомуна өтүү

    *778*28*1#

    Табыштаманы жокко чыгаруу

    *775*0#

    Табыштаманын статусун текшерүү

    *775#
  • Жана башкалар

    Топтомдун статусун текшерүү

    *778#

    Топтомдор боюнча калдыктарды текшерүү

    *505#

Тарифтик пландын алкагындагы топтомдор баланста жетиштүү сумма болгон шартта (АТ эсептен чыгаруу чегине барабар) төмөндөгү учурларда автоматтык түрдө жаңыланат:

- Топтомдордун аракет мөөнөтү аяктаганда (4 жума). Топтом сутканын кайсы убактысында кошулган болсо, сутканын ошол убактысында жаңыланат.

- Эгерде абонент ТП алкагында бардык топтомдорду сарптай электе, же болбосо бир топтомдордун бирин сарптагандан кийин топтомду жаңылоону кааласа, абонент топтомду жаңылоо үчүн баланста абоненттик төлөмдү төлөө үчүн жетиштүү сумма болгон шартта топтомго өтүү буйруусун өз алдынча терүүсү зарыл.

- Негизги мөөнөт аяктаганга чейин топтомдорду жаңылоо баланста жетиштүү сумма болгон учурда (USSD-буйрууну терүү аркылуу) ишке ашырылат.

- Топтомдорду 4 жумага кайрадан кошууда, топтом боюнча сарпталбай калган мүнөттөрдүн, смс-тердин жана интернеттин калдыктары эч бир учурда которулбайт.

- Тарифтин алкагында негизги топтомду жаңылоого жана кезектеги абоненттик төлөмдү төлөөгө баланста каражат жетишсиз болгон шартта, негизги тарифтөөнү болтурбоо үчүн, суткалык топтом кошулганга чейин же негизги топтом жаңыланганга чейин акы төлөнүүчү чыккан үн чалууларын аткаруу жеткиликтүү болбойт.

- Абоненттерге  ыңгайлуу болуш үчүн, жумалык топтомду кошуу же жаңылоо үчүн каражат жетишсиз болгон учурда, негизги тарифтөөнү болтурбоо үчүн, төмөнкү“Суткалык” топтом жеткиликтүү:

10 сомго суткалык топтом: 100 МБ интернет-трафик, түйүн ичинде чалуулар үчүн 50 мүнөт жана 10 SMS, КРдин башка мобилдик операторлорунун номерлерине  чалуулар үчүн 3 мүнөт– кошулуу буйруусу *778*15#чалуу.
Суткалык топтомду *778#0# буйруусу аркылуу өчүрүүгө болот.
Суткалык топтомду өчүрүүдө топтомдун калдыктары күйүп кетет.

Интернетти Wi-Fi аркылуу акысыз таратуу «Чалуулар Эконом», «Чалуулар Стандарт» топтомдорунда жеткиликтүү эмес. Бул топтомдордо  Wi-Fi аркылуу интернет таратуу «Wi-Fi таратуу» акы төлөнүүчү кызматын кошууда (шилтеме) гана мүмкүн болот. Кызматты кошуу: *776#.

Эгерде негизги топтомдо интернет таратуу жеткиликтүү эмес болсо, кошумча интернет опциясын кошкондо да интернет таратылбайт. Интернетти телефонуңуз аркылуу таратуу үчүн, "Wi-Fi таратуу" кызматын кошуу керек.

Абоненттик төлөмдү эсептен чыгаруу чеги, тандалган топтомго жараша аныкталат: 225,00; 300,00; 360,00 сом.

Топтомду алмаштырууда калдыктар которулбайт.

  • Интернет топтомдордон тышкары интернет берилбейт, интернетке бөгөттөө коюлат.
  • Максималдуу ылдамдыктагы интернет-трафик күн сайын берилет. Топтомдордун алкагында максималдуу ылдамдыктагы суткалык интернет-трафик ченинен ашып кеткенде интернеттин ылдамдыгы азаят.
  • Чектөөсүз интернет топтомдор боюнча ылдамдык трафикти адилеттүү колдонуу саясатына ылайык аныкталат (FUP).
  • Fair Usage Policy (FUP) тарифте компаниянын бардык абоненттеринин интернеттен ыңгайлуу пайдалануусун камсыздоо үчүн колдонулган жана жүктөм ашыкча болгон учурда түйүндүн ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүүгө шарт түзөт. Эгерде эсептешүү мезгилинин  ичинде (абоненттик төлөм акыркы жолу алынган күндөн тарта) абонент интернеттин өзгөчө чоң көлөмүн колдонуп жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, система абоненттик төлөм кийинки жолу алынганга  чейин (эсептешүү мезгилинин аягына чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөм алынган күндөн тарта интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү автоматтык түрдө калыбына келтирилет. 

Мындай ыкма түйүндүн ресурстарын абоненттердин ортосунда бирдей бөлүштүрүүнү шарттайт жана мүмкүн болгон жогорку ылдамдык камсыздалат.

  • Тарифтик пландын урунуу циклы стандарттык шарттарга ылайык аныкталат:

  https://www.megacom.kg/pages/zhiznennyy-tsikl-abonentov?locale=kg

  • Кайра даректөөдө негизги топтомдор боюнча мүнөттөрдүн көлөмү аракетте болбойт, тарифтөө абоненттин тарифтик планына жараша жүргүзүлөт.
  • P2P (торрент) жана FTP файл алмаштыруу түйүндөрүнөн жүктөө ылдамдыгы чектелген.
  • Көңүл буруңуз! Сиз тандаган топтомду кошуу үчүн SIM-картаны активдештирүүдө, толуктоо  суммасына  башка топтомду кошууну  болтурбоо үчүн, топтомдун абоненттик төлөмүнүн өлчөмүнөн 1 сомдон  5 сомго чейин ашыкча болгон суммага балансты толуктоо талап кылынат. Кошулгандан кийин, топтом стандарттык шарттарда иштейт.

Маанилүү: «НК «Кыргыз Темир Жолу»» мамлекеттик ишканасынын: 996312926хxx- 996312927ххх, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын: 99631289xxxx, «Сатком» ЖЧКнын: 99631296xxx - 996312964ххх, «Абател» ЖЧКнын: 99632229хxxx - 99632229xххх катталган номерлерине чыккан чалуулар, КНСти эсепке алуу менен, ССти эсепке албастан, мүнөтүнө 7,99 сомдон тарифтелет.

  • Топтомдун абоненттик төлөмү бардык салыктарды эсепке алуу менен көрсөтүлгөн (КНС жана СС).
  • Тарифти кошууда, тарифке өтүүдө же аталган тарифтик план менен SIM-картаны активдештирүүдө  Абонентке «Ким чалды» кызматы абоненттик төлөмсүз – акысыз кошулат.

  • Тарифтин  алкагында  Интернеттин, чыккан чалуулардын жана SMSтердин  базалык тарифтөө наркы кошумча нарк салыгын эсепке алуу менен, сатуу салыгын эсепке албастан көрсөтүлгөн.

Сунушталган кызматтар

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon