Перейти на новый сайт


VoLTE

  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

VoLTE, же Voice over LTE — 4G түйүнү аркылуу чалуу аткарууга мүмкүнчүлүк түзгөн жаңы муундагы үн байланышы. Ачык, таза үн менен заматта чалып байланышуу технологиясы.

Услуга VoLTE - MegaCom

Кошуу

0.0
сом.

  • USSD-буйруу

    Кызматты кошуу

    *260*1#

    Кызматты өчүрүү

    *260*0#

    Сервис тууралуу маалымат

    *260#
  • SMS-буйруу

    Кызматты кошуу

    «1» саны менен 260 кыска номерине SMS жөнөтүү керек

    Кызматты өчүрүү  

    «0» саны менен 260 кыска номерине SMS жөнөтүү керек

    Сервис тууралуу маалымат

    «1» жана «0» сандарынан тышкары, башка каалагандай текст менен 260 номерине SMS жөнөтүү керек
  • IVR-буйруу

    Кызматты кошуу

    Звонок со своего мобильного телефона по номеру *260
  • Salam брендинин тарифтик пландарынан жана да  «СуперЧектөөсүз4G», «МегаБит»,  «Wi-Fi роутер»,  «Ыкчам интернет», «Акылдуу түзмөк», «М2М», «SIP», «Үй интернети» тарифтер түркүмүнүн тарифтик пландарынан тышкары, башка бардык коммерциялык тарифтик пландарда жеткиликтүү. 
  • Номерде LTE кызматы болушу керек, эгерде ал өчүрүлгөн болсо, VoLTE кызматы автоматтык түрдө өчүрүлөт.
  • Эгерде баарлашуу LTE түйүнүндө  башталып, сүйлөшүү учурунда абонент LTE камтуу аймагынан чыкса, анда абонент 3G/2G тейлөө түйүнүнө  үзгүлтүксүз өтөт, ал эми LTE камтуу аймагына кайтып келгенде, LTE тейлөө түйүнүнө чалуу аяктагандан кийин гана өтүүгө болот.
  • Кызматты кошуу убактысы сурам алынгандан  учурдан тартып 7 күнгө чейин болушу мүмкүн.

 

 

Кандай шарттарда VoLTE смартфондо иштебей  калышы мүмкүн?

Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн бардык кадамдарды аткаргандан кийин, VoLTE кызматы  иштебесе, анда  телефондун өндүрүүчүсүнөн MEGA Кыргызстан түйүнү үчүн иштелип чыккан кезектеги жаңылоону  күтүшүңүз керек.

 

Мен азыр турган жерде VoLTE  жок болсо, эмне болот?

Үн чалуулар 3G/2G түйүнүндө да жеткиликтүү болот.

 

VoLTE технологиясын кантип ишке киргизүү керек?

Android үчүн: Тескөөлөргө кириңиз → Мобилдик түйүн/Зымсыз түйүндөр ​​→ Мобилдик маалымат өткөрүү/Мобилдик түйүн → VoLTE.

iOS үчүн: Тескөөлөргө кириңиз  → Уюлдук байланыш → Маалымат параметрлери → Үн жана маалыматтар/LTE → VoLTE.

 

VoLTE канча турат?

Түйүндү активдештирүү акысыз, VoLTE түйүнүнө  өтүү учурдагы тарифтөө шарттарын өзгөртпөйт.

 

VoLTE тармагынын диапазонунда экенимди кантип билем?

Түйүн ийгиликтүү активдештирилип, түйүндү автоматтык тандоо коюлса, жана да VoLTE түйүнүнүн камтуу аймагында болгон учурда, сигналдын деңгээлин көрсөткөн индикатордун жанынан "VoLTE" белгисин көрөсүз.

 

VoLTE кайсы жерде иштейт?

4G аймагында MEGA'нын VoLTE түйүнү жеткиликтүү болгон аймактар түйүндүн  ​интерактивдүү камтуу картасында белгиленген.

Мен VoLTE'ни  көпкө чейин колдонбой калсам эмне болот?

Кызмат 14 күндүн ичинде колдонулбаса, VoLTE кызматын көрсөтүү убактылуу токтотулат. VoLTE кызматын колдонууну улантуу үчүн, *260# буйруусун терүү (акысыз) жана түзмөгүңүздүн тескөөлөрүндө тиешелүү орнотууларды активдештирүү керек.

• Сиз жашаган аймакта VoLTE технологиясы жеткиликтүү.  Сиз VoLTE  технологиясы жеткиликтүү болгон аймактасыз.

SIM-карта LTE түйүнүндө иштейт. (Эгерде сизде мобилдик түзмөгүңүз эки симкалуу  болсо, MEGA SIM- картаны биринчи уячага которушуңуз керек.)

Абоненттик түзмөк VoLTE  түйүнүндө иштейт  жана анда MEGA Кыргызстан түйүнү үчүн иштелип чыккан микропрограмма бар.

 

VoLTE шарттары кандай шарттарда иштейт?

Абонент LTE түйүнүнүн камтуу аймагында болушу керек (4G).


Сунушталган кызматтар

  • «Балдар кайда?»

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon
  • Wi-Fi таратуу

    кызматы