Перейти на новый сайт

«Роумингде балансымды толукта»

Роумингде жүргөндө балансты толуктоо сурамын жиберүү мүмкүнчүлүгү

Роумингде жүргөндө MEGA абоненттине балансты аныкталган суммага толуктоого суранычын жөнөтүү 

0.0 сом.
  • Сүрөттөлүшү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Чет өлкөдө болсоңуз да, өзүңүздүн жакындарыңызга балансыңызды толуктоо сурамын жиберсеңиз болот

Кызмат роумингде жүргөн абонентке туугандарына жана жакындарына өзүнүн мобилдик эсебин толуктап берүү өтүнүчүн жөнөтүүгө шарт түзөт.

Сиздин туугандарыңыз жана жакындарыңыз төмөндөгү билдирүүнү алышат: 055xxxxxxx абоненти роумингде жана Сизден ххххх сомго балансын толуктап берүүнү сурады. Маалымат *500.

Балансты толуктап берүү өтүнүчү

*101#996YYYхххххх#толуктоо суммасы#

Жеткиликтүү болгон сурамдардын калдыгын текшерүү. 
Жергиликтүү Бишкектин убактысы боюнча сутканын ичинде 10 сурамга чейин жөнөтүүгө мүмкүн

*101#

Кызмат боюнча SMS алууну токтотуу (MEGA абоненттери үчүн гана)

*101*1#

Кызмат боюнча SMS алуу мүмкүнчүлүгүн активдештирүү (MEGA абоненттери үчүн гана)

*101*2#

Кызматтан MEGA компаниясынын алдын ала тейлөө формасында тейленген бардык абоненттери акысыз пайдалана алат.

Кызмат MEGA абоненттери үчүн гана жеткиликтүү, ал эми балансты толуктап берүү өтүнүчүн камтыган SMS-билдирүүнү Кыргыз Республикасынын бардык мобилдик байланыш операторлору ала алышат. Абонент, USSD-сурамды жөнөткөн MEGA абонентинин балансын накталай акча каражаттары менен төлөмдөрдү кабыл алуу түйүндөрүнөн, MEGA компаниясынын Сатуу жана тейлөө борборлорунан жана MEGA компаниясынын Фирмалык салондорунан толуктай алат. «Роуминг» кызматы боюнча роумингде жүргөн абоненттер акча каражаттарын балансына «Мобилдик которуу» кызматы аркылуу ала алышат. «Кийин төлөнүүчү роуминг» жана «Кийин төлөнүүчү Интернет-роуминг» кызматтары кошулган абоненттер үчүн «Мобилдик которуу» кызматы аркылуу акча каражатын эсебине алуу жеткиликтүү эмес.

Абонент роумингде гана жүргөн шартта USSD-сурам иштелет. Абонент MEGA үй тармагынан USSD-сурамды жөнөткөн учурда сурам иштелбейт.

USSD-сурам «Роуминг»\«Кийин төлөнүүчү роуминг»\« Кийин төлөнүүчү Интернет-роуминг» кызматтарына кошулган Алдын ала төлөнүүчү формасында тейленүүчү абоненттер үчүн гана жеткиликтүү.

USSD-сурамды «Кийин төлөнүүчү роуминг»\«Алдын ала төлөнүүчү роуминг»\«Интернет роуминг»кызматтарынын өчүү чегинен жогору болгон баланстын абалында жөнөтүүгө мүмкүн.

Эгерде балансты толуктап берүү жөнүндөгү сурамды кабыл алуучу абоненттин номуру өчүрүлгөн же жеткиликтүү эмес болсо, система SMS-билдирүүнү 3 сутканын ичинде жеткирет.

Номурдун жана толуктоо суммасынын туура көрсөтүлүшүнө дайым көңүл буруңуз (5 символдон көп эмес).

Туура эмес тарифтөөнүн алдын алуу үчүн,  роумингге чыгаар алдында кайра даректөө базасында иштеген бардык кызматтарды, жана да телефон аппаратындагы  кол түрүндөгү кайра даректөөнү өчүрүү сунушталат.


Сунушталган кызматтар

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы

  • Конференц-байланыш

    кызматы

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы