Перейти на новый сайт

MegaKassa

Жөнөкөйлөтүлгөн салык режими үчүн ыңгайлуу шайман
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Альфа-Телеком» ЖАК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келген программалык ККМ (MegaKassa) кызматын сунуштайт.

ПККМ деген эмне?

ПККМ − бул салык органдарына маалыматтарды онлайн режимде берүү мүмкүнчүлүгү бар көзөмөл- кассалык машинасы. Программалык касса аппараты  товарларды жана кызматтарды сатуу жана сатып алуу учурунда накталай эсептешүү жүргүзүүдө колдонулат жана фискалдык касса дүмүрчөгү түрүндөгү тастыктоочу документти берет.

MegaKassa онлайн-ККМдин түрлөрү

Колдонуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн, биз онлайн-ККМдин эки түрүн: мобилдик жана персоналдык компьютер үчүн версияларын сунуштайбыз,.

  1. MegaKassa мобилдик версиясы - бул сиздин мобилдик телефондо кассалык аппарат. Бул версия Android иштөө тутумуна ылайыкталган жана кассалык-контролдук машиналардын толук функциялуулугун камтыйт, анын ичинде Z-отчётторду чыгаруу менен кассалык алмашууну жабуу мүмкүнчүлүгү, X-отчётторду кассалык алмашууну жабуусуз чыгаруу, товарларды жана кызматтарды сатуу, сатып алуу, ошондой эле товарларды кайтаруу жана башка функциялар бар. Фискалдык кассалык чектерди кардардын электрондук почтасына же анын WhatsApp номерине жөнөтүүгө болот, же чекти кагаз нускада басып чыгаруу үчүн чек басуучу принтерди колдонсо болот, мисалы: Thermal Receipt Printer, Модели: 58IIK, Кагаздын эни: 58мм жана MPT-II жана башкалар.
  2. «MegaKassa-драйвер» декстоп версиясы компьютерлердеги, ноутбуктардагы жана ультрабуктардагы Windows операциялык чөйрөсү үчүн түзүлгөн жана R-keeper, Frontol сыяктуу каалаган эсеп-кысап бухгалтердик системасы менен иштөөгө ылайыкталган. 

«1С: Ишкана 8. Кыргызстан үчүн чекене» колдонуучулары үчүн «MegaKassa - драйвер» версиясын кошуу типтүү конфигурацияда жеткиликтүү. Эгерде Сиз бизнесиңиздин өзгөчөлүктөрүнө жараша кошумчаланып иштелип чыккан «1C бухгалтерияны» колдонсоңуз, анда «MegaKassa − драйвер» версиясын эсепке алуучу бухгалтердиксистеманы тейлеген айти-адис кошо алат, бул үчүн биз түзAPI интеграциялоо үчүн параметлердин сүрөттөлүшүн берүүгө даярбыз. Чекти кагаз түрүндө басып чыгарып алуу үчүн чек принтери колдонулат, мисалы: Штрих, CITIZEN CTS310II, EPSON T88IV, BRICHBPT3B, Xprinter XP80C, Xprinter Q160, Xprinter Q200 жана башкалар.

MegaKassaнын эки версиясы тең 24 саатка чейин интернетсиз иштөө уникалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, бул соода түйүндөрүнө байланыш үзгүлтүккө учураса,  алардын ишин токтотпоого жана көзөмөлдөөчү органдардын дооматтарын болтурбоого мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, товарлардын маалымдамасын жана сатылган бардык товарлар менен кызматтардын тизмесин көрсөтүү менен фискалдык касса чектерин түзүү функционалы бар,  МегаКассанын колдонуучусу чекене сатуунун суммасын чагылдыруу менен, товарларды жана кызматтарды көрсөтпөстөн фискалдык касса чектерин  бере алат.

MegaKassaꞌны колдонуунун артыкчылыктары

  • жеткиликтүүлүк: кымбат баадагы аппараттык ККМ сатып алуунун зарылчылыгы жок;
  • убакытты үнөмдөө: MegaKassaꞌны каттоодон өткөрүү жана ишке киргизүү MEGA Сатуу жана тейлөө борборлорунда ишке ашырылат, демек, КРдин Мамлекеттик салык кызматына баруу зарыл эмес;
  • ыңгайлуулук: бардык маалыматтар MegaKassa касса машинасында сакталгандыктан,  күн сайын касса китепчесин жүргүзүү тууралуу кам санабай деле койсоңуз болот;
  • көзөмөлдөө: бардык кассалык операцияларды сервистин жеке кабинетинде көзөмөлдөп трууга болот;

MegaKassa: кантип колдоно баштоого болот?

MegaKassaꞌны колдоно баштоо үчүн, MEGA Сатуу жана тейлөө борборлорунун бирине   келип,  келишим түзүү жетиштүү. Жанында төмөнкү документтердин болушу зарыл:

Юридикалык жак үчүн:

  • мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк;
  • аткаруучу органдын бүтүм түзүү укуктарын тастыктаган устав же башка документ;
  • аткаруучу органды дайындоо/шайлоо жөнүндө чечим/буйрук же башка документ (башкы директор, директор, төрага жана башкалар устав, жобо менен аныкталат);
  • паспорттун көчүрмөсү (башкы директордун, директордун, төраганын жана башкалардын);
  • уюмдун мөөрү;
  • банк реквизиттери.

Эгерде келишимге / арызга уюмдун жетекчиси кол койбосо, юридикалык жактын мөөрү басылып, белгиленген тартипте таризделген ишеним катты, өкүлдүн паспортунун көчүрмөсүн берүү зарыл.

Жеке ишкер үчүн:

  • жеке ишкердин каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк жана/же ыктыярдуу патент.
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • банк реквизиттери (эгерде жеке ишкерге банкта эсептешүү эсеби ачылган болсо);
  • мөөр (эгерде бар болсо);
  • салык төлөөчүнүн катталуу картасы (эгерде бар болсо ).

Эгерде ишкер өкүл аркылуу аракеттенсе, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын көчүрмөсү (келишимдерди түзүү укугун көрсөтүү менен) жана өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү берилиши керек.

Натыйжалуу иштөөсү үчүн Android смартфондорунун Android 5 жана андан жогорку версияларын колдонуу талапка ылайык.

MegaKassa программалык камсыздоосунун өзү акысыз, колдонуу наркы тууралуу маалымат «Наркы» бөлүмүндө жайгаштырылган.

 Суроо-жооп

 MegaKassa мене иштоонун жолдору

 Кызматтар учун толом жургузууго банк эсеби

  • Наркы жана тарифтөөсү

    MegaKassa программалык камсыздоосунун өзү акысыз, колдонуу наркына арзандатуулар киргизилет.

    Программалык камсыздоону колдонуу наркына (техникалык тейлөө, абоненттик төлөм ж.б.)  2022-жылдын 31-декабрына чейин төмөндөгүдөй арзандатуулар киргизилет:

    *Колдонуучуну кошуу акысыз жүргүзүлөт

    .
  • NeoFiscal ПККМ (мобилдик телефондор үчүн версиясы)

    Стандарт (ПККМ саны: 2ге чейин)

    200.0
    сом/айына.

    Бизнес (ПККМ саны: 3төн 5ке чейин)

    150.0
    сом/айына.

    Премиум (ПККМ саны: 6 жана андан көп)

    100.0
    сом/айына.
  • NeoFiscalDriver ПККМ (бухгалтердик системалар менен интеграциялоо үчүн версия)

    Стандарт (ПККМ саны: 10го чейин)

    600.0
    сом/айына.

    Бизнес (ПККМ саны: 11 ден 20га чейин) 

    500.0
    сом/айына.

    Премиум (ПККМ саны: 21 жана андан көп) 

    400.0
    сом/айына.

 Постановление Правительства КР "О мерах по внедрению электронной системы фискализации налоговых процедур"

 Постановление Правительства КР "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики по вопросам внедрения электронной системы фискализации налоговых процедур"

 Постановление Правительства Кыргызской Республики "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики «О мерах по внедрению электронной системы фискализации налоговых процедур»

 Постановление Правительства Кыргызской Республики "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики по внедрения электронной системы фискализации налоговых процедур"

 Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений по вопросам внедрения электронной системы фискализации"

ЗАО «Альфа Телеком» (телефон колл-центра 0999 76 66 67, office@megacom.kg) является оператором фискальных данных (согласно записи №4 в Реестре операторов фискальных данных).

“Альфа Телеком” ЖАК (соода белгиси MEGA) Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелинде кабыл алынган №193 “Көзөмөл-кассалык машиналарды жайылтуу чаралары жөнүндөгү” токтомунун талаптарын аткаруу, ошондой эле «MegaKassa» программалык ККМди техникалык жаңы талаптарга шайкеш келтирүүгө жеткирүү максатында 2022-жылдын 1-майынан баштап MEGA’нын Сатуу жана тейлөө борборлорунда, аймактык бөлүмдөрүндө салык төлөөчүлөрдүн келишим түзүүсү убактылуу токтотулганын маалымдайт.

«MegaKassa» программалык ККМге 2022-жылдын 1-майына чейин кошулгандар штаттык режимде тейленет. Мамлекеттик салык кызматынын жаңы талаптарына ылайыкталган ККМди каттоонун иши кайрадан жанданганда бул тууралуу маалымдалат.

Политика конфиденциальности


Сунушталган кызматтар

  • «Маанай»

    кызматы

    icon
  • Автомаалымдоо

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы