Перейти на новый сайт

«ЗОЖ»

Сергек жашоо образы жөнүндөгү портал – бул өзүнө туура кам көрүү. Ден соолук жөнүндө бардыгын айтып беребиз!
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

«СЖО» сервиси (сергек жашоо образы) – бул https://fitness.megacom.kg/ маалыматтык-көңүл ачуучу веб-порталы. Күнүнө 8.00 сомго жазылуу аркылуу порталга кирүүгө болот. Биринчи жолу кошулууда алгачкы 3 күн сервисти акысыз колдонууга болот.

Порталдан сиз туура тамактануу жана спорт жаатындагы көптөгөн пайдалуу маалыматтарды ала аласыз, машыгуу үчүн видеолорду көрүп, боюңузга, салмагыңызга, жашыңызга жана  физикалык активдүүлүгүңүзгө жараша денеңизге күн сайын керектүү энергиянын көлөмүн эсептеп чыгуу үчүн калория калькуляторун колдоно аласыз.

Кошуу

0.0
сом.

Абоненттик төлөм (суткасына)

8.0
сом.

www.fitness.megacom.kg порталында 1МБ наркы (жазылуу алкагында)

0.0
сом.

Маалыматтык сурам / статусту текшерүү

*248#

Жазылуу

*248*1#

Жазылууну өчүрүү

*248*0#
  1. Сергек жашоо образы сервиси «ИМТехнологиялары»  ЖЧК  контент -провайдери тарабынан көрсөтүлөт.
  2. Сервисти «СуперЧектөөсүз 4G», «Ыкчам интернет», «WiFi Роутер», «Акылдуу түзмөктөр» жана  «МегаБит»  тарифтик пландарынан, жана ошондой эле Salam соода маркасынын тарифтик пландарынан тышкары, MEGA компаниясынын бардык абоненттери колдоно алышат.
  3.  Сервис "Тыным" кызматын кошкон абоненттерге көрсөтүлбөйт.
  4.  Сервисти  алгачкы жолу кошууда 72 саатка сыноо мөөнөтү берилет. Сыноо мезгилинин аяктагандыгы жана акы төлөнүүчү жазылуунун башталышы жөнүндө абонентке SMS-билдирүү келет. Эгерде абонент кызматты сыноо мөөнөтү аяктаганга чейин өчүрсө, сыноо мөөнөтү автоматтык түрдө аяктайт. Кийинки жолу кошууда, сервис автоматтык түрдө кошулат жана абоненттик төлөм алынат.
  5. Веб-порталда авторизациялоодон өтүүдө логин катары абоненттин телефон номери жана SMS аркылуу алынган бир жолку жашырын сөз (төрт орундуу код) колдонулат.
  6. Кызмат боюнча SMS -билдирүүлөр 248 кыска номеринен жөнөтүлөт.
  7. Интернет-трафикти тарифтөө  жазылуунун  болгондугуна (болбогондугуна) жараша жүргүзүлөт:
  •  абонентте сервиске  жазылуу жок болсо жана  анын сыноо мөөнөтү кошулбаса, ал веб-порталдын акысыз бөлүмдөрүн гана көрө алат. Бул  учурда абоненттин интернет-трафиги кошулган ТП, ТО же топтомдордун шарттарына ылайык тарифтелет;
  • эгерде абонентте жазылуу бар болсо же кызматтын сыноо мөөнөтү кошулса, анда веб-порталдын бардык акы төлөнүүчү бөлүмдөрүнө кирүүгө уруксат берилет - трафик тарифтелбейт.

8.  Баалар кошумча нарк салыгын  эсепке  алуу менен, сатуу салыгын эсепке албастан көрсөтүлгөн.


Сунушталган кызматтар

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • «Сени издейм»

    кызматы