Перейти на новый сайт

«Ассистент»

Көңүл бургула, бул архивдеги кызмат
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Көңүл бургула, бул архивдеги кызмат

«Ассистент» кызматы чалуу аткарган абоненттердин үн билдирүүлөрүн кабыл алуу менен, же кабыл алынбаган чалуулар жөнүндө колдонуучуга билдирүү менен, колдонуучунун бир дагы маанилүү чалууну өткөрүп жибербөөсүнө, ошондой эле колдонуучунун түзмөгү түйүндө пайда болгон учурда, чалуу аткарган абоненттерге колдонуучунун кайрадан байланышта экендигин маалымдаган билдирүүлөрдү жөнөтүүгө, жана да жеке үн жана SMS-жоопторду коюп алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

 «Ассистент» кызматынын профили төмөндөгүдөй:

  • «Сизге чалышкан» функциясы – баштапкы абалында кошулган (өчүрүүгө мүмкүн эмес).
  •  «Үн почтасы» функциясы – баштапкы абалында кошулган (өчүрүүгө мүмкүн эмес).
  •  «Кайрадан байланышта» функциясы – кошулган эмес (колдонуучу өзү жөндөй алат).
  • «Автожоопбергич» – кошулган эмес (колдонуучу өзү жөндөй алат).
  • «SMS Визитка» функциясы – кошулган эмес (колдонуучу өзү жөндөй алат).

«Үн почтасы» функциясынын жардамы менен, чалуу аткарган абонент колдонуучунун телефону өчүрүлгөн, бош эмес, жеткиликтүү эмес болуп, же болбосо чалуу жоопсуз калган учурларда, ага үн билдирүүлөрүн калтыра алат.

Калтырылган үн-билдирүүлөрүн колдонуучу IVR *970 же кызматтын веб-интерфейси аркылуу каалаган убакта  уга алат.

Эгерде чалуу аткарган абонент үн-билдирүүсүн калтырбаса, «Ассистент» кызматынын колдонуучусуна «Сизге чалышкан» функциясынын шарттарына ылайык, кабыл алынбаган чалуу тууралуу SMS-билдирүү келет.

Эгерде «Ассистент» кызматынын колдонуучусунда “Кайрадан байланышта” кызматы кошулган болсо, ага чалган абоненттерге (колдонуучунун терминалдык түзмөгү түйүндө катталган болсо)  колдонуучунун кайрадан байланышта экендиги жана ага чалууга боло тургандыгы тууралуу маалымдоо жөнөтүлөт. Бул функция MEGA түйүнүнүн ичинде гана иштейт.

«Автожоопбергич» − бул колдонуучунун коюлган тескөөлөрүнө (саламдашуу, кайра даректөөнүн иштөөсүнүн датасы жана убактысы) ылайык үн почтасынын номерине (+996555396030) чалууларды шартсыз кайра даректөө орнотуу.

Функцияны башкаруу www.assistent.kg web-интерфейси аркылуу гана ишке ашырылат.

«SMS Визитка» функциясы «Ассистент» кызматы кошулган жана «SMS Визитка» функциясы активдүү болгон абоненттердин номерлерине чалуу аткарган  Кыргыз Республикасынын уюлдук операторлорунун абоненттерине абонент тарабынан коюлган текст менен автоматтык түрдө жеке SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүүгө шарт түзөт.

SMS-билдирүүлөр кызматты колдонуучу абонент тарабынан берилген жагдай боюнча автоматтык түрдө жөнөтүлөт:

  • Кирген кабыл алынган чалуу (SMS-билдирүү үн байланышы аяктаганда жөнөтүлөт),
  • Кирген кабыл алынбаган чалуу (SMS-билдирүү чалууга жооп берилбеген учурда жөнөтүлөт).

SMS - Визитка функциясын колдонууда MEGA номерлерине 1 SMS-билдирүү жөнөтүү наркы 0,50 сомду түзөт.

SMS - Визитка функциясын колдонууда КРдин башка уюлдук операторлорунун  номерлерине 1 SMS-билдирүү жөнөтүү наркы  1 сомду түзөт.

«Ассистент» сервиси «Технологии связи» ЖЧК контент-провайдери тарабынан көрсөтүлөт.

Кошуу

Акысыз.

Үн кутучасын угуу

Акысыз.

Абоненттик төлөм

1.99
сом/суткасына.

Кызматты кошуу чеги

2.1
сом.

«Ассистент» кызматы боюнча кирген SMSтер

Акысыз.

«Ассистент» кызматын кошуу

жеткиликтүү эмес

«Ассистент» кызматын өчүрүү

*970*0#

«Кайрадан байланышта» функциянын кошуу

*970*2#

«Кайрадан байланышта» функциянын өчүрүү

*970*3#

Сервис тууралуу кыскача маалымат

*970#

Чалган абоненттердин маалымдоолорун өчүрүү

*970*3#

Веб-интерфейсте кызматты кошууну жана авторизациялоодон өтүүнү бөгөттөө

*970*00#

Веб-интерфейсте кызматты кошууну жана авторизациялоодон өтүүнү убактылуу бөгөттөөнү, туруктуу бөгөттөөнү алып салуу

*970*11#
  1. Кызмат роумингде көрсөтүлбөйт, бул учурда  абон.төлөм  абоненттин эсебинен алына берет. Кызматтын аракети кайра даректөөгө негизделгендиктен, ашыкча чыгымдарды болтурбоо үчүн  роумингге чыгуунун алдында  кызматты өчүрүү сунушталат.
  2. Кызмат «Байланыш технологиялары» ЖЧК сервис-провайдери менен биргеликте көрсөтүлөт.
  3. Жаңы абоненттер үчүн  (сим-картаны активдештирүүдө) же тарифтик  пландарга өтүүдө (Стандарт, Интернет жана Чалуулар)  14 күнгө trial-мөөнөт кошулат, тактап айтканда 14 күн  абоненттик төлөм эсептелбейт,  15- күндөн тарта  кызматтын негизги шарттары күчүнө кирет.
  4.  «Ассистент»  кызматын «Ким чалды» кызматы менен бир учурда колдонууга болбойт.
  5. Сыноо мөөнөтү аяктай турган күнгө бир күн калганда, система колдонуучуга триал мөөнөттүн аяктай тургандыгын маалымдайт. SMS- жөнөтүү сөзсүз түрдө 08:00дөн 21:00гө чейин ишке ашырылат.
  6. «Мен чалдым/Мага чалышты» кызматын «Ассистент» кызматы менен бир учурда колдонууга болот.
  7. Кызмат үчүн акы төлөнбөгөн учурда (каржылык бөгөттөө) абонент «Ассистент»    кызматы боюнча анын үн почтасына калтырылган үн билдирүүлөрүн уга албайт. Бул учурда  кабыл алынбаган чалуулар жана Б абонентинин түйүндө пайда болгондугу тууралуу SMS-билдирүүлөр кызматтын статусу каржылык бөгөттөө статусунда турган абонентке келе берет.
  8. SMS-билдирүүнү жеткирүүнүн максималдуу мөөнөтү –  3 сутка.
  9. Кабыл алынбаган чалуулар жана түйүндө абоненттин пайда болгондугу тууралуу абоненттерге (чакырылып жаткан жана чалуу аткарып жаткан) маалымдоо абоненттин профилинин тилине ылайык жүргүзүлүшү керек. Кызматтын алкагында тейлөө тилин алмаштыруу  MEGA'дaн  «4 тил» базалык кызматына ылайык ишке ашат ( *404#).
  10. Үн билдирүүнүн максималдуу узактыгы −  3 мүнөт, минималдуу узактыгы − 3 секунда.
  11. Үн билдирүүлөр кутучасындагы  билдирүүлөрдүн максималдуу саны чектелбейт.
  12. “Тандалгандарды” кошпогондо бир үн билдирүү   7 күн сакталат. Бул мөөнөттөн ашып кеткен учурда билдирүү автоматтык түрдө өчүрүлөт.
  13.  «Ассистент»  кызматы өчүрүлгөндө абоненттин үн кутучасы серверде 7 күн сакталат, андан кийин өчүрүлөт.
  14. Эгерде А абоненти С абонентине (С абонентинде «Ассистент кызматы кошулган) кайра даректөө коюлган Б абонентине чалса, анда кош даректөө иштебейт, абонент стандарттуу автожоопту угат (өчүрүлгөн\жеткиликтүү эмес).
  15. «Үн почтасы» жана «Сизге чалышты» функциялары боюнча маалымдоолор «Аssistent» келет.
  16. Кызмат «Salam» брендинин тарифтик пландарынан, жана да «Wifi-роутер», «Акылдуу түзмөктөр» и «MegaHome» тарифтик пландарынан тышкары, башка бардык коммерциялык тарифтик пландарда  жеткиликтүү.
  17. «Ассистент»   кызматынын технологиялык номери (шартсыз даректөө коюла турган): +996555396030.
  18. Баалар КНСти эсепке алуу менен, ССти эсепке албастан көрсөтүлгөн.
  19. Сервис боюнча номер (IVR жана SMS) «Кыска SMS жана IVR номерлерге тыюу салуу» кызматынын номерлеринин тизмесине кирбейт.

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы