Перейти на новый сайт

«Альфа Телеком» ЖАКтын сапат жаатындагы саясаты

«Альфа Телеком» ЖАК компаниясы (MEGA бренди) – Кыргыз Республикасынын телекоммуникация тармагындагы GSM/WCDMA/UMTS/LTE стандарттарында радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүүчү компания. Сапаттык менеджмент тутуму  маалымат берүү жана электр байланыш кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндө колдонулат.

Биздин миссиябыз – жашообуздун бардык аспектилерин камтыган пайдалуу кызматтарды көрсөтүү менен, ар бир кардар / абонент үчүн күн сайын жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулаган чыныгы өнөктөш болуу.

Кардарлардын көңүлүнө төп келген кызматтарды көрсөтүү, алардын сапатын жакшыртуу боюнча Компания тарабынан колдонулуучу принциптердин негизинде Компаниянын жетекчилиги төмөнкү милдеттенмелерди өзүнө алат:

1. Менеджмент тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана анын колдонулуучу  талаптарга шайкеш келүүсүн камсыз кылуу, Компаниянын бизнес-процесстерине Сапаттык менеджмент тутумунун  талаптарын интеграциялоону камсыз кылуу;

2. Өндүрүш процесстерин, кардарларды тейлөөнү, өнүмдөрдү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн  түрлөрүн жакшыртуу жана өркүндөтүү;

3. Бардык кызыкдар тараптардын (кардарлар, коом, өнөктөштөр, мамлекет) узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө болгон мүдөөлөрүн эске алуу жана канааттандырууга умтулуу;

4. Шыктануу менен эмгектенүүнү, лидерликти, корпоративдик рухту, компетенттүүлүктү жогорулатуу, ошондой эле өз максаттарына натыйжалуу жетүү үчүн кызматкерлердин арасында тобокелге багытталган ой жүгүртүүнү өнүктүрүү;

5. Көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын ар дайым жогорулатуу үчүн өндүрүш процесстерине үзгүлтүксүз мониторинг, көзөмөл жана талдоо жүргүзүү;

6. Компаниянын туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү жаңы технологиялык жана башкаруучулук чечимдерди ишке киргизүү;

7. Өнүмдөрдүн сапатын жоготпостон, чыгымдарды жана тобокелдиктерди азайтуу;

8. Телекоммуникациялык кызматтар чөйрөсүндө лидерликти чыңдоо жана жаңы багыттарды өздөштүрүү, бул болсо, өз кезегинде, санариптик технологиялардын тынымсыз өнүгүү шартында  Компаниянын кардарларынын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууну шарттайт.


Компания өзүнө алган милдеттенмелердин аткарылышы мамлекеттик бюджетке каражаттын келип түшүүсүн камсыз кылат, бул өлкө экономикасынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт жана ISO 9001: 2015 эл аралык сапат стандартынын талаптарына жооп берет. Бул жерден атаандаштыктын артыкчылыктарынын бирин − биз көрсөтүп жаткан кызматтардын дүйнөлүк деңгээлге жетүүсүнүн негизги шартын көрө алабыз.

Компаниянын жетекчилиги ушул Саясатты ишке ашыруу үчүн ресурстардын өз убагында бөлүнүшү үчүн жоопкерчилик тартат.

Компаниянын ар бир кызматкери өз ишинде Саясаттын жоболорун кабыл алып, аларды колдоно тургандыгына кепилдик берет.