Перейти на новый сайт

Жумушка алуунун жол-жобосу

MEGA'да – Кыргызстандын алдыңкы телекоммуникациялык компанияларынын биринде иштөө, көптөгөн замандаштарыбыздын максаты. Алардын ар бири бул максатын ишке ашыра алат!

Бизге кантип жумушка орношууга болот? Бул үчүн төмөндөгүлөр талап кылынат:

  • жигердүү, максатына жетүүгө умтулган, өзүн-өзү өнүктүрүүгө даяр адис болуу;
  • Актуалдуу бош орундардын тизмесинен сизди кызыктырган бош кызмат орунун тандоо;
  • резюмени (билдирүүнүн темасында бош орунун көрсөтүү менен) hr@megacom.kg дареги боюнча же  0(312) 901 656, 0(312) 901 657 номурларына факс аркылуу жөнөтүү.

Бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоонун ченөлчөмдөрү(критерийлери): кесипкөйлүк деңгээл (өз ишине дасыккандык), тажрыйбалуулуккөндүмдөр жана өлкөбүздүн мыкты компанияларынын биринде иштөөнү максат кылуу.

Резюмени тариздөө эрежелери менен таанышыңыз

 

Талапкерлерди тандоо үч этап менен жүргүзүлөт:

1 этап – резюме, коштомо жана сунуштама каттар менен таанышып чыгуу. Аларды персоналды тандоо боюнча менеджер жана штатындагы бош кызмат оруну тууралуу жарыя берген бөлүмдүн жетекчиси карап чыгат.

2 этап – тандалып алынган талапкерлер тестирлөөгө жана бош кызмат оруну тууралуу жарыя берген бөлүмдүн жетекчиси жана персонал тандоо боюнча менеджер менен аңгемелешүүгө чакырылат.

3 этап – соңку аңгемелешүү жана талапкерге кабыл алынган чечим тууралуу билдирүү. Жыйынтык чечим талапкерге  аңгемелешүү жүргүзүлгөндөн кийин эки жума ичинде маалымдалат.

Ийгилик каалайбыз!