Перейти на новый сайт


«Интернет роуминг»

Саякатта жүрүп, ар дайым байланышта болуңуз
  • Сүрөттөлүшү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

MEGA компаниясынын «Интернет Роуминг» кызматынын жардамы менен Сиз чет өлкөдө ар дайым мобилдик интернетти өзүңүздүн номериңиз менен колдоно аласыз

Алдын ала төлөө формасында тейленген MEGA абоненттери, роумингдеги мобилдик интернетти чыныгы убакыт режиминде тарифтөөгө шарт түзгөн «Интернет роуминг» кызматынан пайдалана алышат. Кызматты чет элдик 2G/3G/4G тармактарында internet жетки чекити аркылуу (APN: internet) колдонулат.

Кызматты активдештирүү үчүн 100 сомдон кем эмес каалаган баланс болушу зарыл.

Кызматтын автоматтык түрдө өчүү чеги 100 сом же андан кем болгон балансты түзөт. Балансты толуктоодо (өчүү ирегесинен көбүрөөк баланс) кызмат автоматтык түрдө кошулат.

«Интернет Роуминг» кызматын кошуу жана өчүрүү үй тармагында (MEGA түйүнүндө) гана болот.

 

 «Интернет роуминг» кызматынын тарифтери жана тизмеси боюнча маалыматты бул жерден жүктөп алууга болот

 

Кошуу

*1566*1#

Өчүрүү

*1566*0#

Кызматтын абалын текшерүү

*1566#

Балансты текшерүү

*102#

Балансты АТК аркулуу толуктоо

*1500*АТК номуру#

Интернет-сессиянын тегеректөө кадамы 10 KB (1 MB 1024 KB-ны камтыйт), кызматты internet жетки чекити аркылуу (APN: internet) роумингде пайдаланыш зарыл.

«Интернет роуминг» кызматын пайдаланууда, сессия боюнча эсептөөлөр реалдуу убакыт режиминде (on-line тарифтөө) жүргүзүлөт. Техникалык жана башка себептер боюнча Сиздин эсебиңиздеги эсептөөлөр Сиз аткарган акыркы интернет сессиядан тарта 1ден 65 календардык күнгө чейин жүргүзүлөт.

«Кийин төлөнүүчү роуминг» жана «Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг» кызматтарын «Интернет роуминг» кызматы менен бир убакытта кошуу мүмкүн эмес.

Кызматты USSD-буйруулар же SMS-билдирүүлөр жана Кардарларды колдоо кызматына чалуу же Тейлөө борбору аркылуу активдештирүүдө, Сизге «Интернет роуминг» кызматынын бардык шарттары менен таанышып, аларга макул бергениңиз тууралуу маалымдоочу SMS-билдирүү келет. Кызматты өчүрбөстөн, пайдалангандык, Сиз кызматтын бардык шарттары менен таанышып, аларга макулдук бергенсиз деп эсептелет.

Роуминг кызматы eSIM форматтагы SIM-карта менен 3G жана 4G тармактарында жеткиликтүү. 3G/ 4G түйүндөрүндө ийгиликтүү катталуу үчүн телефондо тиешелүү тескөөлөрдү коюу керек. 2G роуминг түйүндөрүндө eSIM сим-карталарын каттоо мүмкүн эмес.

Кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан аймактарында, Сиздин телефон чет өлкөлүк оператордун каптоо аймагына кирип, ал оператордун тармагында автоматтык түрдө катталышы мүмкүн. «Интернет-роуминг» кызматына автоматтык түрдө катталып калуунун жана тарифтөөнүн алдын алуу үчүн роумингден Кыргызстанга кайткан учурда телефондун тескөөлөрүнөн «Передача данных в роуминге» (телефондун операциалык системасына жараша iOS/Android аталышы айрымаланышы мүмкүн) аттуу абалды өчүрүп же кызматты роуминге кайра барганга чейин USSD-буйрусу аркылуу өчүрүлүшү зарыл.

Сизде роумингдин иштебей калуусуна уюлдук телефонуңуз себеп болушу мүмкүн, мисалы, эскирген, программалык камсыздоосу алмаштырылган жана сертификациядан өтпөгөн уюлдук аппараттарды колдонууда, конок түйүнү жана аппарат колдогон жыштыктар дал келбегенде, «Передача данных в роуминге» абалы телефондо өчүк (телефондун операциалык системасына жараша iOS/Android аталышы айрымаланышы мүмкүн), телефондун тескөөсү 4G тармагына гана чектелген ж.б. Андыктан тескөөлөрүн жаынртып көрүнүз же SIM-картаңызды башка аппаратка салып көргөн учурда, көйгөй чечилиши мүмкүн. Телефонуңуздун конок түйүнүнүн жыштыктар диапазонунда иштөө жөндөмүн текшерүү зарылчылыгы болгондо, roaminghelp@megacom.kg электрондук дарегине кайрылуу боюнча маалымат алуу мүмкүн.

Роумингде жүрүп бир чет өлкөдөн башка чет өлкөгө барган учурда, конок тармагында катталуу үчүн телефонду өчүрүп кайра жандыруу зарыл.

«Интернет-роуминг» кызматынын сапаты уюлдук байланыш радио толкундарынын таратууда табигый ландшафттык жана техникалык шарттарга жараша же имараттардын жанында, туннелдерде, жер төлөлөрдө жана башка жер астындагы имараттарда жергиликтүү рельефтик жана курулуш өзгөчөлүктөрүнө, метеорологиялык шарттарга жана башка себептерге байланыштуу начарлашы же үзүлүшү мүмкүн.


Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы