Перейти на новый сайт


Резюмени туура тариздөөнүн эрежелери

Резюмеңизди биздин HR бөлүмдүн  адистери  карап чыгуусу үчүн, документти тариздөөдө, белгиленген эрежелерге таянууңуз абзел. 

  1. Резюмеде төмөндөгүлөр көрсөтүлүшү керек:
  • Резюме берүүнүн максаты: сиз өз талапкерлигиңизди сунуштап жаткан кызмат орунунун аталышы
  •  Өзүңүз жөнүндө жеке маалымат: туулган күнүңүз, айыңыз, жылыңыз, үй бүлөлүк абалыңыз, катталган жана жашаган дарегиңиз, телефон, e-mail
  • Базалык билимиңиз тууралуу маалымат: окуу жайы жана адистик
  • Кошумча билимиңиз: семинарлар, тренингдер, курстар, такшалмалар ж.б.
  • Кесиптик тажрыйбаңыз: сиз иштеген компаниялар жана сиз ээлеген кызмат орундары, функционалдык милдеттерди көрсөтүү менен
  • Жеке өнүгүүңүз жана өз адистигиңиз боюнча жетишкендиктериңиз
  • Тилдерди билүүңүз, деңгээлин көрсөтүү менен
  • Компьютердик көндүмдөр жана сиз колдонгон программалар
  • Сиздин жеке мүнөздөмөңүз: биздин жамаатта ийгиликтүү иштөөгө түрткү бере турган сапаттарыңыз
  • Мүнөздөмөлөр: Сизге мүнөздөмө берген жактар жөнүндө маалымат жана байланыш телефондору
  • Резюмени өзүңүзгө ыңгайлуу болгон тилде берсеңиз болот
  1. Резюмеге биздин компанияда иштөөнү каалагандыгыңызды чечмелеген коштомо катты (каалаган тилде) тиркеп коюу зарыл;
  2. Мындан тышкары сунуштама каттарды тиркеп койсоңуз жакшы да болот.

Резюменин электрондук үлгүсүн бул жерден жүктөп алууга болот

Талапкерлердин документтери Адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмгө келип түшөт. Компанияга жөнөтүлгөн документтер, биздин базага киргизилгендиктен,  кайтарылбайт. Талапкер жөнүндөгү бардык маалымат ишке байланыштуу гана колдонулат.