Мобилдик Интернетти ыкчам ылдамдыкта колдонуунун жолу барбы?

MegaCom-дон болуп көрбөгөндөй ылдамдыктагы 4G LTE түйүнүнө кошулуп, файлдарды көз ачып жумгуча жүктө. Айырмасын сез!

Файлдар

1 MB
3G
5 секунда
4G
1 секунда

Музыка

10 MB
3G
40 секунда
4G
4 секунда

Фото

5 MB
3G
20 секунда
4G
2 секунда

Оюндар

300 MB
3G
18 мүнөт
4G
2 мүнөт

Колдонмолор

80 MB
3G
5 мүнөт
4G
30 секунда

Видео HD

3 GB
3G
3 саат
4G
20 мүнөт

4G түйүнүнө АКЫСЫЗ кошул!

Кадам 1

1. Кадам

*460 номуруна чал же 460 номуруна SMS жөнөт
Кадам 2

2. Кадам

Түйүндүн автоматтык тандоо режимин орнот
Кадам 3

3. Кадам

SMS аркылуу түйүндүн ийгиликтүү активдештирилгендиги тууралуу маалымат ал

Эгерде сенин SIM-картаң 4G LTE түйүнүндө иштөөнү колдобосо, акысыз SIM-картага ээ бол же жаңысына алмаштыр.
Толугураак маалымат ал.

Сунушталган кызматтар

Өзүңдүн Интернет тарифиңди кош
  • 4G-ге которулууда тарифтөө шарттары сакталат;
  • Интернетке тез ылдамдыкта кошулууда жана файлдарды көз ачып жумгуча жүктөөдө мегабайттардын чоң көлөмү сарпталат;
  • 4G-нын бардык артыкчылыктарын сезүү үчүн, ыңгайлуу тарифтерди жана опцияларды тандап ал.

FAQ

  • Сиздин тармакта жыштыктардын кайсы диапазону колдонулат?

    FDD Band 1 (2100 МГц), FDD Band 3(1800 МГц) жана FDD Band 20 (800 МГц).

  • Автоматтык режимди кантип орнотсо болот?

    Android үчүн: Настройки-ге кириңиз, ал жерден мобильные сети-ге жана режим сети-ге кирип, автоматтык режимди орнотуңуз (2G/3G/LTE). Андан соң маалыматтарды берүүнү өчүрүп-жандырыңыз.

    iOS үчүн: Настройки-ге кириңиз, ал жерден мобильная связь дегенди тандаңыз, андан соң голос и данные деген жерине кирип жана LTE түйүнүн тандаңыз. Пайда болгон билдирүүдөн «Включить LTE» басмагын басыңыз.

  • Эгерде мен 4G түйүнү жеткиликтүү болбогон аймакта болсомчу?

    Көпчүлүк мобилдик түзмөктөрдө түйүндү автоматтык түрдө тандоо режими орнотулган. Бул шартты түзмөктүн тууралоо менюсуна кирип, тастыктай аласыз. Эгерде бул шарт орнотулбаган болсо, түйүндү автоматтык түрдө тандоо режимин өз алдынча орнотуңуз. 4G тармагы жеткиликтүү болбогон аймакка өткөн учурда, сиздин түзмөгүңүз автоматтык түрдө 3G/2G түйүнүнө которулат.

  • 4G канча турат?

    Түйүндү активдештирүү акысыз жана 4G түйүнүнө которулуу аракеттеги тарифтөө шарттарын өзгөртпөйт. 4G дүйнөлүк түйүнгө абдан жогорку ылдамдыктагы жеткини камсыздайт. Ушуга байланыштуу Сиз көбүрөөк сандагы мегабайттарды сарпташыңыз мүмкүн, ошондуктан Сиздин керектөөлөрүңүзгө ылайык болгон тарифтерди жана опцияларды тандоону жана трафикти көзөмөлдөөнү сунуштайбыз.

  • 4G тармагы аракетте болгон аймакта экендигимди кантип биле алам?

    Түйүндү ийгиликтүү активдештирип жана түйүндү автоматтык түрдө тандоо режимин орноткондон кийин, 4G тармагы аракетте болгон аймакка өтөр замат түзмөгүңүздөгү байланыш деңгээлин көрсөткөн индикатордун жанынан «4G» же «LTE» белгилерин көрүүгө болот.

  • Эмне себептен чалуу аткаруу маалында түзмөк бир аз убакытка «ойлонот»?

    Ал технологиянын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу – 4G түйүнүнөн 3G/2G түйүнүнө которулуу ишке ашырылат.

  • 4G тармагында үн байланышын аткарууга болобу?

    Азыркы учурда 4G тармагы аркылуу үн байланышы аткарылбайт. Чалуу учурунда түзмөгүңүз автоматтык түрдө 3G/2G түйүнүнө которулгандыктан, Сиз ар дайым байланышта боло аласыз. Чалуу аяктар замат кайрадан 4G түйүнүнө кайтарылат.

  • 4G кайсы аймакта аракетте болот?

    MegaCom-дон 4G LTE тармагынын каптоо аймагы интерактивдүү картада көрсөтүлгөн.

  • 4G мен жашаган шаарда качан пайда болот?

    4G түйүнүнүн каптоо аймагына биринчи кезекте аймактык борборлор жана чоң шаарлар кирет. Сиздин аймакта төртүнчү муундагы түйүн ишке киргизилгендиги тууралуу MegaCom компаниясы сөзсүз түрдө маалымдайт. Азыркы учурда 4G түйүнү жеткиликтүү болгон аймактар менен бул жерден таанышууга болот.

  • 4G түйүнүндө интернет кызматы менен пайдалануу үчүн кошумча жетки чекити керекпи?
    4G түйүнүндө интернет кызматы менен пайдалануу үчүн кошумча жетки чекитинин зарылчылыгы жок. Аракеттеги 3G/GPRS жетки чекитинин тууралоолору актуалдуу. Тескөөлөрдү бул жерден алса болот.
  • Эгерде мен көпкө чейин 4G колдонбосом эмне болот?
    LTE маалыматтарды берүү кызматынан 30 күн ичинде колдонбогон учурда, LTE кызматы токтотулат. Кызматтан кайрадан колдоно баштоо үчүн *460 номурун терүү (акысыз) жана түйүндү автоматтык тандоо режимин орнотуу зарыл.