Перейти на новый сайт

«VIP Service»

Корпоративдик тайпанын номурларын башкарыңыз

vipservice@megacom.kg бөлүнгөн почталык кутуча аркылуу Өзүңүздүн корпоративдик тобуңуздун номурларыңыздагы  кызматтарды башкаруу

0.0 сом.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

«VIP Service» кызматы менен корпоративдик тайпанын номурларын көзөмөлгө алуу мындан ары жеңилирээк

Корпоративдик топтун жетекчиси «VIP Service» кызматын кошуп, vipservice@megacom.kg электрондук дарегине билдирүү жазууда, компания тарабынан сунушталган кызматтарды кошуу/өчүрүү мүмкүнчүлүгү тартууланат.

Корпоративдик топтун жетекчиси төмөнкү аракеттерди аткарууга сурам жөнөтө алат:

  • кошумча кызматтарды кошуу/өчүрүү ( «Жагымдуу баарлашуу» тарифтик опциясы, «Сүйүктүү өлкө+» тарифтик опциясы, интернет ж.б.);
  • Эл аралык байланышка жетки кызматын кошуу/өчүрүү;
  • «Роуминг» кызматын кошуу/өчүрүү;
  • «Тыным» кызматын активдештирүү/өчүрүү;
  •  PIN/PUK коддор тууралуу маалымат алуу;
  •  Абоненттик номурду алмаштыруу;
  •  тарифтик планды алмаштыруу;
  •  Эсептерди жеткирүү дарегин жана ыкмасын өзгөртүү;
  •  Номурларды терминалдаштыруу;
  •  Кардардын электрондук дарегине айлык эсеп деталдоосун (эсеп-фактурасын) алууга тапшырык жөнөтүү жана башка

Кызматты көрсөтүү шарты

0.0
сом.

«VIP Service» кызматын, Корпоративдик жана VIP кардарлар иштөө бөлүмүндө, корпоративдик кардарларга уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү кошумча келишимин (2 нускада) түзүү аркылуу кошуп алууга болот.

vipservice@megacom.kg дарегине, кошумча келишимде көрсөтүлгөн электрондук даректен гана каттарды жөнөтүүгө болот. Башка даректерден жөнөтүлгөн каттар алуучуга жеткирилбейт.


Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы