Перейти на новый сайт

Номурду аралыктан калыбына келтирүү

SIM-картаңызды оперативдүү калыбына келтириңиз

MegaCom кеңсесине кайрылбастан корпоративдик SIM-картаны аралыктан калыбына келтирүү

40.0 сом.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Эрежелер жана чектөөлөр

MegaCom компаниясынын корпоративдик абоненттери үчүн «Номурду аралыктан калыбына келтирүү» кызматы менен номурду калыбына келтириүү артык көйгөй эмес

«Номурду аралыктан калыбына келтирүү» кызматы, корпоративдик абонентке  номурун жоготуп алган учурда, компания кеңсесине кайрылбастан, аралыктан SIM-картаны кайрадан калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Номурду калыбына келтирүү үчүн  SIM-карта активдештирилген эмес болушу зарыл.

Кызмат, бардык корпоративдик кардарлар үчүн жеткиликтүү жана жоготулган SIM-картаны кайрадан калыбына келтирүүгө  сарпталган убакытты үнөмдөөгө багытталган.

Аралыктан  SIM картаны алмаштыруу наркы 40 сом. Номурду калыбына келтирүү эсептөөлөрү, номурду калыбына келтирген абонентти көрсөтүү менен корпоративдик  өздүк эсептин балансынан алынат. Жыйынтыгында,  абонентке эсепти чыгарууда,  сим- картаны калыбына келтирүү аракети өзүнчө бөлүмдө көрсөтүлгөн болот.  

40.0
.

SIM-картаны калыбына келтирүү үчүн эсептөөлөр, номуру калыбына келтирилген абонентти көрсөтүү менен, корпоративдик жеке эсептин балансынан  кармалат.

Корпоративдик кардарга эсепти берүүдө SIM-картаны калыбына келтирүү өзүнчө пункт менен  чагылдырылат.

Кызматтын алгоритми:

  1. Корпоративдик кардар, атап айтканда куратор, сим-картага  коштомо кагаз боюнча жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде бош  SIM-картаны  сатып алуусу зарыл;
  2. Корпоративдик топтун жетекчиси же ыйгарымдуу өкүлү Корпоративдик жана  VIP-кардарлар менен иш алып баруу бөлүмүнө кайрылып, адиске жоголгон жана жаңы  SIM-карта жөнүндө  маалымат (Pin/Puk коддор,  жаңы SIM-картанын номуру, жоголгон номур) берет;
  3. Адис идентификациялоодон өткөндөн кийин, кызматтын Web интерфейсин колдонуу менен,  номурду бош  SIM-картага калыбына келтирип берет.

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы