Түйүндү техникалык жактан өнүктүрүү

«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) - Кыргыз Республикасынын аймагындагы калктын 99 пайызын сапаттуу байланыш менен камсыздаган атамекендик уюлдук байланыш оператору.

Компаниянын техникалык түйүнү жабдууларды модернизациялоо үчүн туруктуу инвестиция жумшоонун арты менен эң башкы дүйнөлүк өндүрүшчүлөрдүн маалыматтык ыкмаларынын негизинде түзүлгөн.

Компаниянын базалык станциялары Кыргызстандын бардык облус, райондорунда анын ичинде деңиз деңгээлинен 4200 метр бийиктиктеги аймактарда дагы жайгашкан. Байланыштын сапатын жакшыртуу жана жабдууларды дайым жаңылап туруунун арты менен, түйүндүн өлкө боюнча каптоосун кеңейтүү максатында 2G/3G/LTE стандарттарында иштей турган базалык станциялар курулууда. Мобилдик оператор интернеттин ылдамдыгын 150 Мбит/сек. чейин жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген 4G түйүнүн өнүктүрүүнүн потенциалын көрүп турат.

MegaCom республикадагы уюлдук операторлордун ичинен алгачкылардан болуп борбор калааны, Чүй облусунун калкын жогорку ылдамдыктагы 3G түйүнү менен, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад шаарларын 4G LTE түйүнү менен камсыздаган.

Техникалык базаны оптималдаштыруу жана монтаждоочу бригадалардын санын өстүрүүнүн натыйжасында, бүгүнкү күндө MegaCom'дун 3G түйүнү менен Кыргызстандын калктуу аймагынын 93 пайызы, ал эми 4G түйүнү менен 85 пайызы камсыздалган. Түйүндүн каптоосун Интерактивдүү карта далилдеп турат.

MegaCom компаниясы Стратегиялык өнүктүрүүгө ылайык, Кыргыз Республикасынын борборунда жана бардык облустарында 2G/3G/4G түйүндөрүнүн өткөргүчтүк касиетин жана байланыштын сапатын жакшыртууга шарт түзүүчү пландуу техникалык иштерди уланта бермекчи.

MegaCom'дун техникалык жактан өнүгүү тармагындагы чечүүчү негизги долбоор болуп - республиканын түндүгү менен түштүгүн бириктирүүчү Була-оптикалык байланыш линиясын (БОБЛ) куруу болуп саналат. БОБЛ маалыматтарды жеткирүү, ошондой эле инновациялык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүн кеңейтүүгө чоң жол ачып жатат. Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарын, райондорун жана облустарын байланыштыруучу БОБЛ куруу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Бул долбоорду жүзөгө ашыруунун аркасында, MegaCom компаниясы келечекте коңшу Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнө интернет-трафик экспорттоочу транзиттик байланыш оператору болууну көздөөдө. Ушул эле багытта акырындык менен КМШнын аймагына да чыгуу максаты бар.

Уюлдук байланыштын сапатына таасир көрсөтүүчү объективдүү себептер.