Перейти на новый сайт

Кантип корпоративдик кардар боло аласыз

MegaCom компаниясынын корпоративдик кардары болуп, 5 же андан ашуун абоненттерди бир бет эсебине кошкон ар бир уюм (юридикалык жак) боло алат.

5 же андан ашуун абоненттерди бир жеке эсепке кошууну каалаган ар бир уюм (юридикалык жак) MegaCom компаниясынын корпоративдик кардары боло алат.

Корпоративдик кардар болууну кааласаңыз VIP жана корпоративдик кардарлар менен иштөө бөлүмүнө кайрылыңыз.

Байланыш номурлары боюнча маалымат бул шилтемеде, корпоративдик тейлөөгө келишим түзүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси бул шилтемеде  жайгаштырылган.

Корпоративдик сунуштун уникалдуулугу:

  • Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагындагы байланыштын сапаттуулугу.
  • Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөр боюнча чалуулардын пайдалуу тарификациясы.
  • Жекече тейлөө жана кандай болбосун маселелерди кыска мөөнөттүн ичинде ыкчам чечип берүү.
  • Эсептешүүлөрдүн ыңгайлуу формасы – насыялык, алдын-ала төлөм.
  • Кошумча кызмат көрсөтүүлөр жана тарифтик опциялар ар бир абоненттин жеке муктаждыктарын эске алуу менен байланышка болгон чыгашаларды кыскартууга мүмкүндүк берет.
  • Дүйнөнүн 177 өлкөсү менен эл аралык роуминг.