Перейти на новый сайт

«Корпоративдик  жана VIP кардарлар менен иш алып баруу бөлүмү»

Ийгиликтүү ишкердигибиздин сыры эмнеде? Ийгилигибиздин сыры кызматтарыбызды сунуштоодогу  кардарларыбызга жасаган кынтыксыз  мамиледе десек жаңылышпайбыз.

Анда эмесе, Сизди MEGAдун Корпоративдик кардары болууга чакырабыз!

Өз жеке эсебине 5 же андан ашык абонентти кошуп алган каалаган уюм (юридикалык жак) MEGA компаниясынын  Корпоративдик кардары боло алат. Бул үчүн Корпоративдик жана VIP кардарлар менен иш алып баруу бөлүмүнө кайрылып, келишим түзүү зарыл. Корпоративдик тариф тууралуу толугураак маалымат бул жерде жайгаштырылган.

MEGA – жаңычыл багыттагы оператор, акыркы муундагы жаңы жабдуулар, Кыргызстандын бардык облустарында жеткиликтүү  болгон туруктуу жана ишенимдүү байланыш тармагы – Кыргыз Республикасынын мобилдик Операторлорунун арасында базалык станциялардын саны боюнча көч башында, үн байланышын, Интернетти колдонуудагы кеңири мүмкүнчүлүктөр, тарифтик пландардын түзүлүшүндөгү ачыктык жана жөнөкөйлүк, төлөм жүргүзүүнүн ар түрдүү жана ыңгайлуу ыкмалары, жекече тейлөө, сабаттуу жана иш билги жетекчилик. 

MEGA компаниясын өз өнөктөшүңүз катары тандоо менен, Сиз  маалымат алмашуунун  жана баарлашуунун  жаңы технологиялары аркылуу  ишкердик жүргүзүүнүн ыкчам жолдорун таба аласыз. Биз Сизге жогорку сапаттагы жана ыңгайлуу нарктагы уюлдук байланыш кызматтарынын кеңири түрлөрүн сунуштамакчыбыз, алардын катарында:

КРдин  аймагындагы сапаттуу байланыш;
Өлкө  ичиндеги  жана чет өлкөлөрдөгү  чалууларга  ыңгайлуу  тарифтөө;
Жекече тейлөө жана каалаган сурооңузга  кыска мөөнөттүн ичинде ыкчам жооп алуу;
Эсептешүүнүн  ыңгайлуу жолу: насыялык / алдын ала төлөм;
Ар бир абоненттин жеке мүдөөсүн эске алуу менен байланышка сарпталуучу чыгымдарын кыскартууну шарттаган кошумча кызматтар жана тарифтик опциялар;
Эл аралык байланыш жана Эл аралык Роуминг!
Биз үчүн кардарларыбыз жана алардын убактысы баалуу. Ийгиликтүү ишкердигиңиздин  өбөлгөлөрүнүн бири болгон  жеткиликтүү жана ишенимдүү байланыштан  тышкары, Кыргызстандын уюлдук байланыш тармагында аналогу болбогон кызматтар менен да камсыздоого даярбыз.

Анда эмесе, биздин корпоративдик сунуштарыбыз  менен тааныштыра кетели:

Корпоративдик Кардардын кызматкерлери үчүн  артыкчылыктар:

MEGA корпоративдик топтун ичинде абоненттик төлөмсүз нөлдүк нарк менен жеңилдетилген шарттарда чалууларды аткаруу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.
MEGA түйүнүнүн  ичиндеги  жана түйүндөн тышкаркы чалуулардын төмөнкү наркы.
Түрдүү нарктагы, абоненттик төлөмсүз жана абоненттик төлөмү менен тарифтик өнүмдөр.
Кошуулардын саны  – чектөөсүз.
Кошуу наркы –  1 сомдон жогору.
Жаңы SIM-карта алууда балансты баштапкы толуктоо 50 сомдон тарта.
Кайдан кошулууга болот?

Бул үчүн Корпоративдик  жана VIP  кардарлар  менен иш алып баруу бөлүмүнө кайрылыңыз.  Кыргызстан боюнча корпоративдик  бөлүмдөрдүн  даректери:

Бишкек  шаарындагы башкы кеңсе

Бишкек ш., Токтогул көч. 102-104, Раззаков көч. кес. (жаңы кеңсенин имараты Токтогул/Раззаков  көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан )
Корпоративдик   кардарлар менен иш алып баруу бөлүмүнүн жумуш убактысы: Иш күндөрү (дүйшөмбүдөн жумага чейин) – саат 9:00 дөн 18:00гө чейин

Бишкек              

тел.:  +996 312 905 220

           +996 312 905 225

факс: +996 312 905 240

моб.: +996 555 505 069,  +996 555 505 059, +996 555 505 051, +996 555 505 097, +996 555 505 047, +996 555 505 008

Ош ш.  Масалиев  пр. 10-а (Кыргызстан), мурдагы «Ош Плаза» супермаркети
Корпоративдик   кардарлар менен иш алып баруу бөлүмүнүн жумуш убактысы: дүйшөмбүдөн жекшембиге чейин – саат 08:30дан 19:00гө чейин

Ош

тел.:  +996 322 249 116

           +996 555 505 084

факс: +996 322 249 117

моб.:  +996 555 505 094

           +996 555 505 056 

Нарын ш.,  Орозбак көч. 38 (Борбордук базардын аймагы).
Жумуш убактысы:саат 9:00 дөн 18:00гө чейин, дем алышсыз жана тыныгуусуз.

Нарын 

+996 555 505 085

Каракол ш.,  Токтогул көч. 118
Жумуш  убактысы:саат 9:00 дөн 18:00гө чейин, дем алышсыз жана тыныгуусуз.

Талас ш.,  Сарыгулов көч.,  н/ж,  Манас  көч. кес. («Көктөм» СТК  2-кабат)
Жумуш убактысы: саат 9:00дөн 18:00гө чейин, дем алышсыз жана тыныгуусуз.

Баткен ш., Сейдиман  Ажы көч. 7 – Автобекет  аймагы
Баткен

+996 555 505 016

Жумуш убактысы:саат 9:00 дөн 18:00гө чейин, дем алышсыз жана тыныгуусуз.

Жалал-Абад ш., Ленин көч., 34 (Турмуш-тиричилик үйүнүн сол тарабы), «Айгүл» дүр-дүйнө дүкөнүнүн  жанында
Жумуш убактысы:саат 9:00 дөн 18:00гө чейин, дем алышсыз жана тыныгуусуз.

Заманбап жашоодо ишкердикти ийгиликтүү жүргүзүү үчүн иштеп акча табуу жетишсиз, топтолгон каражаттарыңды, жана да заманбап технологиялардын уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн туура   пайдалануу өзгөчө мааниге ээ.

Максатыңызды ишке ашырууга биз Сизге жардам беребиз.

Жаңычыл нукта келечекке кадам  таштаган  MEGA мобилдик операторунун ийгиликтүү тобуна  кошулуңуз!