Компания жөнүндө

MegaCom («Альфа Телеком» ЖАК) – Кыргыз Республикасынын телекоммуникация тармагында GSM (2G) стандартартында 900/1800 МГц жыштыктар диапазондорунда, WCDMA/UMTS (3G) стандартында 2100/900 МГц жыштыктар диапазондорунда жана LTE (4G) стандартында 800/1800/2100 МГц жыштыктар диапазондорунда уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүүчү ири мобилдик компания.
Компаниянын пайдубалы 2005-жылы түптөлүп, уюлдук байланыш түйүнү 2006-жылдын 28-апрелинде коммерциялык түрдө ишке киргизилген. 
 Бүгүнкү күндө 2G/3G/4G түйүнү менен камтуу боюнча алдыңкы орунда келе жаткан компания өлкөбүздүн калк жайгашкан аймагын мобилдик байланыш менен 99 пайызга камсыздап, 3 миллиондон ашуун абоненттерди тейлөөдө. 2016-жылы жогорку ылдамдыктагы 4G технологиясы толук масштабда ишке киргизилгендигин баса белгилей кетүүгө болот.


Өлкөнүн алдыңкы компаниялары, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү, мамлекеттик түзүмдөр, дипломатиялык миссиялар MegaComдун корпоративдик кардарлары болуп эсептелет. Компания Кыргыз Республикасынын ири салык төлөөчүлөрүнүн жана калкты жумуш менен камсыз кылуучу ишканаларынын тизмесинин алдыңкы сабында.

• MegaCom ISO 9001:2015 версиясынын сапаттык менеджмент тутумунун эл аралык тастыктоосунан өткөн бирден-бир уюлдук байланыш оператору; •  Сапат жаатындагы  жетишкендиктери үчүн КМШ өлкөлөрүнүн Эл аралык сыйлыгынын дипломунун ээси (2014-2016);
• БУУнун Эл аралык электр байланыш союзунун мүчөсү
MegaCom тейлөөнүн жогорку деңгээлин, кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин, туруктуу байланышты, ачык - айкын  жана ыңгайлуу тарифтөөнү сунуштайт. MegaCom бизнести башкаруунун заманбап стандарттарына шайкеш ишмердик жүргүзөт.
Компания тармакты кеңейтүү, техникалык жактан өнүктүрүү жана оптимизациялоо боюнча тынымсыз иш алып барууда. Уюлдук оператордун дистрибьютердик түйүнү өз ичине 7000ден ашуун сатуу пункттарын камтыйт.
Акцияларынын 100 пайызы мамлекетке таандык болгон MegaCom компаниясына түшкөн ар бир сомдун эсебинен казынаны толуктоого каражат жумшала тургандыгын MegaCom сыймыктануу менен билдирет. Мекендештерибиз MegaComду өз мобилдик оператору катары тандоо менен,  сапаттуу жана заманбап байланышты гана тандабастан, өлкөсүнүн келечегине өз салымын кошуп жаткандыгын да белгилей кетүүбүз абзел.

MegaCom, ар түрдүү спорттук турнирлердин жана Олимпиада-2016да Кыргызстандын курама командасынын башкы өнөктөшү болуу менен, Кыргызстандагы спорттун өнүгүшүнө активдүү салымын кошуп келет. 
Компаниянын системалык мүнөздөгү кайрымдуулук жана социалдык ишмердүүлүгү  компаниянын корпоративдик стратегиясынын бир бөлүгү болуп эсептелет жана анын баалуулуктарын чагылдырат.
Республика аймагын технологиялык түйүнү менен байланыштырган  MegaCom абоненттерине жакындары менен баарлашуу кубанычын тартуулайт, ийгиликтерге жетүүгө  көмөк көрсөтөт жана жаңы ачылыштарга дем берет десек жаңылышпайбыз.
 

MegaCom компаниясынын тарыхы боюнча кеңири маалымат


Миссиясы жана балуулуктары

Миссия

Биз Кыргыз Республикасынын бардык облустары үчүн жеткиликтүү болгон, заманбап, түшүнүктүү жана сапаттуу кызматтарды сунуштоо менен, убакытты башкарууга, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү  ачууга жана  мобилдүү болууга жардам беребиз.

Уюштуруучулук баалуулуктар:

Убакыт 
Адамдарды бириктирип турган окуялардын жана убакыттын баа жеткис экендигин сезүү.

Тандоо эркиндиги
Тандоо укугу болгон учурда бардыгынын бирден-бир жана мыкты тандоосу болууга жетишүү.

Жоопкерчилик
Аткарылган милдеттерден жана кабыл алынып жаткан чечимдерден мыкты  жыйынтыктарды күтүү.

Профессионалдуулук
Өз ишине берилгендик, өз кесбин жогорку чеберчиликте өздөштүрүү жана насаатчылык салтты сыйлоо.

Өнүгүү жана мыктылардын  мыктысы болууга умтулуу
Бүгүнкү күндө ийгиликтерге жетишүү менен, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу жана жаркын келечекке чыйыр салуу.

 

Лицензиялар

Учурда MegaCom компаниясы курулушту долбоорлоо жана электр байланыш тармактарына байланыштуу төмөндөгүдөй лицензияларга ээ:

  1. Электрбайланыш тармагында ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин  2009-жылдын 6-июлундагы № 09-750-КР лицензиясы (GSM стандартындагы уюлдук кыймылдуу радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү).
  2. Маалымат берүү тармагында ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин 2009-жылдын 6- июлундагы № 09-751-КР лицензиясы.
  3. Электр байланыш тармагында ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин 2009-жылдын 21-июлундагы № 09-756-КР лицензиясы (мобилдик байланыштын «WCDMA/UMTS» 3G үчүнчү муун стандартындагы кыймылдуу уюлдук радиотелефондук байланыш кызматтарын көрсөтүү).
  4. Шаар курулуш жана долбоордук-изилдөө жумуштары үчүн Курулуш жана аймактык өнүгүү боюнча Мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген 2013-жылдын 13-февралындагы № 04816 лицензиясы. Курулушту долбоорлоо жана конструкциялоо (өндүрүштүк багыттагы объектилер, анын ичинде мачталар). Башкы долбоор түзүүчүнүн функцияларын иш жүзүнө ашыруу.
  5. КР УБА № 14-1113 лицензиясы – электр байланыш кызматтарын көрсөтүү жана 2G, 3G жыштыктарын пайдалануу менен берилиштерди өткөрүү үчүн радио жыштык спектрин пайдаланууга (19.12.2014)
  6. КР УБА № 14-1143 лицензиясы – электр байланыш кызматтарын көрсөтүү жана РРС, WiFi үчүн жыштыктарды пайдалануу менен берилиштерди өткөрүү үчүн радио жыштык спектрин пайдаланууга (19.12.2014)
  7. КР УБА № 14-1133 лицензиясы – электр байланыш тармагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө (19.12.2014)
  8. КРӨ МБА №15-1446-КР лицензиясы 01.10.2015-ж.- 01.10.2015-жылдын 1-октябрындагы №98-1/1 Токтомунда көрсөтүлгөн жыштыктардын номиналдарын колдонуу менен маалымат берүү жана электр байланыш кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин колдонууга 
  9. КРӨ МБА №15-1433-КР лицензиясы 21.10.15-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин 2015-жылдын 18-сентябрындагы №97-1/7 Токтомунда көрсөтүлгөн маалымат берүү жана электр байланыш кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин колдонууга

 

Компаниянын логотиби

Логотиптин туурасынан жайгашкан варианты