Перейти на новый сайт


Корпоративдик топтордун  кураторлору

Куратор (ишенимдүү жак) – корпоративдик  Кардардын  MegaCom компаниясы менен өз ара аракеттешүүсүн  камсыздаган,  MegaCom  бланкасында толтурулган уюм тарабынан берилген ишеним каттын  негизинде иш жүргүзгөн, компания менен уюмдун ортосундагы байланышты камсыздоочу жак.

Куратор ишеним каттын негизинде «Альфа Телеком» ЖАКта уюмдун кызыкчылыктарын көздөп, уюмдун атынан төмөндөгү документтерге кол коюуга укуктуу:

  • Зымсыз радиотелефон (уюлдук) байланыш кызматтарын көрсөтүү Келишими;
  • Жеке эсептерди кошууга, бөлүүгө, анын ичинде акча каражаттарын Ишеним берүүчүнүн жеке эсебине/эсебинен которууга арыздар;
  • Эсептерди, эсеп-фактураларын, деталданган эсептердин, колдонгон убакыттан көзкарандысыз сүйлөшүүлөрдүн деталдоосун,алдын ала төлөм эсептерин, эсептешүүнүн салыштырып текшерүү актыларын алууга арыздар;
  • Ишеним берүүчүнүн жеке эсебине жаңы абоненттик номурларды алууга (кошууга) арыздар;
  • Кызматтарды, анын ичинде  «эл аралык жетки жана автоматтык роуминг»кызматтарын кошууга/өчүрүүгө арыз;
  • Даректи жана/же эсептерди жеткирүүнүн жолун өзгөртүүгө арыздар;
  • Жабдуу (SIM- карталарды) алууга арыз;
  • Бөгөттөө /бөгөттөн чыгаруу, SIM-карталарды алмаштырууга арыздар;
  • Тарифтик пландарды алмаштырууга арыздар;
  • Ээсин алмаштырууга арыз;
  • Абоненттик номурду өзгөртүүгө арыз; 
  • Ишеним берүүчүнүн  жеке эсебин жабууга арыз;
  • Келишим боюнча кошумча макулдашуулар;
  • Салыштырып текшерүү актылары;
  • Зымсыз радиотелефон (уюлдук) байланыш кызматтарын көрсөтүү келишимин бузууга арыз;
  • Ишеним кат аркылуу берилүүчү укуктар менен байланышкан башка иш-аракеттер, анын ичинде арыз аркылуу жаңы абоненттик номурларды кошуу же аларды алмаштыруу  үчүн  SIM-карталарды өз колуна алуу.
  •  Товардык –материалдык баалуулуктарды  – жабдууларды,  аксессуарларды  бир жолку бухгалтердик ишеним кат аркылуу гана алууга болот.