«Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

«Унаа курап ал» суроо-жооп оюну – бул MegaCom абоненттерине  «Унаа курап ал» кызматы аркылуу ар кандай багыттар боюнча билимин сынап көрүүгө жана 2050 номерине SMS жөнөтүү  менен,  же «Унаа курап ал»  мобилдик тиркемеси аркылуу суроолорго туура жана тез жооп берип, баалуу байгелер үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк берген Акция.

«Упайлар» катышуучулардын рейтингин түзөт, ага ылайык Ар күндүк, Ар апталык байгелердин жана Супербайгелердин жеңүүчүлөрү аныкталат.

Акция кумар оюну же лотерея болуп саналбайт. Байгелерди Акциянын Эрежелерине (Шарттар жана жобо) ылайык эң көп  «Упай» топтогон катышуучу алат.

Акциянын уюштуруучусу − «Валью Адед Сервисес» ЖЧК.

Акциянын шарттары тууралуу толук маалымат алуу: win.megacom.kg  

Тиркемени жүктөп алуу:

  • Наркы жана тарифтөөсү

    2050 номерине чыккан 1 SMS
    (SMS тарифтелбейт. Катталуу үчүн SMS жөнөтүүдө кызмат кошулат (триал/акы төлөнүүчү жазылуу)

    акысыз.

    1Mb наркы www.win.megacom.kg
    (Жазылуунун алкагында тарифтелбейт)

    акысыз.

    2050 номеринен кирген SMS

    акысыз.

    Кошуу
    (Кошууга чектер жок)

    акысыз.
  • Абоненттик төлөм, суткасына

    Толук топтом. 100 катышуу упайы эсептелет.

    16.0
    сом.

    30 суроо алуу жана и возможность заработать максималдуу 50 упайга  (1/2 топтом) ээ болуу мүмкүнчүлүгү

    8.0
    сом.

    30 суроо алуу жана максималдуу 25 упайга (1/4 топтом) ээ болуу мүмкүнчүлүгү

    4.0
    сом.
  • Абон.төлөмду эсептен чыгаруу чектери

    Абон.төлөмдү алуунун каскаддык модели колдонулат (бөлүп алуу):
    16/8/4 сом

    .

  • USSD

    Кошуу

    *2050#1#

    Өчурүү

    *2050#0#

    Статус, упайлар

    *2050#
  • 2050 номерине SMS жөнөтүү

    Кошуу

    Өчүрүү жана статусу/упайларды текшерүү үчүн тексттен айырмаланган каалаган сөз

    Өчурүү

    STOP/СТОП

    Статус, упайлар

    Info/ Инфо

    * баш тамгалардын  жана кичине тамгалардын бардык вариацияларында.

    2050 номерине тиешелүү текстти камтыган SMS жөнөтүү менен (акысыз), катышуучу кызматтын тейлөө тилин  өзгөртө алат (Суроо-жооп оюнунун суроолору жана систем. билдирүүлөрү):

    • «K» - кыргыз,
    • «R» - орус,
    • «U» - өзбек,
    • «E» - англис.

    Акциянын катышуучусу болуп саналбаган абонент 2050 номерине жогорудагы текстти жөнөткөндө, кызматка автоматтык түрдө кошулат.

    Кошумчалай кетсек, *2050 IVR аркылуу абонент кызмат жөнүндө маалымат алса болот жана  аны кошо алат.

1. Кызматтын жалпы узактыгы 365 күндү түзөт,  2022-жылдын 29- августунан 2023-жылдын  28- августуна чейин созулат (эки датаны тең кошо эсептегенде). Кызмат төмөндөгүдөй этаптарга бөлүнөт (же раунддарга):

1-этап –  2022-жылдын 29-августунан тарта   2022-жылдын 27-ноябрына чейин;

2-этап –  2022-жылдын 28-ноябрынан тарта  2023-жылдын 26-февралына чейин;

3-этап –  2023-жылдын 27-февралнан тарта  2023-жылдын 28-майына чейин;

4-этап –  2023-жылдын 29-майынан тарта  2023-жылдын 28-августуна чейин.

Оператор/Уюштуруучу мөөнөтүнөн мурда бүтүрүү укугун өзүнө калтырат (бирок буга чейин башталган этап аяктаган шартта).

2. Абоненттик төлөм баланста акча каражаттары жетиштүү болгон шартта төмөндөгүдөй жол менен ишке ашырылат: толук топтом үчүн абон.төлөмдү алууга артыкчылык берилет (16 сом), эгерде акча каражаттары жетишсиз болсо,  ½ топтом үчүн (8 сом) АТ алуу үчүн акча каражаттарынын жетиштүүлүгү текшерилет, эгерде ага да жетпесе  – ¼ топтом үчүн (4 сом) АТ алуу үчүн акча каражаттарынын жетиштүүлүгү текшерилет.

3. Абоненттик төлөмдүн толук наркы суткасына бир жолу гана алынат, (топтомдун аракет мөөнөту бир календардык күн, суроолордун жаңылануусу саат 00:00дө жүргүзүлөт), тактап айтканда, эгерде  абонент ¼ топтом же  ½ топтом үчүн АТ төлөсө, андан кийин балансын   толук топтом/ ½топтом /¼топтом үчүн абоненттик төлөмдү төлөө үчүн жетиштүү  болгон деңгээлге чейин толуктаса,  тиешелүү стандарттык упайларды эсептөө менен, абоненттен абон. төлөмдүн калган бөлүгү алынат. 

4. Эгерде  абонент учурдагы сутканын саат 00:00үнө чейин топтом алкагындагы бардык суроолорго жооп бербесе, суроолор күйүп кетет жана кийинки мезгилге өткөрүлбөйт!

5. Эгерде абонентте тарифтик пландын негизги топтому боюнча абон. төлөм төлөнбөсө, анда  «Унаа курап ал» кызматы боюнча абоненттик төлөм алынбашы керек. Абонент суроолорго упай албастан эле жооп бере алат. Кызматты алгачкы жолу кошууда оюндун алгачкы 2 күнү АКЫСЫЗ, андан кийин жазылуунун жалпы шарттары ишке киргизилет. «Стандарттык упайлар» катышуучу тарабынан кызмат үчүн абоненттик төлөм төлөнгөн күндөр үчүн гана эсептелет, тактап айтканда, триал мөөнөт үчүн «Стандарттык упайлар» эсептелбейт.

6. Триал мөөнөт Акциянын жалпы мезгилинин ичинде бир гана жолу берилет. Триал мөөнөту менен кызматты мөөнөтүнөн мурда өчүрүү, кызматтан баш тартуу дегенди билдирет, демек абонент кызматты кайрадан кошууну кааласа, жазылуу үчун акы алынат. 

7. Кызматка алгачкы жолу кошулууда Катышуучу Акцияга катталгандыгы үчүн 20 упай алат.

8. Абонентке «Тик-так! Бактылуу саат! XXX упай утуп алыңыз…» деген сыяктуу текст менен  SMS келсе, бул катышуучунун «Бактылуу саат» фазасында экендигин билдирет жана бул  мезгилдин ичинде көбүрөөк сандагы упай топтоп алууга болот. Абонент мындай фазага кирген ар бир учурда, ал туура жооп берген ар бир суроо үчүн берилүүчү кадимки упайлардан да көбүрөөк  упай алат. Катышуучуга  алгач ушул мезгил жана ал  ала турган тиешелүү упайларды көрсөткөн билдирүү келет. "Бактылуу саат" фазасында  ар бир кийинки туура жооп катышуучуга мурункусуна караганда көбүрөөк упай берилет. "Бактылуу саат" фазасы АТ толук төлөнбөсө дагы уланат.

9. 18 жашка толгон, иш-аракетке жөндөмдүү, «Альфа Телеком» ЖАК менен Байланыш кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзгөн жана Акцияга катышуу үчүн зарыл шарттарды аткарган жеке адам Акциянын катышуучусу боло алат.

10. Акцияга Провайдердин, Оператордун, Өнөктөштөрдүн жана Акцияга техникалык көмөк көрсөтүп жаткан компаниялардын кызматкерлери жана өкүлдөрү, ошондой эле ошондой кызматкерлердин жана компаниялардын өкүлдөрүнүн жакын туугандары жана аялы\күйөөсү, жана да Salam брендинин абоненттери, «Акылдуу түзмөк», «MegaБит», «WiFi-роутер», «Билим», «Суперчектөөсүз 4G» тарифтик пландарынын абоненттери, корпоративдик формада тейленген абоненттер катыша албайт.

11. Баалар КНСти жана ССти эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.

МААНИЛҮҮ: «Унаа курап ал» кызматын көрсөтүү  эрежелери жана тартиби бардыгы үчүн жеткиликтүү жана www.win.megacom.kg сайтында жайгаштырылган. Акцияга катталуу/Кызматка жазылуу менен, катышуучулар бул Эрежелерди толук кабыл алууга жана түшүнүүгө кепилдик беришет, ошондой эле Оператордон жана Провайдерден ушул Акцияга байланыштуу SMS- билдирүүлөрдү алууга макул болушат.


Сунушталган кызматтар

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы

  • Конференц-байланыш

    кызматы