Перейти на новый сайт


«SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

Жоголгон, бузулган же бөгөөттөлгөн SIM-картаны калыбына келтирүү эми кыйнчылык эмес!

Сиздин иштеп жаткан же базадан бошогон SIM-картаңызды алмаштыруу жана калыбына келтирүү

акысыз.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү

SIM-карта жоголгон, бузулган, бөгөттөлгөн учурда Сиз «Номурду калыбына келтирүү» кызматынан пайдалана аласыз, бул үчүн:

  • MegaCom’дун Сатуу жана тейлөө борборуна (СТБ) же Фирмалык салонуна (ФС) кайрылуу;
  • Эгерде Сиз буга чейин тейлөө келишимин түзгөн болсоңуз, инсандыгыңызды ырастаган документтин (паспорт, айдоочунун күбөлүгү, бааргер күбөлүгү, аскер билети, кайрылман күбөлүгү) жана SIM–картанын (SIM–карта бузулган жана бөгөттөлгөн учурда) өзү жаныңызда болушу зарыл
  • 3. Эгерде Сиз номурду буга чейин каттоодон өткөрбөгөн болсоңуз, SIM-карта бузулган же бөгөттөлгөн учурда биринчиден тейлөө келишими акысыз түзүлмөкчү(16 жаш курагына жеткен жактар менен). СТБ жана ФСга кайрылууда инсандыгын ырастаган документтин, SIM-карта жана анын «көйнөкчөсү» болуусу зарыл. SIM–картанын «көйнөкчөсү» жок болгон учурда, Сиз тастыктоо тартиби боюнча 1-2 айдын ичинде көбүрөөк чалышкан 5 номурду көрсөтүшүңүз керек. Жана дагы эң аз дегенде 2 пункт боюнча маалыматты көрсөтүү зарыл: туташуу күнү; акыркы төлөм аткарылган күн же суммасы; жоготуу учуруна чейинки номурда кошулган кызматтарды жана аракеттеги тарифтик планды; SIM – картанын ICC номуру; SIM – картаны сатып алуу дүмүрчөгү; божомол менен акыркы чыккан чалуу аткарылган күн жана номур.

Кошумча маалымат:

  • Эгерде Сиз келишимдик абонент болсоңуз, номурду сактоо үчүн «Тыным» кызматын кошуу жетиштүү (абон.төлөм – 30 сом/айына). Кызматты кошуу үчүн номурду, номур катталган абоненттин аты-жөнүн жана жашырын сөз маалыматын камтыган табыштаманы жөнөтүү зарыл. Ал эми Сизде жашырын сөз болбогон учурда, паспорттук маалыматты көрсөтүү зарыл: сериясы, номуру, берилген күнү жана берген мекеме; эгерде келишим инсандыгын аныктоочу башка документтин негизинде түзүлгөн болсо, документтин түрүн, номурун, берилген күнүн жана берген мекемени көрсөтүү керек.
    Кызматты кошууда эсепте 30 сомдон кем эмес каражат болушу зарыл. Айлык абоненттик төлөмү – 30 сом. Баланста каражат калбаган учурда кызмат автоматтык түрдө өчүрүлөт. Кызматты кайрадан кошуу үчүн өчүү чегинен көбүрөөк сумма менен балансты толуктоо зарыл
  • Каттоодон өтпөгөн номурду калыбына келтирүү маалында номурдан башка абонент пайдаланып жүрүп, номур өзүнө таандык экендигин ырастаган учурда, номурду калыбына келтирүү мүмкүн эмес
  • SIM-картаны жаңыдан кошулуу токтотулган эски тарифтик план менен бирге калыбына келтирүү, калыбына келтирүү маалында номур мурунку тарифте жана абалы аракетте болгон шартта гана мүмкүн
  • Номурду активдүү режимде сактоо үчүн акы төлөнүүчү кызматтарды пайдалануу же 90 күндүн ичинде бир жолу балансты толуктоо зарыл. Терс абалындагы номурду активдүү режимге которуу үчүн толуктоо төлөмүнүн суммасы баланстагы карыздан көбүрөөк болушу керек. Балансты накталай каражаттары же Алдын ала төлөө картасы (АТК) аркылуу толуктоо зарыл. Башка учурларда акча каражат Сиздин эсебиңизге келгендигине карабастан, номур активдештирилбейт. АТК аркылуу башка абоненттин номурунан абоненттин балансын толуктоо менен анын номурун активдештирүүгө болот. Бул үчүн абонент *555*pin-code*99655Xхххххх#чакыруу (бул жерде 99655Xхххххх – активдештирүүгө зарыл болгон номур) буйруусун терүүсү зарыл
  • Эгерде акы төлөнүүчү байланыш кызматтардан 180 календардык күн пайдаланбаган жана балансты толуктабаган учурда, номур жокко чыгарылат. Мындан кийин номур сатууга чыгарылат жана башка абонент сатып алуусу ыктымал.
     

Аракеттеги номур менен

акысыз.

Базадан өчүрүлгөн номур менен (тарифине жараша)

акысыз.

«Күмүш», «Алтын», же «Платина»  категориясындагы номурлары USSD-буйрук аркылуу алмаштырылса, алмаштырылган  учурдантартып 72 сааттан жогору өтсө SIM-картаны  калыбына келтирүү наркынан тышкары (номурдун категориясына жараша)

акысыз.


Сунушталган кызматтар

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы

  • «Кара тизме»

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы