Перейти на новый сайт


«Амедиатека»

  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Көңүл бургула, бул архивдеги кызмат!

«Амедиатека» сервиси MegaCom компаниясынын абоненттерине amediateka.megacom.kg сайтынан түрдүү тематикадагы жана ар кыл жанрдагы дүйнөлүк сериалдарды жана фильмдерди өз смартфонунан, жеке компьютеринен жана планшетинен он-лайн шарттамында күнү-түнү жана  чектелбеген көлөмдө көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

 «Амедиатека» сервиси «Телеклик Групп» ЖЧК контент-провайдери тарабынан көрсөтүлөт.

Кошуу

0.0
сом.

Абоненттик төлөм

15.0
сом/күн.

Көңүл бургула, бул архивдеги кызмат!

Сервис роумингде жеткиликтүү эмес.

Сервис автоматтык узартуу принциби боюнча иштейт. Сервис баланс жетишсиз болгондо, т.а. абоненттин балансы абоненттик төлөмдөн аз, бирок 0 сомдон жогору болгон учурда,  жана да баланс терс болгон учурда да кошулуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. amediateka.megacom.kg ресурсуна жетки чектелген жана интернет-трафикти тарифтөө  жазылуунун болгондугуна жараша ишке ашырылат:

  • Эгерде абонент жазылбаса, анда анын трафиги тарифтик планына же активдүү ТО/топтомдорго жараша тарифтелет;
  • Эгерде абонент жазылган болсо, анда трафик тарифтелбейт.

Биринчи жолку кошууда Сервис 7 күн  акысыз көрсөтүлөт, ал эми Amediateka ресурсуна сарпталуучу трафик абоненттин тарифтик планына ылайык тарифтелет. 7 күн өткөндөн  кийин Сервистин стандарттык шарттары күчүнө кирет. Кызмат акысыз мөөнөт аяктай электе өчүрүлгөн учурда, калган күндөр күйүп кетет. Кайрадан кошууда абонент жазылуу наркын  толугу менен төлөйт.

Эгерде абонентте «Амедиатека» сервисине жазылуусу болгон болсо, жана да  «Кыска SMS жана IVR номурларга тыюу салуу» кызматын кошсо, «Амедиатека» сервиси өчүрүлөт. Эгерде абонентте «Амедиатека» сервисине жазылуусу болгон болсо, жана «Тыным» кызматы кошсо,  «Амедиатека» сервиси өчүрүлөт. Бардык тарифтик пландар үчүн жеткиликтүү. 

Эгерде абоненттик төлөм 30 күн же андан ашык убакыт бою төлөнбөсө, кызмат өчүрүлөт.

Баалар КНСти эсепке алуу менен ССти эсепке албастан көрсөтүлгөн.


Сунушталган кызматтар

  • Астрология

    кызматы

  • SmartBook

    кызматы

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы