Перейти на новый сайт

«MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

Көңүл бургула, бул архивдеги акция
  • Сүрөттөлүшү

Смартфон, ноутбук, планшет – бардыгына интернет керекпи? Анда эмесе, MegaCom 4G Wi-Fi роутери Сиз үчүн мыкты чечим!

MegaCom активдүү интернет-колдонуучуларын жагымдуу бонустары менен кубандырып келет. Эми 4G Wi-Fi роутерин сатып алууда сизге 90 күн Интернет белекке берилет!

Ыңгайлуу сунушту колдон чыгарбаңыз! MegaCom компаниясынын 4G LTE түйүнүнүн каптоо аймагында жайгашкан Сатуу жана тейлөө борборунун же Фирмалык салондорунун бирине кайрылып, 4G Wi-Fi роутеринин ээси болуңуз. Сизге Чектөөсүз 4G тарифтик планынын алкагында 90 күн интернет белекке берилет. Ошентип интернет үчүн абоненттик төлөм жүргүзүүдө сиз 3 870 сом үнөмдөп калсаңыз болот.

  • 91-күндөн тарта Чектөөсүз 4G тарифтик планынын стандарттык шарттары ишке киргизилип, аларга ылайык абоненттик төлөм 30 күнгө 1 290 сомду түзөт.
  • Чектөөсүз 4G тарифине акция боюнча кошулууда тарифти алмаштыруу мүмкүн эмес.
  • 4G Wi-Fi роутерин сатып алуу үчүн жаныңызда инсандыгыңызды тастыктаган документиңиздин болуусу зарыл.
  • 4G Wi-Fi роутерин кайра кайтаруу жана алмаштыруу кепилдик учурда мүмкүн.
  • Акциянын аракет мөөнөтү - 31.12.2019-ж. чейин (кошо алганда).
  • Сунуш чектелген, жакын жерде жайгашкан Сатуу жана тейлөө бороборунда же Фирмалык салондо түзмөктүн бар экендигин *500 номуру аркылуу билсеңиз болот.
  • 4G Wi-Fi роутеринин наркы  - 3100 сом (салыктарды эсепке алуу менен).
  • Акция алкагындагы Чектөөсүз 4G тарифтик планы менен SIM-карта комплектидеги түзмөк менен бирге колдонгондо гана туура иштейт.

Мобилдик 4G Wi-Fi роутери  сырткы түзүлүшү  тыкан жана колдонуу үчүн ыңгайлуу. Аталган роутер 15 метрге чейинки радиустагы Wi-Fi түйүнүн түзүүгө жана бир убакта 10го чейинки  Wi-Fi түзмөктү (смартфондор, планшеттер, компьютерлер, телевизорлор ж.б.) кошууга жөндөмдүү. Роутер  автономдуу иштейт, 6 саатка чейин заряддоону талап кылбагандыктан, интернет менен узак сапарларда, көчөдө, автоунаада  колдоно аласыз. Бул моделдин мобилдик түзмөк үчүн өзгөчө актуалдуу болгон башкы артыкчылыктары — кандай гана шартта болбосун ылдам жана ишенимдүү туташуу. Huawei HiLink (Android же iOS үчүн) колдонмосунун жардамы менен түзмөктүн тууралоосун мобилдик телефонуңуздун  экранынан Wi-Fi боюнча башкаруу мүмкүн .

Параметри Мүнөздөмөлөрү

Модели

E5573

Түйүн

4G: LTE cat4 –  150 Мбит/сек. чейин;

3G: UMTS, DC-HSPA+ -  42 Мбит/сек. чейин;

2G: GPRS, EDGE –  236,8 Кбит/сек. чейин;

SMS алуу/жөнөтүү;

USSD колдоо;

4G диапазону: FDD Band 1 (2100 МГц), FDD Band 3(1800 МГц) жана FDD Band 20 (800 МГц).

Интернет түйүнүнө кошулуу үчүн конфигурациялык параметрлер түзмөктө алдын ала орнотулган, роутер мобилдик түйүнү боюнча Интернетке автоматтык түрдө кошулат

Кубаттандыруу

1500 мАч, Li-ion;

Иштөө убактысы LTE режиминде 6 саатка  жана күтүү режиминде  300 саатка чейин.

Wi-Fi жетки түйүнүнүн мүнөздөмөсү

IEEE 802.11 b/g/n

Wi-Fi жыштыгынын диапазону  :  2,4 ГГц/ 5 ГГц

Антенна

Ички антенна;

MIMO колдоосу менен TS-9 тышкы антеннасына туташтыргыч

Wi-Fi репитер функциясын колдоо

Бар

Wi-Fi камтыган радиус

15 метрге чейин

Кошууга мүмкүн боло турган Wi-Fi түзмөктөр

10го чейин

Маалыматты коргоо

WEP, WPA-PSK, WPA-PSK2, TKIP, AES.

Өлчөмү

96,8 х 57 х 12,8 мм.

Салмагы

76 г.

Корпустун түсү

Ак

Операциялык системаларды колдоо

Windows (XP, Vista, 7/8/8.1/10);

Mac OS (10.7 жаңылоолору менен).

ПК үчүн драйверлерди автоматтык түрдө орнотуу

Бар

Интерфейс

Micro USB 2.0 (В түрү)

Түйүн сигналынын индикатору

Жашыл – Күчтүү сигнал;

Кызгылт сары – Начар сигнал;

Кызыл –  сигнал жок.

Батареянын индикатору

Жашыл– Батарея заряддалды;

Жашыл болуп бүлбүлдөсө – Батарея заряддалып жатат;

Кызыл – Батареянын заряды түгөндү.

Түзмөктүн  себили (комплект)

4G Wi-Fi роутер E5573;

ПКга туташтыруу үчүн маалымат өткөрүү кабели жана кубаттандыргыч;

Пайдалануу жана тууралоо боюнча кыскача колдонмо;

Коопсуздук техникасы боюнча колдонмо;

Кепилдик талон.

Кепилдик

3 ай.

Чектөөсүз 4G Wi-Fi Router» тарифтик планына  алгачкы жолу кошулган учурдан тарта абонентке алгачкы 90 күн абоненттик төлөмсүз триал мөөнөт берилет. Триал мөөнөттүн ичинде аталган тарифтик план боюнча топтом  компаниянын Сатуу жана тейлөө борборлорунан жана Фирмалык салондорунан сатып алууга мүмкүн болгон (ушул SIM-карталары менен) түзмөктөрдө гана иштейт. Чектөө өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин MegaCom компаниясынын Сатуу жана тейлөө борборлорунда жана Фирмалык салондорунда аракетте болот.


Сунушталган кызматтар

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы

  • Роумингдеги абоненттер үчүн маалымат

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы