«GPRS жана 3G роуминг»

Роумингде болгон кезде, мобилдик Интернет менен колдонуу мүмкүнчүлүгү

Сиз роумингде болгон учурда мобилдик Интернет менен колдонууга мүмкүнчүлүгү каралган

тарифтөөсү роумингде болгон өлкөгө ылайык.
  • Сүрөттөлүшү
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Дүйнө жүзүндө саякаттоо учурунда, мобилдик Интернет жеткиликтүү болот

«GPRS/3G роуминг» кызматы MegaCom абоненттерине, чет өлкөлөрдө жүргөндө өз номурду алмаштырбастан, кийин төлөө системасы боюнча интернеттен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Кызматты кошуу үчүн чет өлкөгө саякат жасаганга чейин компаниянын Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна (Тейлөө борборлорунун даректери бул жерден таанышууга болот) кайрылып, кызматтын шарттары менен таанышып, «GPRS/3G роуминг» кызматын кошуу арызына кол коюу жана балансты 1000 сомдон (өчүү чеги) кем эмес суммага толуктоо зарыл. Кызматты кошуу арызын бул жерден жүктөп алууга мүмкүн.

Абоненттер «GPRS/3G роуминг» кызматы аркылуу төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана алышат:

  • WAP/WEB аркылуу интернетке чыгуу
  • MMS жөнөтүү жана кабыл алуу
  • балансты толуктоо мүмкүнчүлүгү

«GPRS/3G роуминг» кызматынан пайдаланууда мобилдик аппаратта «талап боюнча топтомдук кошулуу/пакетное подключение по требованию/when needed» (аталышы аппараттын моделине жараша башкача болушу мүмкүн) шартын тескөө жана жетки чекиттеринин аталыштарын өзгөртүү зарыл: 

Кызмат Үй түйүнүндө болгон учурда Роумингде болгон учурда
 «Мобилдик Интернет»   internet  internet.kg
 «WAP»  wap1  wap1.kg
 «MMS»  mms1  mms1.kg

 

«GPRS/3G роуминг» кызматынын тарифтери боюнча маалыматты бул жерден жүктөп алууга болот
«GPRS/3G роуминг» кызматы боюнча өлкөлөрдүн тизмесин бул жерден жүктөп алууга болот

Абоненттеринин ыңгайлуулугу үчүн, MegaCom компаниясы «GPRS/3G роуминг» кызматын кошууда нускама жана байланыш номуру менен  SMS маалымдама жөнөтөт жана ал аркылуу кызмат тууралуу маалымат алууга болот. Байланыш номуруна чалуу MegaCom түйүнүндө акысыз.

Өчүү чегине жетип «GPRS/3G роуминг»  кызматы өчүп калганда, балансты толуктоодон кийин маалымдоо кайрадан келе баштайт.

«GPRS/3G роуминг»  кызматынан пайдаланууда, роумингдик эсептөөлөр абонент SMS, Интернет сессияларды, чалууларды аткарган жана кабыл алган күндөн тарта 1ден 65 календардык күнгө чейин конок (абонент роуминг кызматтарынан пайдаланган жергиликтүү байланыш оператору) оператор тарабынан Абоненттин эсебине киргизилет.

«Soft Bank» Japan (Жапония) операторунун тармагындагы GSM/3G роуминг 3G (UMTS) режимин колдогон мобилдик телефондор үчүн жеткиликтүү.

Кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан аймактарында, Сиздин телефон чет өлкөлүк оператордун каптоо аймагына кирип, ал оператордун тармагында автоматтык түрдө катталышы мүмкүн. «GPRS/3G роуминг» кызматына автоматтык түрдө катталып калуунун жана тарифтөөнүн алдын алуу үчүн роумингден Кыргызстанга кайтканда компаниянын Абоненттерди тейлөө борборуна кайрылып, кызматты өчүрүп коюуну сунуштайбыз.

Сизде роумингдин иштебей калуусуна уюлдук телефонуңуз себеп болушу мүмкүн (мисалы, эскирген, программалык камсыздоосу алмаштырылган жана сертификациядан өтпөгөн уюлдук аппараттарды колдонууда, конок түйүнү жана аппарат колдогон жыштыктар дал келбегенде). SIM-картаңызды башка аппаратка салып көргөн учурда, көйгөй чечилиши мүмкүн.

Роумингде жүрүп бир чет өлкөдөн башка чет өлкөгө барган учурда, конок тармагында катталуу үчүн телефонду өчүрүп кайра жандыруу зарыл.

Роумингге жөнөп жаткан учурда, телефондогу «Тармактын тескөөлөрүн» өзгөртүү сунушталат: Тармактын түрү-> «Кош режим, UMTS, GSM»тизмесинен «GSM» тандоо зарыл.

Туура эмес тарифтөөнүн алдын алуу үчүн,  роумингге чыгаар алдында кайра даректөө базасында иштеген бардык кызматтарды, жана да телефон аппаратындагы  кол түрүндөгү кайра даректөөнү өчүрүү сунушталат.

«GPRS/3G роуминг» кызматынын сапаты уюлдук байланыш радио толкундарынын таратууда табигый ландшафттык жана техникалык шарттарга жараша же имараттардын жанында, туннелдерде, жер төлөлөрдө жана башка жер астындагы имараттарда жергиликтүү рельефтик жана курулуш өзгөчөлүктөрүнө, метеорологиялык шарттарга жана башка себептерге байланыштуу начарлашы же үзүлүшү мүмкүн.


Сунушталган кызматтар

  • «My Info»

    кызматы

  • «MegaComдон SMS-жөнөтмө»

    кызматы

  • «Балдар кайда?»

    кызматы

  • «4 тил»

    кызматы