Перейти на новый сайт

Уюлдук байланыштын сапатына таасир көрсөтүүчү объективдүү себептер

«Объективдүү себептер»

1. Өлкөбүздүн татаал табигый шарттары. Бийик тоолуу аймактарда радиотолкундарды жайылтууда тоскоолдуктар келип чыгып жана базалык станциялардын тейлөө радиусу кыскарат. Мындай жагдай өз кезегинде үн жана маалымат берүү кызматтарына жолтоо болот.

Камтуу аймагын кеңейтүү жана байланыш сапатын жакшыртуу үчүн MegaCom уюлдук операторунун базалык станциялары бийик тоолорго жана дөңсө жерлерге орнотулат. Мисалга алсак, быйыл оператордун антенналары биринчи жолу деңиз деңгээлинен 4 200 метр бийиктикте коюлду. Айта кетчү нерсе, бийик тоолуу жергебиздин алыскы аймактарынын тургундары да четте калбастан, электрөткөргүч жабдууларды орнотуу жана аны кайтарууга көмөк көрсөтүп келүүдө.

2. Электр энергиясынын өчүрүлүшү. Калктуу конуштарда электр энергиясынын тез-тез өчүрүлүшү базалык станциялардын ишине өз таасирин тийгизип, коңшу жайгашкан базалык станцияларда жүктөмдүн жогору болушуна алып келет жана үн чалууларына кедергисин тийгизет.

Электр энергиясы өчүрүлгөн убакта байланышты үзгүлтүккө учуратпоо үчүн компания электр энергиясын аз сарптаган заманбап базалык станцияларды орнотуп, иштөө мөөнөтү аяктаган аккумулятордук батареяларды алмаштырып, негизги жана тоомдуу базалык станцияларда ДГОлорду (дизелдик генератордук орнотмо) орнотууну да колго алып келүүдө.

3. Катуу металлдар түрүндөгү тоскоолдуктар, имараттар, тоолор байланышты үзгүлтүккө учуратат. Мобилдик байланыш радиожыштык электромагниттик толкунун пайда кылат. Катуу материалдар түрүндөгү: цемент, бетон, жыгачтын сөңгөгү сыяктуу тоскоолдуктардан өтүүдө толкундун жок болуп кетиши, базалык станциялардын иштөөсүнө күч келтирип же байланыштын жоголуп кетүүсүнө алып келет.

Тармактын сыйымдуулугун арттырып туруу менен бул маселени чечип, камтуу аймагын кеңейтип жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатып турууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. 2013-жылдын башынан тарта уюлдук оператор тарабынан 250дөн ашуун базалык станция ишке киргизилген.

 

Мифтер

1. MegaCom базалык станциялары зыяндуу жана коркунучтуу

Ден соолукка зыян. Калк жайгашкан аймактарда мобилдик байланыш сигналын кабыл алууну жакшыртуу үчүн базалык станцияларды орнотуу өтүнүчү менен кайрылуулар жергиликтүү калк тарабынан байма-бай келет. Ушул эле учурда, кээ бир аймактардын тургундары базалык станциялардын ден соолукка зыяндуулугунан кооптонгонун билдирип келишет.

Жаңы антенна мачталык курулмаларды орнотууда, компаниянын техникалык адистери радиотехникалык объектилерден таралып жаткан электромагниттик талаанын параметрлерин өлчөп турууну туруктуу негизде көзөмөлгө алышат.

MegaCom базалык станциялары зыянсыз жана коопсуз. Компания радиотолкундарды өткөрүүчү жабдууларын ишке киргизүүдө электромагниттик нурлануу деңгээлинин санитардык нормаларга шайкеш келүүсүн эске алат.

2. Базалык станциялардын башка өткөргүч түзмөктөргө тийгизген таасири

Базалык станцияларды орнотуу МВ, ДМВ диапазондорундагы телеканалдардын сигналдарынын деңгээлин төмөндөтөт деп эсептеген кээ бир замандаштарыбыз базалык станциялар орнотула турган аймактардын айыл өкмөттөрүнө даттануу менен кайрылышууда.

Сөзүбүз кургак болбосун үчүн, Токмок шаарындагы мобилдик сигналдын деңгээлинин төмөндөшү жергиликтүү калктын даттанууларынын негизинде базалык станциялардын кубаттуулугун азайтууга жана кээ бирлерин өчүрүүгө туура келгендиктен келип чыккандыгын айта кетели. Себеби, жергиликтүү тургундар телеканалдардын сигналдарынын төмөнкү деңгээлде болушу базалык станцияларга байланыштуу деген пикирде болушкан. Аталган аймактагы жагдайды талдаган жана ага реалдуу баа беришкен КРдин Мамлекеттик байланыш агенттигинин адистеринин изилдөөсүнүн жыйынтыгы Токмок шаарынын аймагындагы телекөрсөтүүнүн сапатынын начардыгы телеканалдардын талаасынын чыңалуусунун төмөндүгүнө байланыштуу экендигин, б.а. базалык станциялардын бул кырдаалга эч кандай тиешеси жоктугун көрсөттү.

КРдин саламаттыкты сактоо Министрлигинин Мамлекеттик эпидемиялык көзөмөл департаментинин бүтүмүнө ылайык, базалык станциялар адамдын ден соолугуна жана да телеберүүлөрдүн сапатына таасирин тийгизбейт.

3. Кытай өлкөсүнүн сапатсыз жабдууларын колдонуу

Кытай өлкөсүнүн сапатсыз жабдуулары менен пайдалануу тууралуу эл арасында айтылган кептер кезектеги миф. КЭРдин ZTE жана Huawei Technologies Co мамлекеттик концерндери дүйнөлүк телекоммуникация тармагында камчы салдырбай келет. Бул өндүрүүчүлөр тарабынан чыгарылган мобилдик телефондор, жабдуулар, программалык камсыздоолор кардарлардын мүдөөсүнө төп келет жана бүгүнкү күндө байланыш ишканаларын жана телекоммуникациялык кызматтардын операторлорун жогорку деңгээлде тейлеп келишет.

AT&T, British Telecom, MegaFon, France Telecom, Etisalat сыяктуу дүйнөдөгү ири уюлдук компаниялар ZTE компаниясынын кардарларынын катарын толуктайт. ZTE тарабынан өндүрүлгөн жабдууларды дүйнөнүн 100 ири операторлорунун ичинен 61 оператор колдонот. Сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн MegaCom уюлдук оператору телекоммуникация тармагында адистешкен жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн ири компанияларынын жабдууларын колдонуп келет.