Перейти на новый сайт

«Онлайн-жардамчы»

Тейлөөгө байланыштуу каалаган суроолорго «Онлайн-жардамчы» кызматынын жардамы менен  биздин сайттан реалдуу убакыт режиминде жооп алууга мүмкүн.

Ыңгайлуу сервис убактыңызды үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт жана зарыл болгон маалыматты оңой табууну шарттайт, б.а. кеңешчи-адис менен интерактивдүү баарлаша аласыз. Сиз тейлөө, тарифтик пландар,кызматтар боюнча өзүңүздү кызыктырган  суроолорду берип, жана да  MegaCom түйүнүнүн каптоо аймагы жана техникалык өнүгүүсү тууралуу так маалымат алсаңыз болот. Сервис жөнөкөй жана түшүнүүгө оңой интерфейси менен айырмаланат.

Аптанын кайсы гана  күнү болбосун, жана да кайсы жерде жүрбөңүз,  «Онлайн-жардамчы» сервисинен колдоно аласыз. Биздин  расмий сайтыбыздын каалаган баракчасынын төмөнкү оң жак бурчунан  чаттын терезечесин көрөсүз, ал жерден өз сурооңузду бериңиз жана  күнү-түнү дебестен каалаган учурда  жооп алыңыз.

Биз Сиздерге кубануу менен жардам беребиз!