Перейти на новый сайт

«Сен кайдасың?» корпоратив

Кызматкерлериңиздин жайгашкан жерин билип туруңуз

Сиздин кызматкерлериңиздин жүргөн жерин текшерүү (алгачкы 50 бонустук сурам)

0.0 сом.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

«Сен кайдасың?» кызматы аркылуу, Сиз кызматкерлериңиздин кайсы жерде жүргөнүн ар дайым билип, Кыргызстандын электрондук картасынан көрө аласыз

Аталган кызмат компаниялардын мобилдик персоналынын: чабармандарынын (курьер), супервайзерлеринин, текшерүүчүлөрүнүн, айдоочуларынын, соода өкүлдөрүнүн, экспедиторлорунун натыйжалуу иштөөсүн уюштуруу максатында атайын иштелип чыккан. Кызмат аркылуу кызматкерлердин жүргөн жерин аныктап жана алардын иш-аракеттерин ыкчам координациялоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

 

Айлык абоненттик төлөм (Кызмат кошулгандан тарта тескөөчүдө, супервайзерде жана да таргет-абонентте эсептелет, корпоративдик топтун негизги өздүк эсебинен аванс түрүндө алынат)

100.0
сом.

Тескөөчүнү алмаштыруу (деталдоодо бул иш-аракет абоненттик төлөмдү эсептен чыгаруу катары чагылдырылат)

100.0
сом.

Демилгечи –абонент үчүн интернет-трафик (Интернет-трафик абонент-алуучунун жүргөн жерин картада чагылдырган гипершилтемени ачкан учурда пайдаланылат)

Демилгечи –абоненттин тарифтик планынын шарттарына ылайык.

Жүргөн жерин аныктоо үчүн бир сурамдын наркы (Ай сайын алгачкы 50 сурам АКЫСЫЗ)

5.0
сом.

Куратор тарабынан супервайзерге кызматты кошуу

50.0
сом.

Тескөөчүнүн (куратор)  супервайзерге кызматты кошуусу

 

 

*988*1*супервайзердин номуру#

Тескөөчүнүн супервайзердеги кызматты өчүрүүсү

*988*0*супервайзердин номуру#

Супервайзердин таргет-абоненттин жүргөн жерин аныктоосу

*988*055Axxxxxx#

Абонент-демилгечинин өзүнүн жүргөн жерин аныктоосу

*988*3#

Супервайзердин таргет-абонентке кызматты кошуусу

*988*2*абонент-алуучунун номуру#

Супервайзердин таргет-абоненттеги кызматты өчүрүүсү

*988*3*абонент-алуучунун номуру#

Тескөөчү жана супервайзер тарабынан кызматтын статусун текшерүү

*988#

Куратордун топтогу супервайзерлердин санын текшерүүсү

*988*8#

Супервайзер тарабынан таргет-абоненттердин санын текшерүүсү

*988*9#

Кызмат боюнча кыскача маалымат

*988*00#

Буйруулар боюнча кыскача маалымат

*988*7#

Акысыз сурамдарды текшерүү (таргет-абоненттердин жүргөн жерин аныктоо укугуна ээ болгон демилгечи-абоненттер үчүн жеткиликтүү)

*988*6#

Корпоративдик топтун катышуучулары гана пайдалана алышат.

Абоненттин жүргөн жерин текшерүү бир корпоративдик топтун алкагында гана ишке ашырылат.

Абоненттик төлөм кызматты колдонуунун интенсивдүүлүгүнөн көзкарандысыз алынат.

Таргет-абонент корпоративдик топтон чыккан учурда, ал супервайзер тарабынан кызматтан өчүрүлгөн болушу зарыл.

Супервайзер корпоративдик топтон чыккан учурда , ал тескөөчү тарабынан кызматтан өчүрүлгөн болушу зарыл.

Тескөөчү корпоративдик топтон чыккан учурда жаңы тескөөчүнү аныктап жана кошуу зарыл, болбосо кызмат көрсөтүлбөйт. Тескөөчүнү алмаштырууда кызматтын алкагында корпоративдик топтун ичиндеги кызматтын параметрлери жана бардык байланыштар сакталып калат.

Эгерде абонентте Интернет менен арзандатылган нарк менен колдонууга мүмкүнчүлүк түзгөн кызматтар же тарифтик опциялар кошулган болсо, интернет-трафик аракеттеги опциялардын жана топтомдордун шарттарына ылайык тарифтелет (алардын орчундуу артыкчылыктарын эсепке алуу менен).

«Сен кайдасың?» жана корпоративдик кардарлар үчүн «Сен кайдасың?» кызматтарын бир эле убакта колдонууга болот.

Абонент-алуучунун телефону тармактын каптоо аймагынан тышкары болуп же өчүрүлгөн абалда болсо, демилгечи-абонент абонент-алуучунун акыркы белгилүү болгон координаттары (анын телефон аппараты акыркы жолу жандырылган учур)тууралуу маалымат ала алат.

Абонент-алуучунун жүргөн жерин аныктоонун тактыгы шаарларда — 200дөн 700 метрге чейин, айыл-кыштактарда — 250 метрден 3 километрге чейин , трассаларда — 1 километрден 25 километрге чейин (калктуу конуштар жок жерде).

Кызмат роумингдеги MegaCom абоненттерине көрсөтүлбөйт. Абонент-алуучу роумингде болгон учурда , система абонент-демилгечиге абонент-алуучунун кайсы өлкөдө жүргөндүгү тууралуу маалымдайт.

Баалар КНСти жана ССти эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.


Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы