Перейти на новый сайт

Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

Бөлүнгөн интернет канал аркылуу байланыш – бул жөнөкөй жана ыңгайлуу!
  • Сүрөттөлүшү
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Мегакомдон «Бөлүнгөн канал аркылуу Интернет» кызматы:

  • Маалымат жиберүүнүн кепилденген ылдамдыгы, жана да туруктуу жана коопсуз туташуу;
  •  Web-сайттар менен ыңгайлуу иштөө, чоң көлөмдөгү файлдарды жана документтерди ылдам жөнөтүү, интерактивдүү тиркемелерди толук кандуу пайдалануу, жумуш процесстеринин эффективдүүлүгүн арттыруу максатында бир нече филиалдардын ортосундагы байланышты камсыздоо, видео-конференцияларды уюштуруу  ж.б. ишке ашыруу үчүн ылдам кошулуу;
  • Туруктуу жана корголгон туташуу.

«Бөлүнгөн канал аркылуу Интернет» кызматы – бул сапат, ишенимдүүлүк  жана ишкердигиңиздин  жогорку деңгээлде корголушу.  Туруктуу интернеттин бөлүнгөн каналы – жиберилүүчү маалыматтардын жогорку деңгээлде корголушу жана жогорку ылдамдыктардын кепилдиги.

MegaComдун кабелдик  Интернет тармагына кошулуу  сиздин Уюмдан MegaCom магистралдык тармагынын  жакын жердеги  түйүнүнө чейин   бөлүнгөн  канал аркылуу ишке ашырылат.  

«Бөлүнгөн канал аркылуу Интернет» кызматы боюнча байланышты камсыздоо маселелерин чечүүдө биз ар бир кардарга жекече мамиле кылабыз. Каналдын Сиздин Компанияга зарыл болгон  оптималдуу кеңдигине ылайык ыңгайлуу тарифтөөнү иштеп чыгуу жана сунуштоо.

Толугураак маалымат алуу үчүн, өзүңүздүн корпоративдик тобуңуздун  кураторуна же  Корпоративдик жана VIP кардарлар менен иш алып баруу бөлүмүнө кайрылсаңыз болот.   «Бөлүнгөн канал аркылуу Интернет» кызматы боюнча байланышты уюштурууда корпоративдик кардарга төмөнкү  жумуштардын жана кызматтардын түрлөрү жеткиликтүү болот :

  • Түйүндү куруу -  Техникалык тапшырманы иштеп чыгуудан баштап ишке киргизгенге чейин;
  • Кардардын мүдөөсүнө ылайык жеке тарифтөө;
  • IP даректерди берүү;

 Кардарды 24/7 форматы  боюнча  күнү-түнү сервистик тейлөө.

«Бөлүнгөн канал аркылуу Интернет» кызматын көрсөтүү жана  уюштуруу наркы ар бир кардар үчүн бизнес-кейс түзүү жолу менен  жекече  түрдө ишке ашырылат.

Байланыш:

тел.:  +996 312 905 225
факс: +996 312 905 238
моб.: +996 555 505 018
          +996 555 505 071
          +996 555 505 008

Эрежелер жана чектөөлөр корпоративдик кардар менен жеке форматта макулдашылат.


Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы