Перейти на новый сайт


Пауза

«Пауза» кызматы аркылуу, номуру жоголуп кеткен учурда же узак убакытка сакталышын камсыздоо максатында, абонент номурун өз каалоосу менен бөгөттөй алат

Абоненттик төлөм, айына

30.0 сом.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Эгерде Сиз келишимдик абонент болсоңуз, анда номуруңузду сактоо үчүн «Пауза» кызматын кошуу жетиштүү (абон.төлөм – 30 сом/айына).

Кызматты кошуу үчүн номурду, номур катталган абоненттин аты-жөнүн жана жашырын сөздү камтыган табыштама калтыруу керек. Ал эми Сизде жашырын сөз жок болгон  учурда, паспорттук маалыматты: сериясын, номурун, берилген күнүн жана берген мекемени; эгерде келишим инсандыгын аныктоочу башка документтин негизинде түзүлгөн болсо, документтин түрүн, номурун, берилген күнүн жана берген мекемени көрсөтүү керек.

Кызматты кошууда эсепте 5 сомдон кем эмес каражат болушу зарыл. Айлык абоненттик төлөмү – 30 сом. Абоненттик төлөм күн сайын  айдын календардык күндөрүнө пропорционалдуу  алынат. Баланста каражат калбай калган учурда, кызмат автоматтык түрдө өчүрүлөт. Кызматты кайрадан кошуу үчүн абонент балансын өчүрүү чегинен жогору болгон суммага толукташ керек.

 «Пауза» кызматы аракетте болгон учурда абонент өз номурунан: чалууларды аткаруу,  чалууларды кабыл алуу, SMS жөнөтүү сыяктуу кызматтардан пайдалана албайт жана Интернеттен колдоно албайт.  

«Пауза» кызматы активдүү болгон учурда  чалуу аткарууну каалаган абонент автомаалымдагычтын: "Аталган кызмат жеткиликтүү эмес" деген жообун угат.

Кызматты кошууда эсепте 5 сомдон кем эмес каражат болуусу керек.

Кошуу

0.0
сом.

Абоненттик төлөм, айына

30.0
сом.

Кошуу чеги

5.0
сом.

Кызматынын статусун текшерүү

0.0
сом.

Кызматты кошуу

*310*1#

Кызматынын статусун текшерүү

*310#

Кызматты өчүрүү жолдору:


Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы