Перейти на новый сайт


«Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг»

Роумингде мобилдик Интернет кийин төлөө аркулуу колдонуу мүмкүнчүлүгү
  • Сүрөттөлүшү
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Дүйнө жүзүндө саякаттоо учурунда, мобилдик Интернет жеткиликтүү болот

«Кийин төлөнүүчү Интернет-роуминг» кызматы MEGA абоненттерине, чет өлкөлөрдө жүргөндө өз номурду алмаштырбастан, кийин төлөө системасы боюнча 2G/ 3G/ 4G интернеттен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Кызматты кошуу үчүн чет өлкөгө саякат жасаганга чейин компаниянын Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна (Тейлөө борборлорунун даректери бул жерден таанышууга болот) кайрылып, кызматтын шарттары менен таанышып, «Кийин төлөнүүчү Интернет-роуминг» кызматын кошуу арызына кол коюу жана балансты 1000 сомдон (өчүү чеги) кем эмес суммага толуктоо зарыл. Кызматты кошуу арызын бул жерден жүктөп алууга мүмкүн.

«Кийин төлөнүүчү Интернет-роуминг» кызматы менен колдонууда, мобилдик аппараттын тууралоосунан «Передача данных в роуминге» (телефондун операциалык системасына жараша аталышында айырмачылык болушу мүмкүн) шартын тандоо жана конок түйүнүнүн түрүнө: 2G/3G/4G көз карандысыз internet жетки чекити аркулуу (APN: internet) колдонуу зарыл:

Кызмат Үй түйүнүндө болгон учурда Роумингде болгон учурда
 «Мобилдик Интернет»   internet  internet
 «Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг» кызматы боюнча өлкөлөрдүн тизмесин жана кызматынын тарифтери боюнча маалыматты бул жерден жүктөп алууга болот  

Интернет-сессиянын тегеректөө кадамы 10 KB (1 MB 1024 KB-ны камтыйт), кызматты internet жетки чекити аркылуу (APN: internet) роумингде пайдаланыш зарыл.

Абоненттеринин ыңгайлуулугу үчүн, MEGA компаниясы «Кийин төлөнүүчү Интернет-роуминг» кызматын кошууда нускама жана байланыш номуру менен  SMS маалымдама жөнөтөт жана ал аркылуу кызмат тууралуу маалымат алууга болот. Байланыш номуруна чалуу MEGA түйүнүндө акысыз.

Өчүү чегине жетип «Кийин төлөнүүчү Интернет-роуминг» кызматы өчүп калганда, балансты толуктоодон кийин маалымдоо кайрадан келе баштайт.

«Кийин төлөнүүчү Интернет-роуминг»  кызматынан пайдаланууда, роумингдик эсептөөлөр абонент SMS, Интернет сессияларды, чалууларды аткарган жана кабыл алган күндөн тарта 1ден 65 календардык күнгө чейин конок (абонент роуминг кызматтарынан пайдаланган жергиликтүү байланыш оператору) оператор тарабынан Абоненттин эсебине киргизилет.

Роуминг кызматы eSIM форматтагы SIM-карта менен 3G жана 4G тармактарында жеткиликтүү. 3G/ 4G түйүндөрүндө ийгиликтүү катталуу үчүн телефондо тиешелүү тескөөлөрдү коюу керек. 2G роуминг түйүндөрүндө eSIM SIM-карталарын каттоо мүмкүн эмес.

Кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан аймактарында, Сиздин телефон чет өлкөлүк оператордун каптоо аймагына кирип, ал оператордун тармагында автоматтык түрдө катталышы мүмкүн. «Кийин төлөнүүчү Интернет-роуминг» кызматына автоматтык түрдө катталып калуунун жана тарифтөөнүн алдын алуу үчүн роумингден Кыргызстанга кайтканда Сиздин мобилдик телефондун тууралоосунан «Передача данных в роуминге» (Android/iOS телефондун операциалык системасына жараша аталышында айырмачылык болушу мүмкүн) шартын өчүрүлүшү зарыл же компаниянын Абоненттерди тейлөө борборуна кайрылып, кызматты убактылуу өчүрүп коюуну сунуштайбыз.

Сизде роумингдин иштебей калуусуна уюлдук телефонуңуз себеп болушу мүмкүн (мисалы, эскирген, программалык камсыздоосу алмаштырылган жана сертификациядан өтпөгөн уюлдук аппараттарды колдонууда, конок түйүнү жана аппарат колдогон жыштыктар дал келбегенде, «Передача данных в роуминге» шартынын өчүрүлгөн абалы, телефондун тууралоосу 4G гана тармагында, жана башкалар). Тууралоолорду жаныртып же SIM-картаңызды башка аппаратка салып көргөн учурда, көйгөй чечилиши мүмкүн. Телефонуңуздун конок түйүнүнүн жыштыктар диапазонунда иштөө жөндөмүн текшерүү зарылчылыгы болгондо, roaminghelp@megacom.kg электрондук дарегине кайрылуу боюнча маалымат алуу мүмкүн.

Роумингде жүрүп бир чет өлкөдөн башка чет өлкөгө барган учурда, конок тармагында катталуу үчүн телефонду өчүрүп кайра жандыруу зарыл.

Туура эмес тарифтөөнүн алдын алуу үчүн,  роумингге чыгаар алдында кайра даректөө базасында иштеген бардык кызматтарды, жана да телефон аппаратындагы  кол түрүндөгү кайра даректөөнү өчүрүү сунушталат.

«Кийин төлөнүүчү Интернет-роуминг» кызматынын сапаты уюлдук байланыш радио толкундарынын таратууда табигый ландшафттык жана техникалык шарттарга жараша же имараттардын жанында, туннелдерде, жер төлөлөрдө жана башка жер астындагы имараттарда жергиликтүү рельефтик жана курулуш өзгөчөлүктөрүнө, метеорологиялык шарттарга жана башка себептерге байланыштуу начарлашы же үзүлүшү мүмкүн.


Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы