Перейти на новый сайт

«Абадагы байланыш»

Учуу маалында да байланышта болуңуз

Кийин төлөнүүчү роуминг кызматы бир катар эл аралык авиакомпаниялардын аба кемелеринде

тарифтөөсү чалуунун багытына жараша.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Мобилдик интернет жана чалуулар эми учакта жеткиликтүү 

2013-жылдын 25-ноябрынан тарта, MegaCom абоненттери «Кийин төлөнүүчү роуминг» жана "Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг" кызматтары менен ири аба каттамдардын ичинен пайдалана алышат.

Ал үчүн, төмөнкү авиа компаниялардын учактарынын ичинен Aeromobile түйүнүн тандоо зарыл:

Кыргызстанга чыккан чалуу

100.0
сом.

Башка багыттар боюнча чыккан чалуу

100.0
сом.

Спутник тармактарына чыккан чалуулар

1200.0
сом.

Кирген чалуу

700.0
сом.

Чыккан SMS

40.0
сом.

1 МB интернет трафик үчүн (тегеректөө кадамы 50 KB)

40.0
сом.

50 KB интернет трафик үчүн

2.0
сом.

Сиз өзүңүздүн мобилдик телефонуңузду, учакта мобилдик телефондон коопсуз пайдаланууга шарт түзгөн «AeroMobile» тастыкталган атайын жабдуусу менен камсыздалган учактын ичинен пайдалана аласыз.

«AeroMobile» башка мобилдик түйүнү сыяктуу эле иштейт. Сиз өз телефондон же планшеттен роуминг кызматы кошулган шартта учактын ичинен пайдалана аласыз.

«AeroMobile» түйүнү, аба кемеси жер үстүнөн 6000 бийиктикке жеткен учурда жеткиликтүү болот. Ал эми телефонду жандырып, кызматтан пайдалана баштоого мүмкүн болгон убакытты тууралуу каттам коштоочулар жарыялайт. Түйүн крейсердик учуу мезгилинде бардык аймактарда жеткиликтүү болот, бирок учуп кетүү жана конуу маалында Сиздин телефон өчүрүлгөн болушу керек.

Телефонуңузду жандыруу маалында «учууда» режими өчүрүлгөн болушу керек экендигин унутпаңыз. Андан соң, роумингди жана data роумингди кошуу зарыл, абоненттин телефону автоматтык түрдө «AeroMobile» түйүнүнө кошулат. Телефондун моделине жараша түйүндүн аталышы «AeroMobile, AeroMob же 901 14» деп жазылат. Мындан кийин, Сиз «AeroMobile» түйүнүнөн тексттик саламдашуу билдирүүнү алып, жерде жүргөндөй эле электрондук почтаны текшерип, чалууларды аткара жана кабыл ала аласыз.

Туура эмес тарифтөөнүн алдын алуу үчүн,  роумингге чыгаар алдында кайра даректөө базасында иштеген бардык кызматтарды, жана да телефон аппаратындагы  кол түрүндөгү кайра даректөөнү өчүрүү сунушталат.

Учакка отуруунун алдында, учак ичинде «AeroMobile» түйүнүнүн бар экендиги тууралуу тейлөөчү персоналдан билүүгө болот.

Баалар КНС жана ССти эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.


Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы