Перейти на новый сайт

«Чексиз сүйүктүүлөр»

«Чексиз сүйүктүүлөр» акциясынын шарттары

Акциянын маңызы: акция учурунда «сүйүктүү номурлары» менен 750 мүнөттөн ашуун сүйлөшкөн абонент «сүйүктүү номурлар» менен сүйлөшүүгө 100% арзандатуу алат.
Акция 2008-жылдын 25-августунан 25-сентябрына чейин өтөрүлөт.

Акцияга «Сүйүктүү номур» тарифтик опциясынан пайдаланган MegaCom түйүнүнүн бардык абоненттери катыша алышат.

«Сүйүктүү номурлар» менен сүйлөшүүгө 100% арзандатуу алуу үчүн абонент 1,2 же 3 «сүйүктүү номур» коштуруп, (мурун коштурбаган болсо) акция учурунда алар менен 750 мүнөт сүйлөшүшү керек.

Акцияга катышу үчүн кошумча катталуунун кереги жок – «Сүйүктүү номур» тарифтик опциясынын активдүү пайдалануучу коммерциялык тарифтик пландарынын абоненттеринин бардыгы катыша алышат.

Акциянын жеңүүчүлөр SMS-билдирүү аркылуу сүйүнчүлөнөт. Жеңүүчүлөр «сүйүкүтүү номурлары» менен 25-сентябрдан баштап акысыз сүйлөшө алышат. Акысыз сүйлөшүүлөрдүн узактыгы 3 ай, б.а. 2008-жылдын 25-сентябрынан 25-декабрына чейин. 26-декабрдан баштап «сүйүктүү номурларга» чалууларга кайрадан базалык баа орнотулат, башкачай айтканда негизги тарифтен 50% арзандатылат.

Эскертүү: 
«Сүйүктүү номурду» коштуруу - *123#1#055Xхххххх#чалуу, бул жерде хххххх – тандалган абоненттин номуру;

«Сүйүктүү номур» тарифтик опциясында MegaCom (0 55X хххххх) түйүнүндө тейленген 3 номурду коштурса болот;

Сүйлөшүлгөн мүнөттөрдүн санын текшерүү - *123#5#звонок. Маалыматтар 1 күндө бир жолу жаңырып турат. Мисалы, абонент 5-сентябрда сурам жөнөтсө, ал 25-августан 4-сентябрга чейинки маалыматты алат.

Эскертүү:

* Акы төлөнүүчү мүнөттөр гана эсептелинет, «Түнкү сүйлөшүүлөр» тарифтик опциясынын алкагында «сүйүктүү номурга» жүргүзүлгөн акысыз чалуулар эсепке алынбайт. Акция боюнча мүнөттөрдү эсептөө 25-августта саат 00:00:00 башталып 24-сентябрда саат 23:59:59 аяктайт.

**Сүйлөшүүлөргө болгон 100% арзандатуу акция учурунда чалынган «сүйүктүү номурларга» гана таркалат. Акция аяктагандан кийин абонент «сүйүктүү» тизмесинен номурду алып салса, ошол номур менен болгон сүйлөшүүлөргө арзандатуу берилбейт.

*** Бир топтун ичинде «Сүйүктүү номурларга» жасалган чалуулар (корпоративдик топ, «5ти карма!») акция боюнча 750 мүнөттү топтоого катышпайт.